123ru.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2021

Новости за 15.06.2021

Бишкек, Ошто коронавирус жугузгандар үч эсе көбөйдү

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатат. Бишкек жана Ош шаарлары "кызыл зонага" кирип, ооругандар үч эсе көбөйдү. Бишкектин мурдагы вице-мэри Уланбек Азыгалиев "мыйзамсыз баюуга" шектелүүдө. Новосибирскиде автогаз бекетиндеги жарылуудан кеминде үч кыргызстандык жабыркады.

Дүйнөлүк банк Түркмөнстандын отчетун четке какты

Azattyk.org 

Глобалдык экономикалык көрсөткүчтөрдү талдоодо Түркмөнстандын статистикалык маалыматтары ишенимдүү болбогондуктан Дүйнөлүк банк анын отчетун кабыл алган жок. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлады. Ушундай чара Венесуэлага карата да колдонулган. Быйыл апрель айында Эл аралык валюта кору Түркмөнстандын расмий мамлекеттик статистикасын пайдаланууну токтоткон. Анда Ашхабад менен Эл аралык валюта кору экономиканын өсүшүн эки башка баалаган. Түркмөнстандын статистика комитети 2020-жылы экономиканын өсүшүн 5,9% деп көрсөткөн. Читать дальше...



Тажик чек арачылары Гүлгаакы Мамасалиеваны бошотту

Azattyk.org 

“Интербилим” коомдук бирикмесинин өкүлү, укук коргоочу Гүлгаакы Мамасалиеваны тажик чек арачылары түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн соң кое берди. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясы билдирди. Маалыматты Чек ара кызматынын Баткендеги бөлүмү да ырастады. Ага ылайык, Мамасалиева бүгүн, 15-июнда Баткендин Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү шайлоого байкоо салуу үчүн барган. Ал айылдан бара жатып, чектеш жайгашкан Тажикстандын аймагына билбей кирип кеткендиктен, тажик чек арачыларынын колуна түшүп калган. Читать дальше...

Орусия: мигранттарга документ ирээттөө үчүн берилген мөөнөт узарды

Azattyk.org 

15-июнда Владимир Путин кол койгон жарлыкка ылайык, ушу тапта Орусияда жүргөн чет өлкөлүк мигранттарга документ ирээттөө үчүн  берилген убакыт 30-сентябрга чейин узартылды. Мындай чечимдин мыйзам бузгандарга, улуттук коопсуздукка коркунуч келтиргендерге жана экстремизм менен терроризмге шектелгендерге тиешеси жок. Бул тууралуу kremlin.ru сайтында жарыяланды. Апрелдин башында орус бийлиги Орусияда 115 миңден ашуун кыргызстандык жаран миграция эрежесин сактабай жүргөнүн эскерткен. 15-июндан тарта... Читать дальше...

Түркиянын президенти Тоолуу Карабакка барды

Azattyk.org 

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Азербайжанга жасаган сапарынын алкагында 30 жылдан ашуун Армениянын көзөмөлүндө болуп, былтыр күздөгү согуштун натыйжасында Бакунун карамагына өткөн Тоолуу Карабакка барды. Брюсселде өткөн НАТОнун саммитинен кийин түз эле Бакуга учкан Эрдоган андан ары  Тоолуу Карабактагы Физули аймагына жөнөдү. Бул конуш былтыр күздөгү согушта азери аскерлери кирген эң ири райондук борбор болуп саналат. Физулиде Эрдоганды жубайы менен Азерабайжандын президенти Илхам Алиев тосуп алды. Читать дальше...



Кыргызстан жаңы базар кантип табат?

Azattyk.org 

Экономикасы оор кырдаалга кептелген Кыргызстанга инвестиция тартып, жаңы базарларды табуу маанилүү болуп турат. Учурда кайсы өлкөлөр менен экономикалык катнашты өнүктүрүп, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланса болот?

Футбол: Кыргызстан Жапонияга утулуп калды 

Azattyk.org 

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы жапониялык атаандаштарына 1:5 эсебинде утулду. Оюн 15-июнда Жапониянын Суита шаарында (ред: Panasonic Stadium стадиону) өттү. Бул беттеш 2022-жылы Катарда өтчү Дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайдагы Азия чемпионатына тандоо оюндарынын 2-раундунун жооптук оюну болду. Кыргызстан менен Жапониянын улуттук курамалары 2019-жылы Бишкекте күч сынашып, кыргыз спортчулары 0:2 эсебинде утулган. Жапониянын Осака шаарында 7-июнда Кыргызстандын футбол... Читать дальше...

