Главные новости Кызыла
Кызыл
Апрель
2021

Кыргызский коррупционер из Наримана с поддельным дипломом Улугбек Рахманов рвётся к власти

Кыргызский коррупционер из Наримана с поддельным дипломом Улугбек Рахманов рвётся к власти

КР Президенти, Коопсуздук Кеңешинин башчысы С.Н. Жапаровго

КР УКМК төрагасы К.К. Ташиевке

                                723325, Ош облусу, Кара-Суу районунун, Нариман айыл аймагынын Кызыл Мээнет айылы, Аэропорт көчөсү 110 үй тургуну Хусанов Абдукаххардан 

АРЫЗ

1. Нариман айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы коррупционер Улугбек Рахманов муниципалдык жогорку кызматты кылмыштуу жолдор менен мыйзамсыз ээлөө максатында жогорку окуу жайдын дипломун атайын мыйзамсыз жасалмалаган. У. Рахманов жасалма дипломду мыйзамсыз колдонуп, 2017 жылы Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланат. Жасалма дипломдуу У. Рахманов Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы кызматында көптөгөн мыйзамсыз аракеттерди жасап, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирип, жергиликтүү тургундардын жерге болгон конституциялык укугун тебелеп-тепсеген.

2. Нариман айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы коррупционер Улугбек Рахманов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып жер сатып, бюджет акчаларын уурдап, мамлекет эсебинен мыйзамсыз байыган көпөс. У. Рахманов азыркы күндөрү өзү жана өзүнүн куйруктары депутаттыкка өтсүн деп чуркап жүрөт, себеби мыйзамсыз жер саткандары, бюджет акчаларын уурдаганы ачылып, камалып кетпей деп аракет кылып жатат. Жасалма дипломдуу У.Рахманов чоң пара берип, Ош шаардык сотунун судьясы Н.А. Атанзаровдун УД № 243/19-06 11 апрель 2019 ж. мыйзамсыз токтому менен эскирүү мөөнөтү өткөндүгүна байланыштуу кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган. Ошондой эле, судья Н.Атаназаров Ош облусунун прокурорунун орун басары Э.Аширбаевдин жасалма дипломун мыйзамсыз жана жараксыз деп табуу жөнүндөгү доо арызын мыйзамсыз кароосуз калтырып, жасалма дипломун өз күчүндө калтырган. Жазасыз калган жана соттун мыйзамсыз токтомуна таянган коррупционер У. Рахманов карапайым калк арасында Президентибиз С. Жапаровдун коррупцияга каршы мамлекеттик саясатына ишенбөөчүлүк жаратуу максатында жасалма дипломдон пайдаланып Нариман айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлигин көрсөткөн.

 

КР Мыйзамдарына ылайык тапшырылган жасалма документтер жана жалган маалыматтар үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Талапкеригин койгон У. Рахманов жогорку окуу жайда окубай, бирок жасалма диплом жасатып алган. Ошондуктан Кара-Суу райондук АШКнан У. Рахмановдун дипломдорун, документтерин алып, прокуратура органдары, У. Рахмановдун дипломун жасалма экендигин тастыктап, Ош шаардык сотунун судьясы Н.А. Атанзаровдун УД № 243/19-06 11.04.2019 ж. мыйзамсыз токтомун жана башка сот инстанциялардын токтомдорун жокко чыгарып, У.Рахмановду кылмыш жоопкерчилигине сөзсүз тартуу керек.

3. 2018 жылы У. Рахманов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекет эсебинен мыйзамсыз баюу жана мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтируу максатында Нариман айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Артикова Хурлико менен алдын ала сүйлөшүп Лангар айылына суу чыгарган мезгилде документтерди жасалмалап, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө 800 миң сомдон ашык зыян келтирген. Кара-Суу районунун прокурорунун улук жардамчысы К.Осмоналиев тарабынан бюджетке зыян келтируу боюнча 3 факт катталып, кылмыш иши козголгон. Бирок, У. Рахманов чоң пара берип, ал кылмыш иштерди создуктуруп, мыйзамсыз кыскарткан. Натыйжада коррупционер У.Рахманов жана Х. Артикова кылмыш жоопкерчилигинен мыйзамсыз кутулуп калышкан.

