"О, кудай-ай, мындай тозок кайда бар?"
Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев орустун атактуу акыны Анна Ахматованын “Реквием” поэмасын кыргызчага которду. Чыгармада репрессиянын каардуу доору сүрөттөлөт. Советтер Союзунда алгач ирет 1987-жылы гана басылып чыккан ачуу чындыктын поэмасын Шайлообек Дүйшеев толугу менен кыргызчага которуп бүттү. Бул видеодо “Реквиемдин” үзүндүсүн, тагыраагы эпилогун сунуш кылабыз.