Балдар үйлөрү жана интернаттар боюнча мониторинг жүргүзүлдү
Кыргызстандагы эки атайын мектеп-интернатта жана бир Балдар үйүндө жашаган тарбиялануучулардын көбү келерки эки жыл аралыгында кайрадан үй-бүлөсүнө кайтып, жакындарынын жанында жашоо мүмкүнчүлүгүн алышат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна “Балдарды коргоочулар лигасы” уюмунун жетекчиси Назгүл Турдубекова билдирди.
Анын айтымында, былтыртан бери Красная-Речка, Дмитриевка жана Военно-Антоновка айылдарында жайгашкан бул мекемелер боюнча мониторинг жүргүзүлгөн:
- Жыйынтыгында тарбиялануучулардын беш эле пайызы томолой жетим экени аныкталды. Калган 95% ата-энеси же атасы, апасы барлар.
Мониторинг жүргүзүүгө Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, Европа Биримдигинин атайын долбоору жардам берди.
Бул мекемелерде учурда 370 бала тарбияланып жатат.
Өкмөттө интернат жана Балдар үйлөрүн реформалоонун 2019-2021-жылдарга эсептелген планы бекитилген. (RK)