Мушкер Хабиб Нурмагомедов Өзбекстанда академия ачат
Таймаштын аралаш түрлөрү боюнча орусиялык мушкер, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов Ташкентте академия ачканы жатат. ТАСС маалымат агенттиги бул тууралуу Нурмагомедов өзү Санкт-Петербург шаарында, "Synergy Global Forum" аттуу билим берүү форумунан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтканын жазды.
Нурмагомедов 2020-2021-жылдары Өзбекстанда алгачкы ирет UFC уюмунун турнирин өткөрүүнү пландаштырып жатканы белгилүү болду. Ал акыркы жолу Ташкентке ушул жылдын май айында келип кеткен.
Ал өткөн айда UFC турниринин кезектеги мушташында америкалык мушкер Дастин Порьени жеңип, чемпиондук титулун коргоп калган. Спортчу үчүнчү раундда атаандашына муунткан ыкманы колдонуп жеңишке жеткен.
Бул Нурмагомедов үчүн 28-жолку жеңиш болуп калган. Дагестандык мушкер ушул убакка чейин эрежесиз мушташта жеңилүү ызасын тарта элек.
Орусиялык мушкер Нурмагомедов 2018-жылдын октябрынан бери таймашка чыга элек болчу. Ал акыркы жолу ирландиялык атаандашы Конор Макгрегорду жеңгенден кийин октагондон секирип, чуу салганы үчүн сегиз айга дисквалификацияланган.
UFC уюмунун президенти Дэйна Уайт маалымдагандай, кийинки беттеште Хабиб Нурмагомедов дагы бир америкалык мушкер Тони Фергюсон менен күч сынашат. Ал эми орусиялык мушкер өзү Фергюсонду жеңсе, оор салмакка которуларын айтып келет.