Баткенде көмүр 1500 сомго кымбаттады
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 10-октябрда Баткен шаарында 1 тонна көмүр 7000 сом болсо, 17-октябрга карата 8500 сомго көтөрүлдү.
Жалпы-жонунан алганда Кыргызстанда өткөн аптага салыштырмалуу көмүрдүн орточо баасы 1 тонна үчүн 27,04 сомго же 0,6 пайызга жогорулады.
17-октябрга карата көмүр эң кымбат сатылган аймактар: Баткенде 1 тонна көмүр 8500 сом, Кара-Суу шаарында 7745 сом, Ноокат шаарында 6986 сом жана Ош шаарында 6198 сом болуп жатат.
Ал эми Нарындын Чаек айлында 1 тонна көмүр 2500 сом, Нарын шаарында 3646 сом, Балыкчы шаарында 3694 сом жана Бишкек шаарында 3874 сомдон сатылууда. (BTo)