Тажикстан Пакистандан курал-жарак алабы?
Пакистандын премьер-министри Имран Хан шаршембиде Тажикстан менен коргоо тармагындагы алакаларды өнүктүрүү талкууланганын билдирди. Расмий Дүйшөмбү эч кандай комментарий бере элек.
Пакистандын премьер-министри Имран Хан шаршембиде Тажикстан менен коргоо тармагындагы алакаларды өнүктүрүү талкууланганын билдирди. Расмий Дүйшөмбү эч кандай комментарий бере элек.
Учурда Жазык, Жазык-процесстик, Административдик укук бузуулар жөнүндөгү кодекстердин жаңы редакциясы, Жазык-аткаруу кодекстерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзамдардын долбоору талкууланып жатат. Анын өзгөчөлүктөрүн, адам укуктарына таандык тобокелчиликтерди “Азаттык” “Арай көз чарай” талкуулады.
Спортчу бир нече күн мурун 100 метр аралыкты кыска убакытта сүзүп өтсө, бүгүн ошол эле турнирде 50 жана 200 метр аралыкта сүздү. Үчөөндө тең коло алды.
Орусияда оппозициячыл саясатчы, мурдагы депутат Геннадий Гудковго курал-жарак жана ок-дарыны мыйзамсыз сактаган деген айып менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары укук коргоо органдарына шилтеме берип жазып чыкты. Маалыматка караганда, Гудковдун кеңсесин тинтүү учурунда "Макаров" тапанчасынын 50 огу табылган. Ага уруксат кагазынын мөөнөтү өтүп кеткени белгилүү болгон. Бул кылмышка шектүү адам беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Геннадий Гудков коопсуздук кызматынын ардагери. Читать дальше...
Бир нече укук коргоо уюму Пакистандагы журналисттерге кол салуулар көбөйүп жатканына камтачылыгын билдирди. Human Rights Watch, Amnesty International жана Юристтердин эл аралык комиссиясынын биргелешкен билдирүүсүндө Пакистан бийлигин маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө кол салууларды иликтөөгө чакырышты. Соңку учурда бир нече тажрыйбалуу журналист коркутуп-үркүтүүлөрдөн улам ишмердигин токтотууга аргасыз болгон. Жеке менчик Geo TV телеканалы обого чыкпай, өлкөдөгү англис тилдүү гезиттин баслышына бийлик тоскоолдук жаратты. Читать дальше...
Баткен районунун Паскы-Арык айылында кызмат өтөп жатып, куралды этиятсыз колдонгону айтылган аскерлердин экинчиси 3-июнда каза болду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады. 1-июндагы окуяда чек ара отрядында иштеген аскерлердин бири каза таап, экинчиси оор жаракат алган эле. Алган жарааттарынан улам экинчи аскер 3-июнда көз жумду. Тийиштүү органдар бул факты боюнча жеринде териштирүү жүргүзүп жатышат. (BCh)
Human Rights Watch уюму Евробиримдиктин жетекчилигин Кыргызстандын бийлигине Азимжан Аскаровду актоо боюнча катуу талап коюуга чакырды. Уюмдун сайтындагы билдирүүдө Аскаров тууралуу кыргыз соттору жана бийлигинин адилетсиз чечимдерине карата нааразылыктар жазылган. "4-июнда Брюсселде өтчү эл аралык "Бир дүйнө" фестивалынын алкагында Азимжан Аскаровдун аялы Хадича Аскарованын катышуусу менен Марина Шупак тарткан "Адилеттүүлүктүн акыркы шансы" аттуу даректүү тасма көрсөтүлүп, андан соң талкуу болот. Читать дальше...
Бүгүн, 3-июнда Кыргызстан менен Канаданын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев жана Марк Гарно телефондон сүйлөштү. Эки министр Кумтөр кенинин айланасында пикир алышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады. Казакбаев "кыргыз бийлиги ак ниет чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарт түзүүгө даяр экенин, "Кумтөр" долбоорунун айланасындагы кырдаалды бир тараптуу кабыл алууга өбөлгө түзүүчү билдирүүлөрдү жасоодон алыс болуу керектигин" белгилеп, өлкөгө мыйзамдарды, айлана-чөйрөнү... Читать дальше...
Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов Жогорку Кеңештин 3-июндагы отурумунда ишкерлер Өзбекстандан 350 автобус алып келүүнү сунуштап жатканын билдирди. "Биздин ишкерлердин катышуусунда Өзбекстандын "Самарканд-авто" заводу менен "Исузу" маркасындагы 350 автобусту алуу боюнча келишимге кол койгонбуз. Аларды биздин, кыргызстандык ишкерлер өз акчасына алып келишет. Аутсорсинг система менен биз аларга шаардан каттам линиясын беребиз. Биринчи партиясы - 50 автобус ушул айдын аягына чейин алып келиниши күтүлүп жатат. Читать дальше...
