Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2021

Новости за 29.06.2021

Чехиядагы кыргыздарды сестенткен өлүм

Azattyk.org 

Чехияда кыргызстандык жаран киши колдуу болду. Адилет Сейитбековдун сөөгү 20-июнга караган түнү табылган. Азырынча анын өлүмүнө ким күнөөлүү экени белгисиз. Полиция кылмыш ишин ачып, териштирүү жүргүзүүдө. Бир адам шектүү катары кармалганы маалым болду.

Бешимов: кыргыз-тажик мамилеси чек арага байланган

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаровдун Тажикстандагы расмий сапары аяктады. Анда эки өлкөнүн президенттери биргелешкен билдирүү кабыл алып, төрт документке кол коюлду. Алардын арасында чек арага тиешелүү келишим бар экени тууралуу маалымат жок.

Кыргыз-тажик чек арасы тууралуу документ кабыл алынган жок

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Дүйшөмбү шаарындагы жолугушууда чек ара маселесин сүйлөштү. Бирок ал боюнча атайын документ кабыл алынган жок. Башка кызматташуу боюнча төрт макулдашууга кол коюлду. Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы ондогон адамдын өмүрүн алган жаңжалдан эки айдан кийин коңшу өлкөгө барды. Жаңжалдан кийинки кездешүү Түркмөнстандагы эки күнгө созулган иш-сапарынан кийин президент Садыр Жапаровдун учагы 28-июнда түштөн кийин Тажикстанга конду. Читать дальше...



Жапаров менен Рахмон чек араны талкуулашты

Azattyk.org 

Дүйшөмбү шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин эки мамлекеттин башчыларынын биринчи жолугушуусу өттү. Сүйлөшүүлөрдун жыйынтыгында эки мамлекеттин башчылары биргелешкен билдирүү жасашты. Анда тараптар кыргыз-тажик чек арасында жаңжалдарга мындан ары жол бербөө жана кызматташтыкты жакшыртууну белгилешти.

Маалымат мыйзамынын аты өзгөрдү, заты калды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин тармактык комитети 29-июнда “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алды. Бул былтыр коомчулуктун нааразычылыгы, бир катар митингдерден кийин президент артка кайтарган мыйзам долбоорунун аты өзгөртүлгөн варианты. “Медиа полиси” институту сөз болуп жаткан мыйзам долбоорунун макулдашылган варианты тууралуу кеңири анализин жарыялады. Анда документ Баш мыйзамга, эл аралык келишимдерге каршы келип, адам укугун, сөз эркиндигин чектей турганы жазылган. Читать дальше...

"Эгемендүүбүз" деп эдиреңдей берүүгө эрте

Azattyk.org 

"Азаттык" радиосунун "Эгемендикти эмне бекемдейт?" аттуу сынагына журналист Дайырбек Меймановдон келген материалды сунуштайбыз. Мындан отуз жыл мурда 31-августта легендарлуу парламент Кыргызстандын “Көз карандысыздыгы жөнүндөгү” декларация кабыл алган. Ошондон тарта Кыргызстан өзүн көз карандысыз, эркин жана эгемен мамлекет деп жарыялаган. Отуз жылдан бери Кыргыз мамлекетинде болуп өткөн тарыхый окуялар, өнүгүү нугу көз карандысыздыкты бекемдей алдыбы? деген суроого тилекке каршы “ооба” деп айтуудан аргасыз карманып турам. Читать дальше...



Орган доошу - жараткандын жердеги үнү

Azattyk.org 

Өткөн апта соңунда коңшум менен баарлашып, ишемби күнү орган музыкасына барарымды айттым. Ал "жанагы славяндардын өлгөндө аза күтүү музыкасыбы?" дейт. "Жок органга өзүнчө музыка жазылат. Ал классика, аны баары эле аткара бербейт, атайын билим алган, адис музыканттар гана ойнойт. Анда өлгөндөрдүн аза музыкасы ойнолбойт" дедим. "Бишкекте кайсы жерде орган бар" десем - "Орус драм театрында же чиркөөдө" деп шар жооп берди. “Адамдын органын беш колдой билем. Сиз айтып аткан органга чынында кызыкпаптырмын”, - дейт. Читать дальше...

