123ru.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2021

Новости за 12.06.2021

"Кумтөр ишин кароо АКШнын юрисдикциясына кирбейт"

Azattyk.org 

Кумтөргө байланыштуу Нью-Йорктогу соттун чоо-жайы тууралуу Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогон адвокат, “Arnold & Porter” эл аралык юридикалык фирмасынын өнөктөшү Бенжамин Минц “Азаттык” радиосуна алтын кендин айланасындагы акыркы окуяларга байланыштуу комментарий берди. Кумтөр кенин иштеткен “Кумтөр Голд” жана “Кумтөр Оперейтинг” ишканалары АКШнын банкроттуулук жөнүндөгү федералдык кодексинин 11-бөлүмүнүн негизинде Нью-Йорктогу сотко кайрылганын аталган компанияларга ээлик кылган канадалык “Центерра Голд” компаниясы 31-майда билдирген. Читать дальше...

NASA Чолпондогу "тозокту" изилдейт

Azattyk.org 

Таңдайды такылдатуу менен эхолокацияны үйрөнсө болот. “Тозокко окшош дүйнө” изилдене баштады. Лазердик микроскоптордун доору аяктап баратат. “Азаттыкта” кайрадан илим жаңылыктары. Адам 10 жуманын ичинде эхолокацияны үйрөнө алат Эхолокация – көп учурда дельфин жана жарганатка мүнөздүү деп сыпатталган жөндөм. Бирок бул жөндөмдү көзү азиз адамдар да колдонуп, үн чыгаруу аркылуу айланасындагы заттардын көлөмүн, турган ордун аныктай алат. Бул үчүн айрымдар атайын таякчаларды колдонсо, айрымдары манжаларынын жардамы менен үн чыгарат. Читать дальше...

Спорттон ырга оогон Байсал

Azattyk.org 

Байсал Изабеков казакстандык ырчы Димаш Кудайбергеновдун күйөрманы. Анын чыгармачылыгынан таасир алып, ырдаганын туурап отуруп өзү да уникалдуу үнгө ээ болгон. Учурда аны "Кыргыз Димашы" деп таанышат. Бир кезде спорт менен машыккан жигиттин жаңы өнөрүн чогуу көрөлү.



Орусиялык блогер Юрий Дудь маңзатты үгүттөөгө айыпталды

Azattyk.org 

Москва шаарынын Зюзинский райондук сотуна орусиялык журналист, блогер Юрий Дудду интернетте маңзатты үгүттөөгө айыптаган административдик иш келип түштү. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматы кабарлады. Быйыл апрелде “Коопсуз интернет лигасынын” директору Екатерина Мизулина Дуддун YouTube каналындагы видеого байланыштуу полицияга даттанган. Уюмдун Ички иштер министрлигине жолдонгон арызында блогердин Моргенштерн жана Ивангай менен болгон эки интервьюсунда баңгизатты жактаган сөздөр айтылганы белгиленет. Читать дальше...

Бейтааныш кызга көчөдөн асылуу - айбандык

Azattyk.org 

Жакында журналист кызды көчөдө бейтааныш жигит жамбашка чапкан. Кийинчерээк ал адам милицияга келип кыздан кечирим сураган. Бул окуя “харассмент” башкача айтканда ыдык көрсөтүү темасын кайра актуалдаштырды. "Эже-сиңдилер" телеберүүсүндө Кыргызстандагы ыдык көрсөтүү маселеси тууралуу кеңири талкуу уюштурдук.

Баткендин мурдагы мэри 77 жер тилкесин мыйзамсыз бергени аныкталды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет соңку он жылдан бери Баткенде расмий жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө байланыштуу документтерди жасалмалоо жана каттоо багытындагы туруктуу коррупциялык схема аныкталганын кабарлады. Анда айтылгандай, Баткен шаарынын мурдагы мэри “С.С.” 2010-жылдагы жасалма токтому менен жер тилкелердин ар бирин 40 миңден 70 миң сомго чейин жеке жарандарга сатып турган. Ушул эле токтомго таянган Баткен облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысынын... Читать дальше...

Дубай түрмөсүн көргөзгөн аманат азабы

Azattyk.org 

"Абак азабы" түрмөгүнүн бул жолку чыгарылышында Бириккен Араб Эмирликтеринде тыюу салынган дары менен аба майданында кармалып, бир нече жылга кесилип кеткен кыргызстандыктардын Дубай абагында тарткан азабы тууралуу сөз болот.

АКШда Пулитцер сыйлыгынын лауреаттары аталды

Azattyk.org 

Америка Кошмо Штаттарында журналисттер арасында жогору саналган Пулитцер сыйлыгынын лауреаттары аталды. Reuters жана Associated Press агенттиктери, Atlantic журналы жана The New York Times гезити коронавирус пандемиясын чагылдырганы үчүн бул престиждүү сыйлыкка татыды. Reuters, Associated Press агенттиктери жана Los Angeles Times менен Minneapolis Star Tribune гезиттеринин журналисттери афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнүн кийинки кармоолордун фонундагы АКШдагы расалык теңсиздикти чагылдырганы үчүн сыйлыкка ээ болушту. Читать дальше...



