Салянованын иши Жогорку сотко жетти (видео)
Экс-депутат, мурдагы башкы прокурор жана юстиция министри Аида Салянованын иши Жогорку сотто каралууда.
Экс-депутат, мурдагы башкы прокурор жана юстиция министри Аида Салянованын иши Жогорку сотто каралууда.
Булар ымыркайлардан тартып, мектеп жашына чейинки балдар. Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитовдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, алардын ичинде туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдар да бар, бирок алардын так саны белгисиз. Ушул тапта Бишкектин четиндеги жаңы конуштарда жашаган документи жок адамдарды тиешелүү документ менен камсыз кылуу боюнча "Көрүнбөгөн адамдар" аттуу акция жүрүп жатат. Иш-чараны "Балдарды коргоо борбору" коомдук бирикмеси уюштурууда. Былтыр бул... Читать дальше...
Екатеринбург шаарынын башчысы Евгений Ройзман 22-майда кызматтан кетерин жарыялады. Буга облустук кеңештин мэрди түз эмес, парламент аркылуу шайлоо мыйзамын жактырышы түрткү болду. Мындай чечимди жергиликтүү парламент апрель айынын башында кабыл алган. Мурдараак “Настоящее время” каналына берген маегинде саясатчы шайлоо демократиялык түзүлүштүн негизи экенин жана “адилет шайлоо добуш берүүчүлөрдүн алдында жоопкерчиликти күчөтөрүн” айткан. Ройзман 2013-жылкы шайлоодо утуп алып, Екатеринбургдун башына келген. Читать дальше...
Кыргызстанда мэрди, айыл өкмөт башчысын түз шайлоо демилгеси көтөрүлүп жатат.
Жогорку соттун судьясы Галина Үмөталиеванын мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотулушун сунуш кылган президенттин көрсөтмөсүн Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети колдоду. Бул маалыматты Жогорку соттун басма сөз өкүлү Сюита Соурбаева "Азаттыкка" тастыктады: - Галина Үмөталиева өзүнүн арызы менен ден соолугуна байланыштуу кетти. Ал пенсияга чыгарына деле үч жыл калган экен. Галина Умөталиева мурдагы башкы... Читать дальше...
19-май күнү Орусиянын Түндүк Курил шаарында курулушта иштеген кыргызстандыктар иш таштаган. Буга алардын айлык акысын бир нече ай бою албаганы себеп болгон. Тышкы иштер министрлиги бул маселе боюнча Түндүк Курил шаарынын жетекчилиги менен байланышып, иш алып барууда. Шаар бийлигинин маалыматы боюнча, кыргызстандык курулушчулардын айлык акы маселеси бүгүнкү күнгө чейин чечиле элек. Бул ишти жөнгө салууга мэрия, жергиликтүү депутаттар, полиция, прокуратуранын жана иш берүүчү "СПИРО" компаниясынын өкүлдөрү катышкан атайын жыйын болгон. Читать дальше...
Нарын районунун Кара-Жылга айылындагы жүзгө жакын окуучу мектепке жетүү түйшүгүн тартып келишет. Алар үйүнөн 30 чакырымдай алыс коңшу Улакол айылындагы мектепке ата- энелери уюштурган кичи автобуска тыгылып араң барышат.
Бул 25-май - бүтүрүүчүлөр майрамына карата коопсуздук иштеринин алкагында ишке ашырылат. 22-майдан тартып Ош шаардык жана облустук жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо кызматы окуучуларга жана аларды ташыган айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзө баштады. Майрам күнү окуучулардын автоунаалардан турган кортежине тыюу салынды. Ош шаарында 76 орто мектеп бар. Он биринчи классты эки миңден ашуун, тогузунчу классты төрт миңден ашуун улан-кыз бүтүрүүдө. Мурдараак Билим берүү жана илим министрлиги "Акыркы... Читать дальше...
Индиянын Керала штатында тогуз киши Нипах вирусун жуктуруп алып жарыкчылык менен коштошту. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик кабарлады. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму маалымдагандай, бул өтө кооптуу вирус жана ага каршы азырынча вакцина жоктугуна байланыштуу аны жугузуп алгандардын жетимиш пайызы айыкпайт. Өлкөнүн түштүк-батышында дагы 25 киши Нипахтын белгилери менен ооруканага жаткырылды. Бул вирус дүйнөдөгү эң коркунучту он жугуштуу оорунун катарына кирет. Ал негизинен жарганаттардын жемиш менен азыктанган түрүнөн жугат. Читать дальше...
