123ru.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2021

Новости за 04.06.2021

Тоолуу Карабакта мина жарылып, эки журналист мерт болду

Azattyk.org 

Тоолуу Карабакта мина жарылып, эки азербайжандык журналист жана бир жергиликтүү аткаминер набыт болду. Азербайжандын Коргоо министрлиги билдиргендей, мина Калчабар районунда жарылган. Каза болгон Сирак Абисов мамлекеттик AzTV телеканалынын журналисти, ал эми Магеррам Ибрагимов AzerTag мамлекеттик агенттигинин кызматкери эле. Жардыруудан жергиликтүү аткаминер көз жууп, дагы төрт адам жарадар болду. Былтыр күзүндө Түштүк Кавказдагы эки өлкө ортосунда Тоолуу Карабак анклавы үчүн алты жумалык согуш чыккан. Читать дальше...

Чек ара: Чоң-Алайдагы айылдардын тургундары эвакуация болууда

Azattyk.org 

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан Жекенди айыл өкмөтүнүн тургундары райондун борбору Дароот-Коргонго жана башка айыл өкмөттөргө эвакуация болууда. Бул тууралуу Ош облустук администрациясы билдирди. Маалыматта саат 19:30га карата Чоң-Алай райондук администрациясы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте жергиликтүү тургундарды коопсуз аймакка көчүрүп жатканы айтылат. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев эвакуацияны уюштуруу иштерин жеке көзөмөлүнө алууда. Читать дальше...



Кыргызстан Унжу-Булак аймагы боюнча Тажикстандын билдирүүсүнө жооп берди

Azattyk.org 

Кыргызстандын Министрлер кабинети Ош облусундагы Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак участогуна байланыштуу Тажикстан тараткан маалыматты четке какты. Министрлер кабинетинин билдирүүсү расмий сайтына жарыяланды. Анда Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегациялары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча биргелешкен иш жүргүзүп жатканы, бирок, аны жазуу процесси жыйынтыктала электиги айтылат. “Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасы ортосунда аталган... Читать дальше...

Курчуган жагдай, кырсыктаган тик учак

Azattyk.org 

- Камчыбек Ташиев Чоң-Алайга барды. Ал кыргыз-тажик чек арасындагы кезектеги чыңалууну чечүү үчүн коңшу өлкөнүн коопсуздук комитетинин башчысы менен жолукканы айтылууда. Бул арада Ташиевди Чоң-Алайга коштоп барган вертолёт аварияга учурады. - Баткенде чек-арада жайгашкан Таш-Тумшук айылынын тургундары президентке кайрылып, айылдан көчүрүп кетүүнү суранып жатышат. Алардын айтымында, Таш-Тумшукта жашаш кооптуу болуп калды. - Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласынын Британиядагы хан сарайынын курулушу аяктап калды. Читать дальше...

Ийгилик сырын китептен издегендер

Azattyk.org 

Кыргызстанда соңку жылдары ийгиликтүү болууну, маңыздуу жашоону үйрөткөн мотивациялык китептер көбүрөөк сатыла баштады. Окурмандар жана китеп соодасы менен алектенгендер бул көрүнүшкө кандай баа берет?

Кодуранова: КСДП лидерлигин Өмүрбек Бакировго өткөрүп берүү мыйзамсыз

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун фракция лидерлигин убактылуу депутат Өмүрбек Бакировго өткөрүп бергени мыйзамсыз экенин билдирди. “Фракцияны чогултуп, анан убактылуу лидерди шайлайлы деш керек эле. Иса Өмүркулов 2020-жылы парламенттик шайлоонун астында "КСДП партиясынан чыктым" деп арыз жазган. Арыздын түп нускасы бар. Анын фракция лидерлигинин мыйзамдуу экени талаштуу. Фракция лидерлигинен кетсе орун басарына өтүш керек болчу. Орун басары Төрөбай Зулпукаров, ал камакта. Читать дальше...

