"Temirov LIVE" кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу журналисттик иликтөө жарыялады
Болот Темиров баштаган иликтөөчү журналисттердин "Temirov LIVE" каналы 5-июнда кыргыз-тажик чек арасындагы бир ай мурда болгон жаңжалды иликтеген видео иликтөө жарыялады. Анда окуя Тажикстан тараптан атылган октон башталганы, негизинен кыргыз тараптагы гана үйлөр өрттөлгөнү, чатактын алдында коңшу өлкөгө курал-жарак ташыган учак конгону, тажик аскерлери көтөргөн куралдар алыскы өлкөлөрдөн алынып келингени баяндалат. Тажикстан соңку жылдары чоң көлөмдөгү курал-жарак сатып алганы сандар менен көрсөтүлөт. Читать дальше...