4. У. Рахманов коррупциялык акчаларга шийпан сатып алып, шийпан жерине мыйзамсыз мамлекеттин айыл чарба багытындагы суулу жерин муниципалдык менчик категориясына мыйзамсыз өткөрүп, мыйзамсыз аукциондон арзан баада сатып алат жана короосуна кошуп, суулу жерди мыйзамсыз өзүм билемдик менен ээлеп алат. Укук коргоо органдары У. Рахманов устунон КР КЖК 207 беренеси менен Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу фактысы боюнча кылмыш иш козгоп, кылмыш жоопкерчилигине тартуусу керек эле. Бирок, андай кылбай, кылмышкерге адвокат болуп алган. Президентибиз: “Коррупционер менен күрөшо турган органдар өздөрү коррупциянын анабашчысы экен”-деген.

5. Мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтируу максатында У. Рахманов көзкарандысыз баалоочу менен алдын ала сүйлөшүп, муниципалдык менчикти, жерди базар баасынан мыйзамсыз өтө арзан баада атайын баалаткан (КР КЖК 235 бер.).

6. Коррупционер У. Рахмановдун мыйзамсыз коррупциялык схемаларын ачыктасам, У.Рахманов мени бир нече жолу коркутуп, согуп, тилдеп, шантаждаган. 2018 жылы мени урдуруп, денемге залал келтирген. Бирок, кылмыш иши атайын создуктурулуп, мыйзамсыз кыскартылган. Натыйжада У. Рахманов чоң пара берип, кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп калган.

7. 25 декабрь 2018 жылы карапайым айыл аймагынын эли которулуп, митинг кылып, коррупционер У. Рахмановду иштен айдап салган. Нариман айылдык кеңешинин депутаттары жемкор У. Рахмановго ишенбөөчүлүк билдирип, иштен алышкан.

8. КР Президентинин “Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө” Жарлыгы менен Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына коррупцияга малынбаган, шектелбеген кадрлар дайындалышы каралган. Бирок, коррупцияга малынган У. Рахманов КР Президентинин “Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө” Жарлыгы талаптарын одоно бузуу жана КР Президенти С.Н.Жапаровдун коррупция менен күрөшүү саясатына кыргыз элинде ишенбөөчүүлүк жаратуу максатында Кара-Суу АШК кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп, жасалма дипломдан мыйзамсыз пайдаланып, депутаттыкка талапкерлигин көрсөткөн. Ошондуктан КР Президенти С.Н. Жапаров Кара-Суу районунда коррупцияны жеңе албайт, КР Президентинин Жарлыгы кагаз жүзүндө калып, амалда болсо жемкорлук күч алат деген тыянакка келип жатабыз.

9. Жер ала албай жоош элибиз катары көптөгөн жылдар бою кезекте туруп, жер бер десек, коррупционер У. Рахманов жер жок деп, бизди шылдындап, басмырлап, опузалады. Үй-жай куруу үчүн жер тилке алууга 1998-2010 жылдан бери ондогон жылдар кезекте турган Наримандын карапайым айыл эли, инвалиддер, июнь окуясында жабыр тарткан үй-бүлөөлөр, кембагалдар, турак жай аянты белгиленген санитардык нормаларга жана талаптарга жооп бербеген тургундар, үйү жок квартиранттар, ондогон жылдар кезекте турган 5 миң эл жер тилке ала алган эмеспиз. Президентке көп жолу кайрылсакда, мурдагы айыл өкмөт башчы У. Рахманов жер тилке ажыраткан эмес, себеби биздин пара берүүгө акчабыз жок. Карапайым айыл эли У. Рахманов тарабынан куугунтукталып, шантаж кылынды.

Мындай мыйзамсыз иштерге карапайым айыл эли чыдабай, жемкор У. Рахманов качан камалат, качан иштен кетет? - деп чыдамсыздык менен 2 жылдан ашык кутту. Элдин талабын аткаруу максатында анын мыйзамсыз иштерин ачыктап, элдин үмүтүн аткардым, У.Рахманов 2019 жылы кылмыш иштер козголуп, иштен алынды. Коррупционер У. Рахманов жер сатып, бюджет акчаларыбызды жеп, миллионер болгондуктан, акча берип камактан кутулуп калган. Бирок, карапайым эл анын камалышын, мамлекетке жана элибизге келтирген өзгөчө ири өлчөмдөгү зыянды бюджетибизге төлөшүн, кусушун талап кылат! Арам акчасы тугонгучо аягына чейин, керек болсо 30 жыл камалышын талап кылабыз!