Түрк футболчусу автогол киргизип, Европа чемпионатынын тарыхында калды. Видео

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Футбол боюнча Европа чемпионатынын эң алгачкы голу оюнчу өзүнүн дарбазасына топ киргизип алышы менен башталды. Мындай жагдай чемпионаттын тарыхында биринчи жолу катталды.

Дубайда абакта жаткан кыргызстандыктар

Azattyk.org 

Бириккен Араб Эмирликтеринде тыюу салынган дары менен Дубай полициясына кармалып, абакта жатып чыккан Азиз жана Оксананын баяны. Белгилүү себептерден улам бизге кайрылган эки каарманыбыздын аты-жөнү өзгөртүлдү. Экөө тең 2019-жылдын сентябрь айында Дубайдан милиция кызматкерлери берип жиберген жүк үчүн кармалып, абакта жатып чыгышкан. Аманат азабы 29 жаштагы Оксана БАЭде эс алууну чечип, 2019-жылы билет сатып алган. 8-сентябрда учмай болуп "Манас" эл аралык аба майданына барат. Учакты күтүп... Читать дальше...

Жалал-Абад шаарында жаштар элди ынтымакка чакырган граффити тартышты

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаарындагы Жусуп Абдрахманов көчөсүнө улуттар аралык мамилени бекемдеген стрит-арт граффити сүрөтү тартылды. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлашты. Сүрөттө ар кайсы улуттун өкүлдөрү тартылган. «Биз көп улуттуу элбиз, ар түрдүү инсандарбыз, бирок биримдикте бардык кыйынчылыктарды жеңе алабыз» деген сөз жазылган. Граффитинин капталына QR код коюлду, андан смартфон аркылуу түрдүү маалыматтарды окууга мүмкүнчүлүк болот. Маалыматта айтылгандай, сүрөттү тартууну шаардагы жаштар демилгелеп... Читать дальше...

Кыргызгидромет: Аба ырайы туруксуз болуп, сел жүрүшү мүмкүн

Azattyk.org 

Кыргызгидрометеорология агенттиги шашылыш билдирүү таратып, 12-15-июнда республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба ырайы күтүлөрүн, сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти. 13-июнда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Талас... Читать дальше...

Бизнес-акыйкатчы социалдык төлөмдөр жөнүндө депутаттар сунуштаган мыйзамды айыптады

Azattyk.org 

Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит Жогорку Кеңештин депутаттары сунуштаган социалдык төлөмдөр жөнүндө мыйзам долбоорун кескин айыптады. Ал өзгөртүүлөрдү дагы анализдеп чыгууга жана бизнес коомчулуктун катышуусунда кайрадан талкуулоого чакырды. Бизнес-акыйкатчы мыйзам долбоорунда мамлекеттик камсыздандыруу төлөмдөр жумуш берүүчүлөргө 15,25% жана жумушчуларга 13% деп коюлуп жатканын сынга алды. Ал натыйжада бул ченем 28,25% болуп, мурдагыдан 1% (27,25%) көбөйө турганын белгиледи. “Бизнес-акыйкатчы... Читать дальше...

Түркия Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам бере турган болду

Azattyk.org 

Түркия Кыргызстандын Коргоо министрлигине гранттык негизде аскердик-техникалык жардам көрсөтүү ниетин билдирди. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин президент Садыр Жапаровдун Түркиядагы иш сапарынын жыйынтыгы тууралуу берген билдирмесинде айтылат. “Президенттер Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдогандын жолугушуусу — эң жогорку деңгээлдеги биринчи саясий байланыш. Эки өлкөнүн лидерлери бири-бирин колдоого алып, тет-а-тет жана кеңейтилген форматтагы жолугушууларды өткөрүштү”... Читать дальше...

Беларуста камакта жаткан активисттин ата-энеси Меркелден жардам сурашты

Azattyk.org 

Беларуста мажбурлап кондурулган учактан уурдалып, камакка алынган активист Роман Протасевичтин ата-энеси Дмитрий жана Наталья Пратасевичтер Германиянын канцлери Ангела Меркелге кайрылып, уулун бошотууга көмөктөшүүнү суранды. Бул тууралуу алар Bild немис телеканалына 12-июнда курган интверьюсунда билдиришти. Алар Минскиде жаткан уулу жана башка саясий туткундар кыйноого кабылып жатканын белгилешти. "Биз күнөөсүз адамдарды түрмөдөн чыгарып берүүгө жардам кылууңузду көптөн-көп суранабыз. Аларга чукул жардам керек... Читать дальше...