Мадаминов: Баладан мурда энени окутуу зарыл

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасындагы айылда эксперименталдык гимназия мектебин түптөп, аны мыкты билимканалардын катарына кошо алган педагог Гапыр Мадаминов базар экономикасы күч алганда кантип акысыз мектеп ачканы, өзү иштеп чыккан окутуунун жаңы ыкмалары жана "Энелер мектеби" туурасында айтып берди.

Музыкага да таасир эткен коронавирус

Azattyk.org 

Коронавирус кантип оркестрге таасирин тийгизди? Жыт сезүү канча убакытта калыбына келет? Кадимки жазуу аркылуу кантип адам өзүн тааныйт? “Азаттыкта” илим дүйнөсүндөгү акыркы жаңылыктар.

Аба ырайы: күн ысыйт

Azattyk.org 

30-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл облусунун жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын табы... Читать дальше...

Израилдин башкы дипломаты БАЭге алгач ирет сапар менен келди

Azattyk.org 

Израилдин тышкы иштер министри Яир Лапид тарыхта алгакы жолу Бириккен Араб Эмираттарына сапар менен келди. Бул эки өлкө АКШнын арачылыгы менен өткөн жылы дипломатиялык алака түзүшкөн эле. Абу-Дабидеги сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу мамиледен сырткары Ирандын саясатына байланыштуу коркунучтар жөнүндө сөз болот. Эки мамлекет тең расмий Тегерандын саясаты Жакынкы Чыгыштагы коопсуздук үчүн коркунуч жаратат деген пикирде. Израилдин тышкы иштер министри Абу-Дабидеги өз өлкөсүнүн элчилиги жана Дубайдагы консулдуктун ачылышына катышат. Читать дальше...

COVID-19: Гонконг Британия менен аба каттамын токтотту

Azattyk.org 

Австралияда коронавирустун "дельта" түрү жайылып жатканынан улам дагы эки шаарда чектөөлөр киргизилди. Буга чейин өлкөдөгү Сидней жана Дарвин шаарлары карантинге жабылса, бул жолу ага Перт жана Брисбен шаарлары да кошулду. Ал эми Гонконг вирус жугузгандар көбөйгөнү үчүн Британиядан аба каттамдарын токтотту. Британияда коронавирустун дельта вариантын жугузгандар өсүп жатканы менен бул өлкөнүн саламаттык сактоо министри Сажид Жавид бардык чектөөлөр 19-июлдан тарта алынарын билдирди. Ал парламентте сүйлөп жатып... Читать дальше...

Баткендеги кайгынын сүрөттө калган элеси

Azattyk.org 

Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Таалайбек Усубалиев баштаган кыргызстандык сүрөтчүлөр кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуялардан жапа чеккендер тууралуу эмгектерди жаратышты. Аларда каргашалуу окуядан кийинки көрүнүштөр, элдин турмушу чагылдырылат. - Апрель айында Баткенде болгон кандуу окуяны тартуу идеясы тууралуу айтсаңыз. Чыгармачыл топ кандайча түзүлдү? -"Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаевага жолугуп калып Баткенге барып кандуу... Читать дальше...

Президент Садыр Жапаровдун Дүйшөмбүгө сапары

Azattyk.org 

Тажикстанга эки күндүк расмий визит менен барган Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров 29-июнда Дүйшөмбү шаарында президент Эмомали Рахмон менен жолугушту. Бул эки өлкөнүн 55 жаранынын өмүрүн алган кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан берки алгачкы жогорку саясий жолугушуу. Видео Кыргызстандын президентинин маалымат кызматына таандык.


Музыкальные новости
Сергей Трофимов

Сергей Трофимов выступит с летним концертом в Зеленом Театре ВДНХ





Персональные новости
Желдорреммаш

Улан-Удэнский ЛВРЗ подвел производственные итоги первого квартала 2024 года





Ооган күчтөрү талибдерден эки районду кайтарып алды

Azattyk.org 

Ооганстандын өкмөттүк күчтөрү айыгышкан салгылаштан соң өлкө түндүгүндөгү Фарьяб провинциясындагы эки районду талибдерден кайтарып алды. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлиги кабарлады. Анда өкмөттүк аскерлер учурда Газни жана Парван провинцияларындагы башка райондорду бошотуу боюнча операция жүргүзүп жатканы айтылат. Мындан сырткары Кундуз жана Тахар дубандарында да алдыга жылганы кабарланды. Мындай маалыматтар соңку күндөрү "Талибан" өлкө түндүгүндөгү улам бир районду басып алганы жөнүндө жаңылыктар чыгып жаткан учурга туш келди. Читать дальше...

