Москвадагы көргөзмөгө кыргыз сүрөтчүсү А.Тешебаев да катышууда
Орусиянын борбору Москванын “Тушино” көргөзмө залында ар жылы болчу “Көркөм өнөр - бүгүн” көргөзмөсү өтүүдө. Боёк сүрөт (живопись), графика, декорациялык өнөр, икона тартуу өнөрү, дизайн жана арт-фото жанрында иштеген сүрөткерлердин 200дөй эмгегин камтыган көргөзмөнүн быйылкы темасы “Соопчулук иштер жана күнөөлөр” деп аталат.
Кыргызстандык сүрөткер Асатилла Тешебаевдин көрөрмандар сынына коюлган “Дүйнөнү бөлүштүрүү” жана “Асмандан айды алам дегендер” аттуу эки эмгегин да ушу айтылган өңүттөн караган жөндүү.
Май боёк менен тартылган бул эки боёк сүрөттүн девизи катары автор өзү кыргыздын “Кембагал байга жетем, бай күнгө жетем дейт” деген ылакап сөзүн алган. Түрдүү багыттагы мектептердин жана агымдардын өкүлдөрүн чогулткан бул көргөзмөгө Борбор Азия авангардизминин чыгааны саналган өзбекстандык Х. Гулямов, орусиялык К. Уваров жана В. Сопп сыяктуу оргиналдуу сүрөткерлердин да боёк сүрөттөрү коюлган.
Көргөзмөнүн аталышы динге тиешелүүдөй көрүнгөнү менен андагы чыгармалар бүгүнкү секулярдык жүрүмдөгү кишилерге өзгөчө баалуу болгон элдин тарыхы менен кошо калыптанган салт, үрп-адаттар, адеп-аклакты чагылдырган.
Бул түшүнүктөрдө дайыма “жакшылык” жана “жамандык” же диний көз караштан алганда “сооптуу иштер” жана “күнөө” жанаша жүрөт.
Орусия сүрөтчүлөрүнүн чыгармачыл уюму, Орусия Сүрөтчүлөр Биримдигинин Москва бөлүмү жана Орусия көркөм өнөр академиясы биргелешип уюштурган бул көргөзмө 3-июнга чейин ишин улантат. (AU)