Жогорку сот Аида Салянованын ишин карап жатат
Соттук жараяндын жүрүшүндө Аида Салянованын коомдук жактоочуларына сөз берилди. Жактоочу Нурлан Садыков Салянованын иши башынан эле саясий негизге байланганын, тергөөдө ойго келбес иштер болгонун билдирди. Ушундай эле сөздү дагы бир жактоочу Рабига Садыкова да айтып, "Салянова саясий негизде айыпталып жатат" деген пикирин билдирди.
Жогорку сотто өтүп жаткан жараянга парламент депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Сайдулла Нышанов, Эмил Токтошев, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев, укук коргоочулар Динара Ошурахунова, Рита Карасартова жана башка тарапкерлер катышууда.
Саляновага былтыр Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесине ылайык ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") айып тагылган. "2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин юристи Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айыптын негизинде Бишкектин Ленин райондук соту 2017-жылы 10-октябрда Салянованы беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган.
Жазаны ал үчтөгү кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Чечимди Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган. Шаардык соттун чечими күчүнө киргенден кийин быйыл 3-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы Салянованы депутаттык мандаттан ажыраткан.
Экс-депутат бул соттук ишти "саясий буюртманын" негизинде козголгон деп эсептейт. Соңку соттук процесстен кийин Салянова өзүнө карата Жогорку сот калыс чечим чыгарарына ишеним артып жатканын билдирген. (BkA/ZKo)