Талашка түшкөн өрүк бак

Azattyk.org 

Ысык-Көлдө багбан Абыл Байсымаков жеке менчикке сатып алган жерин акыркы төрт жылдан бери айыл өкмөт талашып жатканын айтып жатат. Ал иштетип келе жаткан 2 гектарга чукул өрүк багын Жети-Өгүз районундагы Жаргылчак айыл өкмөтү кайра артка алуу үчүн сотко кайрылган. Айыл өкмөт ошондой эле Абыл Байсымаковго тиешелүү жерди Мамлекеттик каттоо кызматы өз убагында мыйзамсыз каттаган деген билдирүү жасады. Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматы ката айыл өкмөттөн кеткен деп жатат. Ал ортодо багбан ишмердүүлүгүн жүргүзө албай жатканын айтып... Читать дальше...

“Кумтөрдүн” эсебинен Нарын облусун өнүктүрүү фонду түзүлөт

Azattyk.org 

“Кумтөр Голд Компани” ишканасынын эсебинен Нарын облусун өнүктүрүү фонду түзүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 15-июнда "Кумтөр" компаниясынын эмгек жамааты менен жолугушууда белгилүү болду. Президенттин басма сөз кызматы анда Жапаров Кумтөр алтын кенинде мындан ары экология менен айлана-чөйрөнү коргоого көңүл буруларын айтканын билдирди. Кыргызстан “Кумтөр Голд” ишканасына тышкы башкаруу киргизгенден бери бир айга жетпеген убакытта 44 миң унция алтын сатып, 40 миллион доллар дүң киреше алганы айтылды. Читать дальше...

Орусия мыйзам бузган мигранттарга убакыт берди

Azattyk.org 

Орусия президенти Владимир Путиндин 15-июнда чыгарган жаңы жарлыгына ылайык, миграциялык эрежелерди сактабаган чет элдик жарандар эгер олуттуу мыйзам бузбаса, 30-сентябрга чейин жүрө алат. Орус бийлиги мигранттарга документтерин жайына келтирүү үчүн берген буга чейинки мөөнөт 15-июнда аяктады. Былтыр Орусия коронавирус пандемиясынан улам чет өлкөлүктөргө айрым бир миграциялык жеңилдиктерди берген. Атап айтканда, миграциялык мыйзамдарды бузган чет өлкөлүктөр административдик жазага тартылган эмес. Читать дальше...

Садыр Жапаров Кумтөргө барды

Azattyk.org 

Кыргызстан “Кумтөр Голд” ишканасына тышкы башкаруу киргизгенден бери бир айга жетпеген убакыт аралыгында 44 миң унция алтын сатып, натыйжада 40 миллион доллар өлчөмүндө дүң киреше алды. Бул тууралуу ишкананын кызматкерлери бүгүн 15-июнда президент Садыр Жапаров менен жолугушууда айтып беришкенин мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады. Жапаров Кумтөргө барып, карьердеги жана алтын ылгоочу фабрикадагы иштер менен таанышты. Ишкананын кызматкерлери кен мол чыккан жер казыла баштаса алтындын көлөмү көбөйөрүн... Читать дальше...

Эрдоган Кабул аэропортун кайтаруу шарттарын айтты

Azattyk.org 

Түркия Ооганстандын баш калаасындагы эл аралык аэропортту кайтаруу үчүн АКШнын жардамына муктаж. Бул тууралуу түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Кошмо Штаттардын лидери Жо Байден менен Брюсселдеги жолугушуусунан кийин айтты.

Футбол: Кыргызстан Жапонияга 1:3 эсебинде утулуп жатат

Azattyk.org 

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы жапониялык атаандаштарына 1:3 эсебинде утулуп жатат. Жапониянын чабуулчусу Адо Анаю (ред: Ado Onaiwu) үч гол (27-31-34-мүнөттө. Биринчи топ 11 метрлик айып аянттан киргизилди) киргизди. Биринчи таймдын аягында 11 метрлик айып аянттан Кыргызстандын чабуулчусу Мирлан Мурзаев бир топ (45+1) киргизди. Беттеш 15-июнда Жапониянын Суита шаарында (ред: Panasonic Stadium стадиону) өтүп жатат. Бул биринчи таймдагы эсеп. Коронавирус илдетин жугузуп алган... Читать дальше...