Жаш пианисттер сынагында кыздар жеңди

Azattyk.org 

Калый Молдобасанов атындагы кыргыз улуттук консерваториясында өткөн “Жаңы муун” аттуу жаш пианисттердин республикалык конкурсу жыйынтыкталып, жеңүүчүлөрү аныкталды. Анда 14 жаштан 18 жашка чейинки биринчи категориядагы пианисттерден баш байгени Дильназ Бакытбекова жеңип алса, 18 жаштан 25 жашка чейинки таланттар арасында гран-приге Ибраимова Алтынай татыктуу болду.

Мээримди көчөдөн издеген балдар

Azattyk.org 

Ушул жуманын башында Нарындан жоголгон 11 жаштагы кыз эки күндөн кийин Бишкектен табылган. Бул окуя балдар менен өспүрүмдөрдүн үйдөн качышынын себептери эмнеде, коомдогу балага мамиле кандай болушу керек жана жаш муундардын психологиясында өзгөрүү болуп жатабы деген суроону күн тартибине чыгарды.

Кыргыз-түрк ишкерлери Кыргызстанда өнөр жай аймагын курууну макулдашты

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаровдун Түркияга жасаган үч күндүк иш сапарынын алкагында экономикалык багыттагы беш келишимге кол коюлду. Бул тууралуу инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматовдун президенттин иш сапарынын жыйынтыгы тууралуу берген билдирмесинде айтылат. Президенттин сайтындагы маалыматта ал келишимдердин бирине өзүнчө токтолуп, Түркиянын “Остим” өнөр жай аймагынын моделине окшош системаны Кыргызстанда куруу жана жайылтуу пландаштырылып жатканын белгиледи. Анда бир аймакка 600дөн ашуун компания чогултулат. Читать дальше...


Музыкальные новости
Shaman

Shaman направит деньги от концерта в Ессентуках пострадавшим в "Крокусе"





Персональные новости
Домодедово

Водителя водовоза, врезавшегося в лайнер в Домодедово, парализовало за рулем





Кыргызстандык оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков Олимпиадага лицензия алды. Сүрөт

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Кыргызстандык оор атлетчилер федерациясынын вице-президентинин айтымында, Бакдөөлөт Расулбеков 96 килограмм салмакта дүйнөдөгү 10 мыкты оор атлетчинин катарында.

Бишкек-Ош жолундагы автокырсыкта алты адам мерт болду

Azattyk.org 

Бишкек-Ош жолунун 495-чакырымында, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Ууру-Жар айылына тушташ жерде 12-июнда эки автоунаа кагышып, алты адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматта айтылгандай, "Мерседес-Бенц" жүк ташыгыч автоунаасы менен менен "Хонда-Одиссей" үлгүсүндөгү машине сүзүшкөн. Кырсыктан дагы эки адам жабыркаган. Алардын аты-жөнү такталууда. Окуя болгон жерге ӨКМдин Ноокен районундагы №55 куткаруу тобунан төрт кызматкер тартылып, каза болгондорду жана жабыркагандарды автоунаадан чыгарышты. Читать дальше...

Ош шаарында массалык иш-чарага июлга чейин тыюу салынды

Azattyk.org 

Ош шаарындагы оор санитардык-эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 1-июлга чейин экинчи борбор калаада бардык массалык иш-чараларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясы кабарлады. Маалыматта айтылгандай, келерки айдын башына чейин белгиленген концерттик программалар, календардык салтанаттар, спорттук мелдештер жана башка иш-чаралардын баарына чектөө кирет. Коомдук транспорттор 60-70% ашык толтурулбашы шарт, беткап, санитайзер, аралык жана башка эрежелер так сакталышы керек. Читать дальше...

Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Azattyk.org 

Бишкек шаарында Ички иштер министрлигинин тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган киши алдамчылыкка шек саналып кармалды. Бул тууралуу борбордун Октябрь районунун ички иштер бөлүмү кабарлады. Маалыматта айтылгандай, быйыл 26-январда аталган бөлүмгө жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Ал А.Р. аттуу жаран аны 2 миллион сомго алдап кеткенине даттанган. Жабырлануучунун айтымында, шылуун өзүн банктын өкүлү катары тааныштырып, насыясын жаап берүү максаты менен алдаган. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Федерация бокса России на ВДНХ


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Чесноков оценил шансы Александровой в борьбе за выход в финал турнира WTA в Майами


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

В Москве прошла эковыставка Hydrate The World





Путин в России и мире
Москва

Мособлдума выступила за присвоение Красноармейску высокого звания


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Киев признал стагнацию ВСУ по всей линии фронта


Навальный в России и мире
Москва

Силовики задержали за сутки пятерых журналистов, часть проходит по делу об «участии в работе ФБК», одного жестоко избили при задержании



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Ольга Бузова

Ольга Бузова стала человеком-невидимкой на ТВ-3 в новом сезоне легендарного шоу о звёздах



Москва

Аэропорт Якутск с 31 марта перейдет на весенне-летнее расписание

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net