Атамбаевдин тарапташтары 9-декабрга чейин камакта калды
Бишкектин Биринчи май райондук соту 2-октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын бөгөт чарасын карап, 9-декабрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды.
Алар Фархад Бабиев, Алга Кылычев, Кыяс Смайлов жана Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев.
30-сентябрда Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын мүчөсү Ирина Карамушкинанын үй камагындагы, ал эми партиянын дагы бир мүчөсү Фарид Ниязовдун абактагы мөөнөтүн 9-декабрга чейин узарткан.
Ирина Карамушкина 7-8-августта Чүйдүн Кой-Таш айылында Атамбаевди кармоо операциясынын учурунда күч кызматкерлерин барымтага алууга тиешеси болушу мүмкүн деп шек саналууда.
Кармалгандар муну бийликтин куугунтугу деп эсептейт.