Бишкекте бокс боюнча өлкө чемпионаты башталды
Бишкекте бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды. Бүгүн, 28-октябрда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда баштала турган турнир 31-октябрга чейин уланарын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, мелдешке 7 облустан жалпысынан 66 мушкер катышат. Алар 8 салмактык категория боюнча күч сынашат.
Мелдештин салтанаттуу ачылыш аземи бүгүн, саат 15:00дө өтөт.
Тандап алуу мелдештери үч күнгө созулат. Финалдык беттештер 31-октябрга белгиленди.