Ооган аскерлери Кундуз провинциясындагы районду талибдерден кайтарып алышты
Ооганстандын Коргоо министрлиги өкмөттүк армия Тажикстан менен чек арадагы Кундуз чөлкөмүндөгү Даш-и Арчи районун «Талибандан» кайтарып алганын билдирди.
Ооганстандын атайын күчтөрү 12-октябрда райондун борборуна чабуул коюп, «душмандын таянычын жок кылышты», деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө. Анда каршылаш тарап чоң жоготууларга учураганын, ооган күчтөрүнө АКШ аскерлери колдоо көргөзүшкөнү да айтылды.
Даш-и Арчи району 2015-жылдан бери талибдердин көзөмөлүндө болуп келген. «Талибан» түндүктөгү стратегиялык жана экономикалык жактан маанилүү Кундуз провинциясын колдон чыгарбоого аракет кылууда. Кыймыл борбор шаар Кундузду мындан 4 жыл мурун ээлеп алган. Ошондон бери калаа бир нече жолу чабуулга туш болгон.
Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, акыркы жарым жылда өкмөттүк армия талибдер көзөмөлдөгөн 12 районду кайтарып алышты. «Талибан» согушкерлери өлкөнүн жарымын контролдойт деп талашып келатат.