Косоводо БШК мүчөлөрү Сербиядан келген кутуларды ачкан соң өздөрүн жаман сезишти
Косоводо Борбордук шайлоо комиссиясынын айрым мүчөлөрү өздөрүн жаман сезгенден кийин бюллетендерди саноо убактылуу токтотулду. Маалыматка караганда, алар Сербиядан келген 5 кутуну ачкандан кийин өздөрүн жаман сезишкен.
Приштинадагы «Тез жардам» ооруканасынын башчысы алар аллергиялык реакция болгонун «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна билдирди. Косово полициясы андай окуя болгонун бышыктады, бирок кеңири маалымат берүүдөн баш тартты.
Серб азчылыгынын «Sprska Lista» партиясы серб улутундагылардын добуштарын «бурмалоо аракети» болуп жатканын билдирди.
Белград колдогон партия 120 орундуу парламентте сербдерге бөлүнгөн 10 мандатты жеңет деп күтүлүүдө.
Сербиянын мурдагы провинциясы Косово 2008-жылы эгемендигин жарыялаган. Жаңы өлкөнү 110дон ашуун мамлекет тааныган. Белграддын салтуу шериги Москва, ошондой эле Евробиримдиктин 5 өлкөсү тааныган эмес.