Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2021

Новости за 27.06.2021

АКШдагы кыргыз мушкери Баратов жеңишке жетти

Azattyk.org 

Кыргызстандык мушкер Басызбек Баратов АКШнын Кентукки штатынын Ашленд шаарында өткөн профессионалдык бокс мелдешинде америкалык Майкл Расселди жеңип алды. Баратовдун "Азаттыкка" маалымдаганына караганда, беттеш 26-июнда болду. 130 фунт салмакта (58.9 кг.) рингге чыккан мушкерлердин таймашында кыргыз боксчусу 2-раундда атаандашын нокаутка узатып, жеңишке жеткен. "Буюрса, бул профессионалдык бокстагы төртүнчү жеңишим. Албетте бул жеңиш мен үчүн оңой болгон жок. Бул күндөргө мен аябай көп даярдандым. Читать дальше...

Ооганстандык 17 жоокер Тажикстанга качып өттү

Azattyk.org 

Тажик бийлиги 27-июнь күнү кечке жуук өкмөттүк күчтөргө караштуу дагы 17 ооган аскери артка чегинип, чек арадан өтүп келгенин жарыялады. «Озоди» радиосу Тажикстандын улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине шилтеме берип жазгандай, Ооганстандын Балх провинциясынын Шахритус районундагы талибдер менен салгылаштан соң артка чегинген 17 ооган чек арачысы курал-жарагы менен качып келген.   “Гуманитардык жана кошуначылык мамилени эске алуу менен тажик чек арачылары аргасыз качкындарды Тажикстандын аймагына өткөздү”... Читать дальше...

Жапаров түркмөн ишкерлерин Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 27-июнда Түркмөнстандын экспорттук товарларынын көргөзмөсүнө барып, кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун ачылыш аземине катышты. Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Чары Гылыджов мамлекет башчысына өлкөнүн газ өндүрүү, мунайды кайра иштетүү, химия өнөр жай тармактары, текстиль өнөр жайы, ошондой эле курулуш, айыл чарбасы, жер казынасын пайдалануу жана башка экспорттук мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырды. Президент кыргыз-түркмөн... Читать дальше...



Түркия Кара Деңиз менен Мрамор деңизине канал курууга киришти

Azattyk.org 

Өткөн ишембиде Түркиянын тарыхындагы эң ири инфратүзүмдүк долбоор башталганы жарыяланды. Жүк ташыган кемелер жолду кыскартып, кеңири өтүшү өтүү үчүн Кара Деңиз менен Мрамор деңизин бириктирген чоң суу каналынын курулушу башталды. Анын пайдубалын түптөө аземине президент Режеп Тайып Эрдоган өзү катышканын “Анадолу” агенттиги кабарлады. “Стамбул” деген аталыш берилген Босфор кысыгын кайталаган жаңы каналдын курулушу  2028-жылы аяктай турганы пландалууда. Курулуш долбоорунун баасы алдын ала болжол менен 15 млрд. Читать дальше...

Исландия: калктын 87% эмделди, чектөөлөр алынды

Azattyk.org 

Исландияда 26-июндан тарта коронавирустун жайылышын алдын алууга байланыштуу буга чейин киргизилген карантиндик чектөөлөрдүн бардыгы алынды. Ага ылайык, коомдук жайларда беткап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо жана массалык иш-чараларга катышуучулардын санын чектөө сыяктуу чараларды карманууга эч кандай зарылдык жок экени жарыяланды. Исландия пандемияга байланыштуу бардык чараларды жокко чыгарган Европадагы эң алгачкы өлкө болуп калды. Бирок Исландияга чет өлкөлөрдөн кирип-чыгууга салынган тыюу алына элек. Читать дальше...

Москвада полиция беткап тагынбаган аялга күч колдонду

Azattyk.org 

Москванын Куусинен көчөсүндөгү соода борборуна келген аялды полиция беткап тагынбаганы үчүн кармап, ага катуу күч колдонгону тартылган видео тасма интернетке тарады. ИИМ  ал жаран санитардык-эпидемиологиялык эрежени одоно бузуп, аны кармоо маалында полицияга агрессивдүү мамиле кылганын билдирди. Полицияны соода борбордун кызматкерлери чакырып, аял коюлган талапты аткарбай, тоготпой жатканына даттанышкан. Видео тасмада полиция кызматкерлери аялды күч менен имараттан чыгарып, аны жерге сүйрөп алып... Читать дальше...

"Талибан" аскерлерди туткундаганы кабарланды

Azattyk.org 

"Талибан" Ооганстандын Майдан Вардак борбордук провинциясында 50дөн ашуун ооган аскерин кол түшүрдү. Бул тууралуу полиция башчысына шилтеме берип, “Эркин Ооганстан” радиосу билдирди. Майдан Вардак борбордук провинциясынын полиция башчысы, полковник Мустафа Маяр 27-июнга караган түнү башталган оор салгылаштардын жүрүшүндө Ооганстандын коопсуздук күчтөрүнүн 50дөн ашуун кызматкери туткундалганын ырастады. Ал салгылаштын жыйынтыгында Ооганстандын коопсуздук күчтөрү канчалык катуу каршылык көргөзгөнүнө карабай... Читать дальше...