Кыргызстан Европа Биримдиги менен кеңири кызматташтык тууралуу келишимге кол койгону жатат. Бул президент Садыр Жапаров Брюсселге барганда ишке ашмакчы. Кызматтык миссиясын жыйынтыктап жаткан Евробиримдиктин Борбор Азиядагы атайын өкүлү Петер Буриан 3-июнда Бишкекте жергиликтүү журналисттер менен жолукту. Ал Садыр Жапаровдун болочоктогу Брюссель сапары, Бишкек менен аталган уюмдун алака-катышы тууралуу суроолорго жооп берди. Ага ылайык, Жапаровдун Брюсселдеги сапарында эки тараптуу өнөктөштүк... Читать дальше...
Парламентте коррупцияга шектелип кармалган мурдагы жана азыркы чиновниктердин кимиси канча акча төлөгөнүн ачыктоо талап кылынды. Бишкекте жоголгон "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды дагы деле табыла элек.Тажикстан менен Пакистан аскердик жаатта кызматташаары Эмомали Рахмондун Исламабадга болгон сапарында айтылды.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-июнда кол койгон жарлыкка ылайык, Тойгонбай Абдыкаров Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору болуп дайындалды. Ага чейин бул кызматта Медер Карабаев иштеп келген. Абдыкаров Юстиция министрлигинин расмий каттоосунда "Транс Бутик" аттуу дүңүнөн соода кылган жоопкерчилиги чектелген коомдун жетекчиси катары катталган. 2021-жылдын февраль айына чейин мекеменин башында президент Садыр Жапаровдун мурдагы жактоочусу Акин Токталиев турган. 9-февралда ал бул кызматтан бошоп... Читать дальше...
Бишкекте жүргүнчү ташыган кичи автобустар эки күндөн бери каттамга чыккан жок. Алар жол кирени 15 сомго көтөрүп берүүнү талап кылышууда. Шаар мэриясы кенемтени толтуруу үчүн райондук акимчиликтерди, муниципалдык мекемелерди жүргүнчүлөрдү ташууга милдеттендирди. Башкалаада жүргүнчү ташыган кичи автобус айдоочуларынын иш таштоосу 3-июнда да уланды. Алар шаар бийлигинен жол кирени азыркы 10 сомдон 15 сомго кымбаттатууну талап кылып жатышат. Шаарда бир нече жерде чогулган айдоочулар күйүүчү май... Читать дальше...
Коопсуздук кеңшинин катчысы Марат Иманкулов бүгүн, 3-июнда үч күндөн бери табылбай жаткан Орхан Инандыга байланыштуу укук коргоо органдары менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Кеңешмеге Ички иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлдөрү катышып, ыкчам-тергөө, издөө иштери тууралуу маалымат беришти. Кеңешмеде Марат Иманкулов Орхан Инандыны издөө иштерин күчөтүүнү тапшырды. Инандынын эшиги ачык калган машинеси... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин 3-июндагы отурумуна Бишкек шаар башчысынын милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов чакырылып, калаада түзүлгөн акыркы кырдаал боюнча депутаттардын суроолоруна жооп берип жатат. Ал маршруттук таксилер боюнча кырдаалды мындан ары кантип чечишти билбей жатканын депутаттарга айтты. "Биз маршруттук таксилер эртең ишке чыгабы же чыкпайбы билбейбиз. Сүйлөшүү жүргүзүп, алардан өтүндүк. Бул көйгөйдү чечүүнүн дагы кандай жолу бар, билбейм. Жүргүнчү ташыган фирмаларды сентябрга чейин чыдап тургула десек, макул болбой жатышат. Читать дальше...
Бишкекте жоголгон "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды дагы деле табыла элек. Аны издеп жаткан Ички иштер министрлиги (ИИМ) окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат бербей турат.
Жогорку Кеңештин 3-июндагы отурумунда жабык электрондук добуш берүү аркылуу Альберт Көлөпов акыйкатчынын орун басары болуп шайланды. Шайлоого тогуз талапкер катышты. Аларды депутаттарга акыйкатчы Токон Мамытов тааныштырды. Альберт Көлөпов 50 жашта. 2005-жылдан бери Акыйкатчы институтунун аппаратында иштейт. Саясий илимдердин кандидаты. (МТа)
Депутат Тазабек Икрамов Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы болуп шайланды. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында ал 73 добуш алды. Комитет төрагалыгына “Бир Бол” фракциясы Мамасадык Бакировдун, ал эми “Өнүгүү-Прогресс” Тазабек Икрамовдун талапкерлигин сунуштаган. Эл аралык комитетти буга чейин Исхак Пирматов жетектеп келген. Ал өткөн жумада өз арызы менен депутаттык мандатынан баш тарткан. Пирматовду 31-майда Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) “Кумтөр ишине” байланыштуу камакка алган. Читать дальше...
