Бээжин менен Исламабад Кашмир маселесин талкуулайт
Пакистандын премьер-министри Имран Хан 8-августта эки күндүк иш сапар менен Кытайга барат жана анда эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык алака катышты, Кашмирдеги соңку жагдайды талкуулайт. Бул Имран Хандын быйылкы жылдагы Бээжинге каттаган үчүнчү сапары жана ал Кашмир маселесинен улам Пакистан менен Индиянын ортосундагы жаңжал курчуп турган маалга туш келди.
Быйыл август айында Индиянын өкмөтү Баш мыйзамын өзгөртүп, Кашмирдин Нью-Делиге баш ийген бөлүгүнүн атайын макамын жокко чыгарарын жарыялаган. Ага ылайык, негизинен мусулмандар байырлаган Жамму жана Кашмир штаты мурдагыдай өз алдынча иш алып бара албай калат.
Пакистан Нью-Делинин мындай чечимин кескин айыптаган жана жооп кайтара аларын айткан.
Кытай менен Индиянын дагы чек арага байланыштуу талаш-тартышы бар. Бээжин буга чейин Нью-Делини талаштуу Гималай аймагынын макамын өзгөртүүгө багытталган бир тараптуу чечимин чыгарбай турууну эскерткен.
Индия менен Пакистан Кашмирди 1947-жылы Британиянын карамагынан чыккандан кийин бөлүп алган. Өзөктүк куралы бар бул коңшу өлкөлөрдүн ортосундагы үч согуштун экөөсү дал ушул Кашмирдин айынан тутанган.