Главные новости Кызыла
Кызыл
Апрель
2021

"Кемпир-Абад": Өзгөндө жер алмашууга каршылар тарай элек

0

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынын айрым тургундарынын Өзбекстан менен жер алмашууга каршы мөөнөтсүз акциясы үч күндөн бери уланып жатат. 

Алар "Кемпир-Абад" суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жер берилбесин деген талап менен бийликке кайрылышкан. Чогулгандар 23-апрелде өкмөт өкүлдөрүнүн,  Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын беш күндүн ичинде келишин талап кылышты.   

 

Акция Ош облусунун Өзгөн районунда, "Кемпир-Абад" суу сактагычынын жанында болуп жатат. Буга чейин ал жерге үч боз үй тигилген, 23-апрелде  дагы бир боз үй кошулду. 

23-апрелдеги жер алмашууна каршы чыккандарга Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн өкүлүнүн орунбасары Бактыбек Алайчиев жана Өзгөн районунун акими катышты.

Алайчиев алардын талабын жеткирүүгө убада берип, бирок бийликтегилерди алып келүүгө кепилдик бере албастыгын айтты. Ал акцияга чыккандардан эмки жуманын аягына чейин мөөнөт сурады.

Митингдин катышуучулары талаптарын аткарууга 28-апрелге чейин убакыт коюшту. 

Каршы болгондор "Кемпир-Абадга" байланыштуу чечим чукул чыкканын айтып, атайын кызматтын башчысынан жергиликтүү эл менен жолугушууга келишин өтүнүшүүдө. Алар ошондой эле суу сактагычтын айланасындагы жер тилкесине байланыштуу коңшу мамлекет менен болгон протокол жокко чыгарылышын талап кылып жатышат.

Алар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, Өзбекстан менен жер алмашууга байланыштуу протокол жокко чыгарылышы керектигин айтышкан.

17-19-апрель күндөрү Кара-Суу районунун Ынтымак айылынын тургундары да жапырт акция өткөрүшкөн. Алар дагы суу сактагычтын жанындагы дөңсөөдө чогулуп, боз үй тигишкен.

Ташиев нааразы болгондор менен 19-апрелде жолугуп, ошол жерде айтылган талаптардан улам Ташкентке дагы бир жолу барып келерин, 50 гектар жерди 20га чейин азайтууга аракет кыларын айткан.

"Эми мындай кылсак болот, азыр ойлоп жатам. Алар (Өзбекстан - ред.) тосуп алган 20 гектар жерин алмашалы деп айтайын. Элүү эмес, жыйырма гектарды. Мейлиби? 20 гектарды тосуп, калган жерди эле алгыла. Ушул жерден токтойлу, берки жакка чыкпагыла дейин".

Ташиев тургундардын "Өзбекстан мындай сунушка көнбөй койсочу" деген суроосуна, Ташкентти ынандырууга болгон аракет көрүлөт деген мазмунда жооп берген.

Атайын кызматтын башчысы бул жолугушууда негизинен Өзбекстан менен жер алмашууга байланыштуу протоколду Кыргызстан үчүн эң пайдалуу келишим деп атап, жер талаштарга чекит коет деп ишендиргенге аракет кылган:

"Мен жетектеген комиссия Өзбекстан Республикасына барып, эң ыңгайлуу, эң пайдалуу келишим түзүп келдик. Бул протоколду бузбашыбыз керек, бул протоколду аягына чейин чыгарышыбыз керек, бул - элге эң пайдалуу протокол болду", - деген Ташиев.

Жер алмашуу аракети быйыл март айында Ташкентте чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өткөн кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын жыйынынан соң маалым болгон.

Өткөн айда Ташкентте кыргыз-казак чек арасын тактоо тууралуу  өкмөттөр аралык комиссия жыйын курган жана анда протоколго кол коюлган.

Бул сүйлөшүүлөргө Кыргызстандын атынан Ташиев катышкан.

Анда "Кемпир-Абад" суу сактагычы, "Шахрихансай" каналы, Гавасай, Көк-Серек, Баястан, Ак-Таш, Үңкүр-Тоо, Кара-Белес тилкелерин тактоодон өткөрүү макулдашылганы белгиленген. УКМКнын төрагасы кыргыз-өзбек чек арасы 100% чечилгенин жарыялаган.

Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу соңку кадамдарды "тарыхый мааниге ээ" деп сыпаттаган. Ошол эле кезде коомдун бир бөлүгү кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын сындап жатышат.






Загрузка...


Глава Тувы Владислав Ховалыг
Москва

Мэр Москвы поблагодарил медсестер за профессионализм, трудолюбие и самоотдачу


Спорт в Туве
Тува

"Туран" - "Жетысу". Где смотреть прямую трансляцию матча КПЛ


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Новак Джокович

Кто транслирует бой Табило против Джоковича на турнире Rome Masters 1000?


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в Туве
Тува

Больше 200 кг мусора собрали в Кызыле в рамках «Марафона рек и парков»





Путин в Туве
Москва

Как Россия побеждает в Африке: Волна военных переворотов приносит Путину новых союзников


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Марина Василевская передала Александру Лукашенко флаг Беларуси, побывавший на МКС




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в Туве


Здоровье в Туве


Частные объявления в Кызыле, в Туве и в России






Загрузка...

Загрузка...



Сергей Брановицкий

Продвижение Песен, Музыки, Стихов ВКонтакте. Способы и методы увеличения прослушивания песни, музыки, стихов ВКонтакте.



Кызыл

Кызыл Кала

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net