Музыкальные новости
Фрэнк Синатра

Леонардо Ди Каприо сыграет Фрэнка Синатру в новом фильме





Персональные новости
Выставка

Выставка достижений народного хозяйства (ВДНХ) отпраздновала “День Космонавтики”





"Акониттин бир эле тамчысы жүрөктү токтотот"

Azattyk.org 

Индира Кудайбергенова Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору болуп экинчи ирет шайланды. Ал "Азаттыкка" курган маегинде шайлоонун чоо-жайы, студенттердин митинги жана жамааттын колдоосу тууралуу айтып берди. - Индира айым, бул жолу ректорду шайлоо жараянына бир күн калганда Билим берүү жана илим министрлиги аны токтотуу тууралуу буйрук чыгарганы белгилүү болду. Бул окуя окуу жайдын жамааты жана студенттеринин нааразылыгын жаратып, митингге чыгарды. Ошентип министрликтин... Читать дальше...

Аспековдун ишинде күбөлөр көрсөтмө бере баштады

Azattyk.org 

15-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда жарандык активист Мелис Аспековдун үстүнөн “Опузалап талап кылуу” беренеси менен козголгон иш боюнча соттук отурум уланды. Шектүү сотко №1 тергөө абагынан видео байланыш аркылуу катышты. Жараянда Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов) көрсөтмө бергенин “Азаттыкка” билдирди. “2020-жылы ноябрда "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчиси Василий Дашков жумуштан кетсин, камалсын деп митинг кылганбыз. Садыр Жапаров “митинг кылган балдарды алып кел” деп айтыптыр. Читать дальше...

Ушаков: Байден Навальный темасын көтөрөт

Azattyk.org 

Орусия тарап АКШ президенти Жо Байден 16-июнда Женевада президент Владимир Путин менен жолугушууда камактагы оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын маселесин көтөрүшү мүмкүн экенин күтүп жатканы белгилүү болду. Бул тууралуу Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков шейшембиде журналисттерге билдирди. Анын айтымында, бул багытта америкалык тараптан абдан көп сигналдар түшкөн. Ошол эле кезде Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Байден менен жолугушууда Навальный маселеси талкууланбай турганын белгилеп... Читать дальше...

Адвокат: Инандынын жубайы түрк элчисине жазган катын тапшыра албай жатат

Azattyk.org 

“Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын жубайы Түркиянын Кыргызстандагы элчисине жазган катын тапшыра албай жатат. Бул тууралуу 15-июнда «Азаттык» радиосуна Инандынын үй-бүлөсүнүн адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирди: “Электрондук кат менен жөнөттүк. Жооп жок болду. Биз колго тапшыралы деп элчиликке барсак күзөт кызматкери катты окуп, элчинин уруксаты керектигин айтты. Анын уруксатын кантип алсак болорун сурасак билбей турганын айтып кетип калышты”. Рейхан Инанды катын 11-июнда жазып... Читать дальше...

Футбол: Жапонияга каршы беттеште дарбазачы Матяш ойнойт

Azattyk.org 

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын 15-июнда Жапониянын футболчуларына каршы оюнунда дарбазачы Павел Матяш оюн талаасына чыгат. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирлиги кабарлады. Буга чейинки Монголия жана Мьянма менен болгон беттеште   коронавируска шек саналган  кыргызстандык үч дарбазачы  тең оюнга катышкан эмес. Буга байланыштуу дарбазаны талаа оюнчалары тоскон. Кыргыз футбол союзу ушундан улам Павел Матяшты Жапонияга жиберип, ал бул жолку оюнга чыкканы турат. Жапониянын Суита шаарында 15-июнда (ред... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Прием заявок на участие в конкурсе на лучшее путешествие по Дальнему Востоку начнется в мае


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

WTA отреагировала на суперкамбэк Елены Рыбакиной


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Прием заявок на участие в конкурсе на лучшее путешествие по Дальнему Востоку начнется в мае





Путин в России и мире
Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о догазификации СНТ  


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Очередные кадровые назначения объявлены в Минске




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире
Москва

В Москве арестован на пять суток историк-публицист Сергеев за пост памяти Навального



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Концерт

Концерт в честь Дня труда прошел в Красногорске



Москва

В России научились остановить кровь за 15 секунд

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net