Беларус учактарына Евробиримдикке кирүүгө тыюу салынды

Azattyk.org 

Евробиримдик 4-июнда беларус авиакаттамдарына шаркеттин аба майданы аркылуу учууга жана биримдиктин аэропортторуна конууга тыюу салды. Бул чара Беларустун 23-майда "Ryanair" учагын күч менен кондуруп, журналист Роман Протасевичти камакка алышына байланыштуу кабыл алынды. Евробиримдик өз авиакомпанияларына Беларустун аба майданынан айланып өтүүгө чакырды. Беларустун «Белавиа» улуттук авиакомпаниясы Беларус менен Европанын 20 аэропортунун ортосунда каттамдарды жүргүзүп келет. Алардын арасында Хельсинки... Читать дальше...



Башкы штаб: Кырсыктаган тик учак боюнча кызматтык иликтөө башталды

Azattyk.org 

Башкы штаб Ош облусунун Ноокат районунда кырсыкка учураган тик учак тууралуу кошумча маалымат таратты. Анда 4-июнда саат 12:45 аралыгында Куралдуу күчтөрүнүн тик учагы Ош облусунун Ноокат районунун Кичи-Алай айылынын аймагында аргасыз конгону, катуу конуунун жыйынтыгында тик учактан өрт чыкканы айталат. Башкы штаб акыркы маалыматтар боюнча учактагы 15 адамдын (12 киши жана 3 экипаж мүчөлөрү) ичинен үчөө ар кандай деңгээлде күйүк алышканын билдирди. Буга чейин Коргоо министрлиги кырсыктаган тик учакта он адам болгонун... Читать дальше...

АКШ Өзбекстанга вакцина жөнөтүшү мүмкүн

Azattyk.org 

Вашингтондун 80 миллион доза коронавируска каршы вакцинаны башка мамлекеттер менен бөлүшүү планынын алкагында, Өзбекстанга дагы препараттар жөнөтүлүшү мүмкүн. Бул маселе Өзбекстандын Кошмо Штаттардагы элчиси Жавлон Вахабовдун АКШ вице-президентинин атайын кеңешчиси Лиза Сойер менен жолугушуусунда сөз болду. Тараптар Өзбекстандын парламент спикери Танзила Нарбаева менен Американын вице-президенти Камала Харрис менен алдыда боолгонуп жаткан жолугушуусун да талкуулашты. Өзбекстанда эмдөө 1-апрелде башталган. Читать дальше...

КСДП фракциясынын лидерлиги Өмүрбек Бакировго өттү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын жана көпчүлүк коалициясынын лидери алмашты. Жогорку Кеңештин депутаты КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов чет өлкөгө узак убакытка дарылануу үчүн кетип жатканына байланыштуу фракция лидерлигин убактылуу депутат Өмүрбек Бакировго, Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын лидерлигин убактылуу “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери Жыргалбек Турускуловаго өткөрүп бергени тууралуу КСДП фракциясынын депутаттарына кат жолдоду. Иса Өмүркулов былтыр октябрда жыйынтыгы... Читать дальше...

Шайкеш келбеген мыйзамдар шайлоону кечеңдетти

Azattyk.org 

Жогорку Кеңешке шайлоонун күнү дагы деле белгисиз болууда. Саясий чөйрөдө быйыл октябрь айында өтөт деп айтылганы менен датасы расмий бекитиле элек. Президенттин администрациясы муну жаңы шайлоо мыйзамдарын кабыл алуу зарылдыгы менен байланыштырды. Шаштыны кетирген шайлоо мыйзамдары Легитимдүүлүгү талаш жараткан Жогорку Кеңештин VI чакырылышы кайрадан талкуунун чордонуна чыкты. Буга парламенттик шайлоонун датасына байланыштуу маселе себеп болду. Былтыр 22-октябрда Жогорку Кеңеш мөөнөтүн узартуу... Читать дальше...

"Ордо оюндарынын курмандыгы болгом"

Azattyk.org 

“Азаттык” радиосунун “Бийлик сырлары” берүүсүнүн бул жолку коногу Нарын, Талас облустарынын мурдагы губернатору Бейшен Болотбеков болду.