Ошто жол кырсыгынан эки адам каза болду, төрт жашар кыз табылбай жатат

Azattyk.org 

24-июндун кечинде Ош облусунун Кара-Кулжа районунда Тар дарыясына "Портер" үлгүсүндөгү автоунаа түшүп кетип, андагы беш адамдын экөө каза болду, экөө жаракат алды. Төрт жашар кыз табылбай жатат. Жыйынтык болбогондуктан 27-июнда издөө иштери убактылуу токтотулду. Эртең улантылат. Ушуну менен Кыргызстанда июнь айынын ортосунан бери эле жол кырсыктарынан 20га чукул адам ажал таап, ондон ашык киши жаракат алды. Мерт болгондордун, жабыркагандардын арасында жаңы төрөлгөн ымыркай, балдар да бар. ... Читать дальше...



"Тун бала турнаныкы" же эне-баланы ажыраткан салт

Azattyk.org 

Тун наристесин кайын журту багып алган эненин абалы кандай болот? Психолог Жибек Кенжебаева "Небере алуу" көрүнүшүнүн энеге тийгизген таасири" деген темада илимий изилдөө жүргүзгөн. Кыргыз коомунда кеңири кездешкен бул көрүнүш жөнүндө автор менен маек курдук. Аталган илимий ишти Борбор Азиядагы Америка университети "мыкты магистрдик диссертация" деп тааныды.

Ооганстанда талибдерге каршы согушка аялдар кошулду

Azattyk.org 

Ооганстандын Жаузжан провинциясынын Шиберган шаарында бир топ аялдар "Талибанга" каршы салгылашуу максатында өкмөттүк күчтөрдүн катарына кошулуп, колдоруна курал алышты. Жаузжан провинциясынын Аялдар кеңешинин төрайымы Муслима Атои куралдуу аялдар отрядынын башчысы болду. Ал ондогон аялдар оз ыктыяры менен колуна курал алып, “Улуттук кыймыл” партиясы аларды ок-дары менен камсыздаганын айтты. Атоинин айтымында, куралдуу аскер тобуна кирген көпчүлүк аялдардын күйөөлөрү дагы талибдер менен согуштун алдыңкы катарында жүрүшөт. Читать дальше...

“Кызыл зонада” кырдаал оор

Azattyk.org 

Кыргызстанда 27-июнга карата дагы миңге жакын кишиден коронавирус аныкталды. Бул былтыркы жылдын июль айынан берки эң жогорку көрсөткүч. Дарыгерлер эпидемиологиялык кырдаал курч экенин эскертүүдө. Вируска чалдыккандардын саны күндөн-күнгө көбөйүп баратат. Мындай көрүнүш коомчулукту тынчсыздандырып, былтыркы жылдын июль айындагы сценарий кайталанышы мүмкүн деген чочулоолорду күчөттү. “Кызыл зонада” орун эки жол менен азаят” Бишкек шаарынын тургуну Солтобек Эркин коронавирус жугузуп алып, борбордогу... Читать дальше...

AP: Украина Шинжаң боюнча койгон колун чакыртып алды

Azattyk.org 

Киев Кытайдагы адам укугун бузган кырдаал боюнча эл аралык документке койгон колун чакыртып алды. Буга Бээжиндин Украинага коронавируска каршы вакцина берүүнү токтотуу чарасы негиз болду. Бул тууралуу дипломатиялык чөйрөдөгү ишенимдүү булагына таянып Associated Press эл аралык агенттиги маалымат таратты. Дүйнөнүн кырктан ашуун мамлекети, анын арасында Украина дагы 22-июнда Кытайдан тез арада Шинжаңга көз карандысыз байкоочуларды киргизүүнү талап кылган. Укук коргоо уюмдары ырастагандай, Кытайда... Читать дальше...

Жорж Флойддун өлүмүнө айыпталган Дерек Шовинге сот өкүмү чыкты

Azattyk.org 

АКШнын Миннеаполис шаарында полициянын мурдагы кызматкери Дерек Шовин афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнө айыпталып, 22,5 жылга камалды.   Прокурорлор ага 30 жылдык камак жазасын сураган болчу. 2020-жылдын 25-майда 46 жаштагы ынды кара Флойд Миннеаполисте полиция кызматкеринин колунан жан берген. Дерек Шовин аттуу тартип коргоочу анын моюнун тогуз мүнөттөн ашуун жерге ныгыра басып турган. Флойддун өлүмү расизмге жана полициянын зордук-зомбулугуна каршы толкундоолордун башталышына түрткү болгон. Читать дальше...