Кыргыз өкмөтү бир нече жылдан бери майып балалуу үй-бүлөлөрдүн энелерине баласын бакканы үчүн айлык акы төлөп беребиз деп убада кылып келет. Бирок маселе ушул убакка чейин чечилген жок.
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда бийликтин «эрке талтаңы» атыгып, жалаң майлуу кызматтарды жетектеген Кубаныбек Кулматов жакында бажы башчылыгынан алынган. Кызматтан кол жуугандан көп өтпөй, коррупцияга шектелип үйү тинтүүгө алынды. Учурда «Коррупция» боюнча кылмыш иши козголуп, Кыргызстандан эч жакка чыкпоо талабы менен УКМКга сурак берип жатат. Бирок мындай абалын Кулматов: «Коррупцияга илине турган эч кандай мыйзамсыз иштерди […]
Орусиянын Сахалин облусундагы Парамушир аралында жетимиштей мигрант иш таштады.
"Агропромсоцкурулуш" бирикмеси бийликти Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондундагы коррупциялык көрүнүштөргө көңүл бөлүүгө чакырды.
Кыргыз өкмөтүнүн башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев 22-майда «Centerra Gold Inc.» компаниясынын директору Скот Перри менен жолукту. Анда 2017-жылы 11-сентябрда кол коюлган Стратегиялык макулдашуу боюнча сөз болгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Өкмөт башчы "Центерранын" жетекчисине Кумтөр долбоору болгону үчүн «Centerra Gold Inc.» дүйнөдөгү ири кен иштетүүчү ишканалардын катарына кирип жатканын эскертти. - Өкмөт "Кумтөр" долбоорунун өлкөнүн экономикасындагы маанисин терең түшүнөт. Ошондой... Читать дальше...
Кайрылууда Динара Ошурахунова, Рита Карасартова, Азиза Абдирасулова баштаган укук коргоочулар Бишкек шаардык сотунун төрайымы Ирина Воронцованын Жогорку соттун судьялыгына талапкерлигин көргөзүп жатканына нааразы экендиги айтылат. Бул тууралуу "Азаттыкка" укук коргоочу Динара Ошурахунова билдирди. - Жогорку сотко өзүнүн талапкерлигин көрсөткөн соттор чыгып жатат. Анын ичинде саясий чечимдерди чыгарган соттор да бар экен. Ошондуктан биз кайрылуу жазып жатабыз. Воронцованы биз эчак эле билебиз.... Читать дальше...
Орусиялык режиссер Сергей Дворцевыйдын “Айка” тасмасы Орусияда төрөп, баласын таштай качкан кыргызстандык келиндин тагдырын баяндайт. Айканын ролун жараткан актриса Самал Еслямова Канн фестивалында “аялдын мыкты ролу” үчүн сыйлыгына татыды. Социалдык драма жөнүндө Сергей Дворцевый "Азаттыкка" маек курду.
Мындай маалыматты Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы таратты. Бирикменин басма сөз кызматы кабарлагандай, күйүүчү майдын баасы Орусиянын мунай базаларында баа көтөрүлгөндөн улам кымбаттап жатат. Маалыматка ылайык, май айында баа кескин көтөрүлүп кеткен. "Үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында Орусиянын мунай базарында баа акырындап көтөрүлүп отуруп, жалпысынан 6% кымбаттаган болсо, май айында эле 10% кымбаттап кетти" деп айтылат маалыматта. Орусиянын мунай базалары баанын өсүшүн дүйнөлүк... Читать дальше...
Ош шаарында алгач ирет өтүп жаткан «Жаш мугалим - 2018» сынагынын финалдык баскычы 23-май күнү Оштогу Улуттук драма театрында өткөрүлөт. Уюштуруучулар белгилегендей, жаш мугалимдерди шыктандыруу максатында өтүп жаткан сынактын мектептик баскычы окуу жылынын биринчи жарымында башталган. Жеңүүчүлөр февраль айында ачык сабактарды өтүп, андан тышкары мугалимдердин диагностикалык сынагына катышты. Эми финалдык баскычка даярдык көрүп жаткан мугалимдер үчүн добуш берүү социалдык тармактар аркылуу да жүрүп жатат. Читать дальше...
