Замир Ракиев муфтий болуп шайланды
Замир Ракиев Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы - муфтий болуп шайланды. Бишкекте бүгүн 26-июнда өтүп жаткан өлкө мусулмандарынын жетинчи курултайына катышкан 220 делегат бир добуштан анын талапкерлигин колдоду. 43 жаштагы Замир Ракиев Нарын облусунун Кочкор районда туулган. Египетте "Университетке даярдоо курсу" жана "Дин негиздери" багыты боюнча билим алган. Бишкек гуманитардык университетинен "Чыгыш таануу" адистигинде окуган. Эмгек жолун Чүйдөгү медресенин мугалиминен баштап... Читать дальше...