Өзбекстанда күн катуу ысып, рекорддук чектен аша баштады. Ал эми коңшу Казакстанда ысыктан жана кургакчылыктан бодо мал кырылып жатканы кабарланды. Күндүн катуу ысышы Түркмөнстанда да байкалууда.
Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов Бишкек мэриясын жана шаардык кеңештин депутаттарын чабал иштеп жатканы үчүн сындады. Ал 3-июндагы жыйында башкалаада эки күндөн бери маршруттук кичи автобустар каттамга чыкпай жатканы тууралуу маселе көтөрдү. "Мындай учурда шаардын тургундары аркылуу шайланган депутаттар күнү-түнү иштөөгө милдеттүү! Шаардыктар ушундай көйгөйлөр жаралганда силерден альтернативдүү жолдорду кароону үмүттөнүшөт", - деди Осмонов. Жогорку Кеңештин отурумуна Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов чакырылып... Читать дальше...
Бишкекте жоголгон "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды табыла элек. Аны издеп жаткан Ички иштер министрлиги (ИИМ) окуянын чоо-жайы, издөө иштери тууралуу толук маалымат бербей турат. Үч күндөн бери дайынсыз болуп аткан түрк мугалиминин тарапташтары кыргыз бийлигин Инандыны табууга жетиштүү аракет көрбөй жатат деп айыптап, күн сайын нааразылык акцияларга чыгып жатышат. Буг чейин тар чөйрөдө гана белгилүү болгон Орхан Инандынын жоголушу талкуу жаратты. 31-майдан бери дайын-дареги... Читать дальше...
Аскерде кезмет учурунда электр тогуна урунуп, эки колунан ажыраган Руслан Сапарбаевге мамлекеттин эсебинен дагы 3 миллион сом өндүрүп берүү тууралуу чечим чыкканын бүгүн 3-июнда “Азаттык” радиосуна “Кылым шамы” укук коргоо борборунан кабарлашты. Чечим бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кабыл алынды. Ала албай калган айлык маяна түрүндөгү бул сумманы Коргоо министрлиги төлөп берүүгө милдеттүү болот. Адвокаттын айтымында, сотко арыз 2020-жылдын октябрь айында берилген. Анда моралдык чыгымдын ордун толтуруу... Читать дальше...
Жогорку Кеңеште алтын тамыр, күчала, кийик от деген чөптөрдү медицинада колдонуу маселеси көтөрүлдү. Депутат Аккулу Бердиев тоодо өскөн чөптөрдү Кыргызстандын дарысы катары чыгаруу сунушун саламаттыктты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевге берди. “Бизде альтернативдүү дары чөптөр бар. Мисалы, алтын тамыр деген кан басымды түшүрөт, кийик от ашказанды майлайт, күчала деген бел кубатты күчөтөт, уу коргошунду өзүңүз ичип бир топ сөз болду. Ушуларды окумуштууларга тапшырып... Читать дальше...
Токиодогу жайкы Олимп оюндарын уюштуруу комитетинин президенти Сэйко Хашимото спорттук мелдеш белгиленген мөөнөттө өтөрүн билдирди. Буга чейин коронавирус пандемиясынан улам айрым чиновниктер жана медициналык эксперттер Олимпиада башка маалга жылдырылышы мүмкүн деп боолгологон. Хашимото Nikkan Sports агенттигине даярдык план боюнча жүрүп жатканын билдирди. Дүйнөлүк мелдештер 23-июлдан 8-августка чейин өтөт. Анын жүрүшүндө бир катар чектөөлөр болот. Спортчулар улам-улам тест тапшырышы мүмкүн. Чет... Читать дальше...
Жогорку Кеңеште “Ата Мекен” фракциясынын сунушу менен “түндүк-түштүк” альтернативдүү жолунунун курулушу менен байланышкан маселени иликтөө тууралуу убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү. Комиссияны түзүү парламентте кызуу талаш-тартыш менен коштолду. Депутаттар Улукбек Ормонов менен Дастан Бекешов Жогорку Кеңештин бул чакырылышынын мөөнөтү аягына келгенин жүйө кылып, 20 күндүк комиссия түзүүгө каршы чыгышты. Бекешов регламентте парламенттин мөөнөтү бүтөрүнө төрт ай калганда комиссия түзүүгө тыюу салынарын эскертти. Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.