Оштогу ифтар базарын жабуу аракети жүрүп жатат
Жергиликтүү бийлик Ош шаарында чоң жолдун четине жайгашкан ифтар базарын жабууга аракет кылууда. 22-майда базар орун алган Сулайман-Тоо айыл аймагынын жетекчилиги санитардык-эпидемиологиялык кызматтын өкүлдөрү, милиция кызматкерлери менен келип, базардагы элдин тарап кетишин талап кылды. Бийлик бул аракетин базардын чачкын болуп, чоң жолдун жээгине жайгашканы санитардык талаптарга жооп бербей жатканы менен түшүндүрдү.
Базарда отурган адамдар болсо ифтар базарына жаңы даярдалган гана тамак-ашын алып чыгаарын айтып, бир айлык орозо учурунда бир аз соода кылып акча таап алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратпоону суранышты. Жергиликтүү бийлик сатуучуларга эскертүү берип, алардын базарга чыкпоосун талап кылды.
Ош шаарындагы ифтар базары жыл сайын орозо маалында иштейт. Кечке жуук ооз ачарга жакын ачылган базарда жашылча-жемиштен тартып ысык тамактын бардык түрүнө чейин сатылат. (MdN)