"Иштен кетишиме интригалар себеп болгон"

Azattyk.org 

“Азаттык” радиосунун “Бийлик сырлары” берүүсүнүн бул жолку коногу Нарын, Талас облустарынын мурдагы губернатору Бейшен Болотбеков болду. Ал маекте эки облуска жетекчи болгон кездеги интригалар, себептери, үй-бүлөлүк башкаруунун курмандыгы болгону, саясатчылар Акаев, Ашыралиев, Чынгышев, Бакиев менен мамилеси ж.б. маселелерди кеп кылат.

Протасевичтин видеосу санааркоону күчөттү

Azattyk.org 

Беларустун мамлекеттик телеканалы журналист Роман Протасевичтин көзүнө жаш алып, өзүнө коюлган айыптарды "мойнуна алганын" айткан видеосун жарыялады. Бул видео журналист Беларуста кысымга кабылып жатканы тууралуу тынчсызданууну күчөттү.

Жол кирени көтөрүүгө макулсузбу?

Azattyk.org 

Бишкекте жүргүнчү ташыган кичи автобустар үч күн катары менен каттамга чыккан жок. Алар жол кирени 15 сомго чейин көтөрүп берүүнү талап кылып, иш таштаган. Шаар мэриясы болсо жергиликтүү өкмөттүк мекемелерди элди акысыз ташууга милдеттендирип жатат. Ал эми шаар тургундары жол киренин көтөрүү тууралуу пикири кандайт? Бул суроону Лазат Жаныбек кызы шаардыктарга узатты.

Чек ара: Таш-Тумшуктагы жаңжалдын тагы

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалдан бери бир айдан ашык убакыт өтсө дагы Исфара-Аксай-Ворух жолунун боюндагы Таш-Тумшук айылынын тургундары үйлөрүнө толук кайтып келе элек. Алар президентке кайрылуу жолдоп, көчүрүп кетүүнү суранып жатышат. Тажикстандын Кожалы айылынын курчоосунда турган Таш-Тумшукта мурда 150 үй болсо, азыр 38 эле түтүн калган.


Музыкальные новости
Денис Мацуев

Денис Мацуев представил музыкальный фестиваль в Ставрополе





Персональные новости
#123ru.net

Холдинг Sunlight приглашает на работу геммологов





Чоң-Алайдагы абал

Azattyk.org 

Чоң-Алай районунда кыргыз-тажик чек арасында абал чыңалып турат. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматы маалымдады.

Чек ара: Унжу-Булактагы абал турукташты

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы саат 14кө карата Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасынын Унжу-Булак аймагында абал туруктуу экенин билдирди. Анда “Тийиштүү кызмат адамдары жеринде жана абалды жөнгө салуу боюнча чараларды көрүүдө. Чек ара кызматынын бөлүктөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө”, - деп айтылат. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 4-июнда эртең менен Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районуна чукул учуп кеткен. Мунун алдында Чек ара кызматы аталган... Читать дальше...

"Лукашенко турганда Минск Бакиевди бербейт"

Azattyk.org 

Афиныдан Вильнюска бараткан жүргүнчү учактын Минскиге күчтөп кондурулуп, борттогу оппозициялык журналисттин кармалышы Беларус менен Батыштын мамилелерин ого бетер курчутту. Александр Лукашенко бийликте турган маалда Курманбек Бакиевдин Бишкекке экстрадициясы мүмкүнбү?

Спорт в России и мире
Москва

Центр «ВОИН» открыл новые региональные отделения


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
ATP

Сафиуллин не смог выйти во второй круг турнира ATP в Барселоне


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге об эффективности проекта «Генеральная уборка»





Путин в России и мире
Москва

Рязанские дизайнеры представили свой бренд одежды на модном показе Estet Fashion Week


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

У помощника Лукашенко по общим вопросам нашли три квартиры в Минске




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Захарова: Западу неинтересны планы Киева по атаке на Крымский мост


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Владимир Высоцкий

Владимир Высоцкий — «Диалог у телевизора»



Москва

При силовой поддержке Росгвардии задержаны подозреваемые в организации незаконной миграции

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net