10. Коррупционер У. Рахмановду кылмыш жоопкерчилигине тартпаган Ош областтык прокуратурасы, Кара-Суу райондук прокуратурасы, Ош областтык УКМК башкармалыгы жетекчилери жана кызматкерлери кылмыштуу аракеттеринде КР КЖК 339 бер. ылайык Кылмыш жасоодо шектелүүчү же айыпталуучу адамды прокурор же сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу адам тарабынан жазык жоопкерчилигинен билип туруп мыйзамсыз бошотуу кылмыш аракеттери бар. Себеби, коррупционер У. Рахманов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген, 3 кылмыш ишти мыйзамсыз кыскартып, жасалма дипломун ушул күнгө чейин пайдаланып, тайрандап, мыйзамдарыбызга түкүрүп жатат. 

Ош областтык прокуратурасы, Кара-Суу райондук прокуратурасы, Ош областтык УКМК башкармалыгы жетекчилери кылмыш иштерди көзөмөл кылбай жатат. Натыйжада карапайым айыл элинде мыйзамдуулукка ишенич жоголуп, коррупция өнүгүп баратат. 

Жогоркулардын негизинде Сизден суранабыз:

1) Корупцияга малынган У.Рахманов жана У.Артикованы депутаттыгына талапкерлер тизмесинен каттоону жокко чыгаруунузду.

2) У. Рахмановду, Х. Артикованы 320 бер. 1,2,3 бөл. менен кылмыш жоопкерчилигине тартып, камап, муниципалдык менчикти, жерлерди сатып, мамлекетке келтирген өзгөчө ири өлчөмдөгү зыянды төлөтүүнүздү.

3) Ош шаардык сотунун судьясы Н.А. Атанзаровдун УД № 243/19-06 11.04.2019 ж. мыйзамсыз токтомун жана башка сот инстанциялардын токтомдорун жокко чыгарып, У. Рахмановду кылмыш жоопкерчилигине тартууунузду, мыйзамсыз кыскартылган 3 кылмыш ишин кайра козгоп, мамлекетке келтирген зыянды төлөтүүнүздү.

4) У. Рахманов мамлекетке келтирген зыянды төлөтүү максатында жеке менчиктерин арестке коюунузду.

5) У. Рахмановду кылмыш жоопкерчилигине тартпаган Ош областтык прокуратурасы, Кара-Суу райондук прокуратурасы, Ош областтык УКМК башкармалыгы жетекчилери жана кызматкерлерин КР КЖК 339 бер. менен кылмыш жоопкерчилигине тартуунузду.

6) Арызымды жана тергөөнү өз көзөмөлүнүзга алуунузду, болбосо коррупционер У. Рахманов чон пара берип, кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп, карапайым элди куугунтуктап, басмырлайт

                                  

                                                                                                             А. Хусанов, 5 апрель 2021 ж.

 

Р.S. Мен менен, менин үй-бүлөм менен, менин жеке менчигим менен бир нерсе болсо, У. Рахмановду күнөөлүү деп эсептөөнүздү суранам, себеби мени бир нече жолу жемкор У.Рахманов өлтүрөбүз деп коркуткан.






Загрузка...


Глава Тувы Владислав Ховалыг
Москва

Собянин: Проект "Активный гражданин" помогает делать Москву лучше


Спорт в Туве
Тува

Тувинские Росгвардейцы стали серебряными призерами Первенства «Динамо» по стрельбе из боевого ручного стрелкового оружия


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
ATP

Теннисиста Медведева выбили из топ-4 ATP


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в Туве
Тува

С начала 2023 года МТС в Туве заблокировала больше 2 млн спам-звонков 





Путин в Туве
Москва

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» помогает В.В. Путину улучшить либо отменить налоги в обществе.


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Президент Камеруна получил послание от Президента Лукашенко




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Зеленский заявил, что обеспокоен заявлениями республиканцев в США


Навальный в Туве


Здоровье в Туве


Частные объявления в Кызыле, в Туве и в России






Загрузка...

Загрузка...



Анастасия Волочкова

«Просто не афиширую»: куда пропала Волочкова с театральной сцены



Кызыл

В Туве конфискованные автомобили нетрезвых водителей направили на военные нужды

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net