Беш айда жол кырсыктан 233 киши каза болду

Azattyk.org 

2021-жылдын алгачкы беш айында Кыргызстанда 2 768 жол кырсыгы катталып, 233 киши каза болду. 4000ден ашык киши жаракат алды. Бул сандар былтыркы жылдын беш айына салыштырмалуу дээрлик 50% көп. Ушул айдын башында президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигине (ИИМ) жол кырсыктарын алдын алуу чараларын күчөтүүнү тапшырган. Жол кырсыктарын азайтуу үчүн 2019-жылдан тартып Бишкек шаарында “Коопсуз шаар” долбоору иштей баштаган. “Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи этабын ишке ашырган орусиялык “Вега”... Читать дальше...

ЕАЭБден келген кумшекер, малга кошумча нарк салыгы алынбайт

Azattyk.org 

Мамлекекеттик салык кызматы 1-июлдан 31-августка чейин Евразиялык экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдөн импорттолгон кумшекерге, ал эми 1-июлдан тартып 31-декабрга чейин жылкыларга, бодо малга, кой-эчкиге, чочкого жана үй канаттууларына кошумча нарк салыгы алынбай турганын билдирди.  Мекеме мындай чечим азык-түлүктүн баасын турукташтыруу жана чарбалык субъекттерге колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынганын маалымдады. Өткөн аптада Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кыргызстанга шекер... Читать дальше...

ЖК комитети Жазык-укук кодекстерин өзгөртүүнү колдоду

Azattyk.org 

Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин тармактык комитети Жазык, Жазык-процессуалдык, Административдик укук бузуулар жөнүндөгү кодекстеринин жаңы редакциясын колдоду. Эрежеге ылайык, эми бул кодекстердин жаңыланган редакциясы парламенттин жалпы жыйынында каралат. Кодекстерге өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору 7-майда парламенттин сайтына коомдук талкууга коюлган. Аларды 1-апрелде президенттин жарлыгы менен түзүлгөн Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү боюнча эксперттик жумушчу топ иштеп чыккан. Читать дальше...

Чехияда беларус оппозициясынын өкүлчүлүгү ачылат

Azattyk.org 

Чехия беларус оппозициясынын өкүлчүлүгүн ачууга макулдук берди. Бул тууралуу беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановскаянын Прагага сапарынан бир нече күн өткөн соң Чехиянын тышкы иштер министри Якуб Кулганек "Твиттердеги" баракчасына жазды. Ал "Чехия беларус оппозициясын айныксыз түрдө колдоп келген жана колдойт", - деп жазды. Буга чейин Александр Лукашенконун диктатуралык режими менен күрөшүп жаткан оппозициянын өкүлчүлүгү Литва жана Польшада ачылган эле. Беларуста былтыр август айындагы... Читать дальше...

Өкмөт АКСтин жоюлушунан улам УКМК тууралуу чечим даярдайт

Azattyk.org 

Министрлер кабинети Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) караштуу Антикоррупциялык кызматтын (АКС) жоюлганын байланыштуу тиешелүү иштерди жүргүзүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Министрлер кабинетинин маалымат менен камсыздоо бөлүмүн башчысы Эркин Сазыков билдирди. “Тактап айтканда, жоюлган Антикоррупциялык кызмат караган маселелерге байланыштуу УКМКнын мындан аркы ишмердиги тууралуу Министрлер кабинетинин чечиминин долбоору даярдалып жатат”. Өткөн аптада президент Садыр Жапаров  Антикоррупциялык... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Андрей Мидловец выиграл якутский финал на первенстве России


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Камбэком обернулся матч вундеркинда из России перед стартом Еленой Рыбакиной в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Опыт проведения Всероссийской акции «Вода России» представлен на межведомственном заседании в Ташкенте





Путин в России и мире
Москва

Путин поручил сократить время пути поездов от Москвы до Черноморья до 16 часов


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Шапка

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)



Москва

Планово отключать горячую воду в Москве начнут с 14 мая

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net