Кыргызстандык режиссер Эрнест Абдыжапаровдун "Саякбай" кинотасмасы америкалык эл аралык Гарлем кинофестивалында "Эң мыкты операторлук иш" наамындагы сыйлыкка ээ болду. Бул тууралуу маалымат фестивалдын расмий баракчасына жарыяланды. Маалыматты тасманын режиссеру Эрнест Абдыжапаров да "Азаттыкка" ырастады. - Американын ичинде да киночулар бөлүнөт. Лос-Анжелестеги киночуларды "Голливуд" деп коет. Ал эми Нью-Йорктогу киночулар өздөрүн көз каранды эмес режиссерлор деп эсептейт да, америкалык турмушту көрсөткөн... Читать дальше...
Борбор калаанын чет жакасындагы Дордой-1-2, Келечек, Калыс Ордо, Алтын Казык жаңы конуштарынын документи жок тургундарын жана алардын балдарын тиешелүү документтер менен камсыз кылууну "Балдарды коргоо борбору" коомдук бирикмеси Мамлекеттик каттоо кызматы менен чогуу ишке ашырууда. Уюмдун маалыматы боюнча, өткөн жылы аталган бирикмеге туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике тууралуу күбөлүк, паспорт, баланы багып алуу, атын өзгөртүү, өлгөндүгү тууралуу күбөлүк ж.б документтерин калыбына келтирип берүү өтүнүчү менен 900 адам кайрылган. Читать дальше...
Бишкекте кыргыз журналистикасынын соңку жылдардагы абалын талдаган республикалык конференция өтөт. Уюштуруучулар кабарлагандай, “Маалымат согушунда кантип суурулуп чыгуу керек?” деген темадагы талкуу 26-майда болот. Анда Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын өнүгүүсү, кесипкөйлүктөгү көйгөйлөр жана ийгиликтер талдоого алынат. Андан тышкары, өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы талкууланат. Жыйындын жүрүшүндө Маалымат каражаттарынын үстүнөн түшкөн даттанууларды караган комиссиянын мүчөлөрү жаңыдан шайланып... Читать дальше...
Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Вашингтон Иранга каршы буга чейин болуп көрбөгөндөй катаал санкцияларды киргизерин билдирди. Бул тууралуу ал 21-майда Вашингтондо Иран боюнча АКШнын жаңы стратегиясын жарыялап жатып айтты. Ирандын президенти Хасан Роухани Вашингтон бүтүндөй дүйнөнүн атынан сүйлөй албасын билдирди.
Кыргызстандагы Сөз эркиндигин коргоо комитети президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоп, камактагы саясатчылардын кылмыш иштерине көңүл бурууга чакырды. Уюм УКМК жана Башкы прокуратура тарабынан козголгон иштерди “атайылап токулган айыптоо” деп атап, мамлекет башчыны Коргоо кеңешин өткөрүп, ал иштерге ошол жыйында саясий баа берүүнү суранат. Комитет “иши кайра каралышы керек” делгендердин тизмесине камактагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев, Дүйшөн Чотонов, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков... Читать дальше...
Кыргызстандагы Сөз эркиндигин коргоо комитети президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, камактагы саясатчылардын кылмыш иштерине көңүл бурууга чакырды. Уюм УКМК жана Башкы прокуратура козгогон иштерди “атайылап токулган айыптоо” деп атап, мамлекет башчыны Коргоо кеңешин өткөрүп, ал иштерге ошол жыйында саясий баа берүүнү суранат. Комитет “иши кайра каралышы керек” дегендердин тизмесине камактагы саясатчылар Өмүрбек Текебаевди, Дүйшөн Чотоновду, Бектур Асановду, Кубанычбек Кадыровду, Эрнест Карыбековду... Читать дальше...
Пакистандын эң ири аймагы Карачиде күндүн ысыгынан улам соңку үч күн ичинде кеминде 65 адам каза болду. Бул тууралуу өлкөдөгү “Эди Фандейшн” кайрымдуулук уюму кабарлады. Аптап электр энергиясы үзгүлтүк менен берилип жаткан мезгилге жана орозо айына туш келди. Пакистандын метеорология кызматы абанын температурасы 44 градуска чейин чыкканын ырастады. "Тез жардам" жана өлүккана кызматтарын башкарган “Эди Фандейшн” коомунун жетекчиси Файсал Эди каза болгондордун көбү Карачинин жакыр райондорунда катталганын... Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.