Талибдер курчоого алган Кундуздан миңдеген үй-бүлө качып чыкты

Azattyk.org 

Ооганстанда ишмердик жүргүзүп жаткан гуманитардык уюмдардын маалымдашынча, 26-июнда Кундуз шаарынан беш миң үй-бүлө качып чыкты. Алар өкмөт күчтөрү менен талибдердин ортосундагы аёосуз салгылашуудан улам үй-жайын таштап качууга аргасыз болушту. Талибдер Кундуз шаарынын айланасындагы райондорду да басып алышты. "Азаттыктын" Кабулдагы кабарчысы Алим Кохкандын айтымында, АКШнын аскерлери Ооганстандан чыгып кете баштаганда "Талибан" жоочуларынын чабуулдары күчөдү. АКШ аскерлерин чыгарып кетүү жараяны 1-майда башталган... Читать дальше...

Москва: полиция милдеттүү эмдөөгө каршы чыккандарды күч менен таратты

Azattyk.org 

Москвада полиция милдеттүү эмдөөгө каршы чыккандарды күч менен таратты. Сегиз адам кармалды. Алардын арасында Москва шаардык Думасынын депутаты Николай Зубрилин да бар. Нааразы тараптын чогулушу Москванын Новопушкинский аянтында болуп жаткан. Анда Мамдуманын депутаты Валерий Рашкин эл менен жолугушуп, ага жүздөгөн адам келгени кабарланды. 25-июнда Орусиянын сегиз аймагында бир катар тармактын кызматкерлерин милдеттүү түрдө эмдөө чечими кабыл алынган. Милдеттүү түрдө эмдөө жүргүзүү тартиби дүйшөмбүдөн тарта жалпысынан 18 аймакка киргизилди. Читать дальше...

"Манас" аэропортунун мурдагы жетекчиси Эмир Чукуев үй камагына чыкты

Azattyk.org 

“Манас” аэропортунун башкармалыгынын мурдагы төрагасы, коррупцияга шектелип камакта отурган Эмир Чукуев үй камагына чыкты. Бул тууралуу анын адвокаты Майрамбек Жумабеков билдирди. “Эмир Чукуевдин бөгөт чарасы бүгүн, 27-июнда Бишкектин Ленин райондук сотунда каралды. Сот аны эч жакка кетпөө тил каты менен тергөө бүткүчө үй камагына чыгарды. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн ал кандай шарт менен бошонгонун айта албайм”, - деди Жумабеков. Бишкектин Ленин райондук соту бул маалымат тууралуу расмий кабар тарата элек. Читать дальше...

Садыр Жапаровдун Ашхабадга сапары башталды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-июнда расмий иш сапары менен Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарына барды. Аны Түркмөнстандын энергетика министри Чарымурад Пурчеков тосуп алды. Садыр Жапаров Түркмөнстанда 27-28-июнь күндөрү болот. Анын алкагында Жапаров Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен эл аралык, регионалдык кызматташтыкты талкуулай турганы күтүлүп жатат. Жапаров мындан тышкары кыргыз-түркмөн экономикалык форумуна катышат жана Түркмөнстандын экспорттук товарларынын көргөзмөсү менен таанышат. Читать дальше...

Көр оокаттын айынан өзүн унуткан энелер

Azattyk.org 

Өзүн экинчи планга коюп, балдары үчүн жанын сабагандар гана "мыкты эне" деген образ эмнеден улам жаралган? "Эже-сиңдилер" телепрограммасында бул жолу ушул темада баарлаштык.

Кумтөр-2012: тогуз саясатчыны толгогон иш

Azattyk.org 

Тергөө “Кумтөр” алтын кенин мамлекетке алууну көздөгөн 2012-жылдагы убактылуу депутаттык комиссиянын тыянагы парламенттен өтпөй калган учурду "кылмыштуу бүтүм" деп тапты. Айыпталуучулардын адвокаттары муну укуктук аныктамага жатпаган түшүнүк катары карашууда. Тергөө шектүүлөргө айыптарды коюп, анык далилдерди көрсөтө албаса, анда мунун "саясий өч алуудан айырмасы жок" деген пикирлер да үстөмдүк кылды. Буга байланыштуу мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен парламенттин экс-спикери Асылбек... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Юные керамисты школы №2120 выиграли три Гран-при конкурса «Мир дому твоему!»


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Ига Свёнтек

Свёнтек: я чувствую, что с каждым годом получаю всё большую поддержку


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Zoomlion продемонстрировала последние достижения на выставке INTERMAT





Путин в России и мире
Москва

Поездам прибавляют ходу // Как может сократиться время пути от Москвы до курортов на Черном море


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Это - война: литовские беспилотники попытались атаковать Минск




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире
Москва

Продюсера Reuters арестовали за публикацию материалов на YouTube-канале «НавальныйLIVE»



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Баста

Рэпер Баста благословил девушку на брак во время своего концерта



Москва

На подмосковных КПО определили лидеров выборки вторсырья за неделю

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net