Баткен: чек арада абал салыштырмалуу турукташты
Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагында, Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдагы (“Головной” тилкеси) абал турукташып, кыргыз-тажик жарандарынын бири-бирине таш ыргытуулары токтоду. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Өкүлчүлүктүн маалыматында Баткен, Исфара райондорунун акимдери, облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин сүйлөшүүлөрү уланып жатат. Кырдаалды Баткен жана Согд облустарынын башчылары көзөмөлдөөдө. ... Читать дальше...