Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2021

Новости за 25.06.2021

Деп-Шаардын тарыхы жана тагдыры

Azattyk.org 

Мындан алты-жети жыл мурда тажик бийлиги республикадагы тарыхый жер-суу аттарын толук өзгөртүп, тажикче аталыштарга алмаштырганга чейин Жерге-Талдагы айыл-кыштактардын 80-90% аты кыргызча болчу. Алсак, райондогу айылдар: Жерге-Тал, Кошой, Бүтөө-Көл, Чоң-Кыргыз, Ак-Жар, Жараш, Сайроон, Жаңы-Шаар, Кашка-Терек, Жол-Терек, Коргон, Ой-Тал, Шилбили, Кашат, Кара-Сай, Ак-Сай, Жайылган, Кичи-Карамык, Саргой (Сары ой) Ачык-Алма, Гулама, Мукур, Кара-Шоро, Байлар-Топ, Сасык-Булак, Сары-Кенже, Кара-Кенже, Сары-Талаа... Читать дальше...

"Бакиевди Үсөн Сыдыков алып келген"

Azattyk.org 

“Азаттыктын” “Бийлик сырлары” берүүсүнүн бул жолку коногу Кыргыз Республикасынын журналисттер союзунун төрагасы Абдыкадыр Султанбаев болду. Ал маегинде кыргыз бийлигинин “кайра куруу” жылдарындагы абалы, Акаевдин президент болуп шайлангандагы токтомдун жазылбай калышы, Масалиев, Шеримкулов, Бакиев, Атамбаев ж.б. лидерлердин саясаттагы айырмачылыктары, өзгөчөлүктөрү жана КТРКнын коомдук боло албай жатканынын себептери жөнүндө кеп кылды. - Абдыкадыр мырза, сиз иштеген "кайра куруу жылдары" (1985-1990) коммунисттик бийлик замандын талабын... Читать дальше...

Орусияда кош бойлуу аялдар да эмделет

Azattyk.org 

Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19 илдетинин оор өтүү тобокелдиги жогору болгон боюнда бар аялдарга "Спутник V" вакцинасын саюуга уруксат берди. Бул тууралуу министрликтин башчысы Михаил Мурашко билдирди. Бир жума мурун Орусияда боюнда бар аялдардын арасында дагы коронавирус илдетин жугузуп алгандар кескин көбөйүп, расмий статистика боюнча 10 миңден ашканы кабарланган. Жума күнү Орусиянын дагы сегиз аймагында бир катар тармактын кызматкерлерин милдеттүү түрдө эмдөө чечими кабыл алынды. Читать дальше...



"Бакиевди Үсөн Сыдыков премьер кылган"

Azattyk.org 

“Азаттыктын” “Бийлик сырлары” берүүсүнүн бул жолку коногу Кыргыз Республикасынын журналисттер союзунун төрагасы Абдыкадыр Султанбаев болду.

Кеминде окуучу кыздын сөөгү тоодон табылды

Azattyk.org 

"Бүгүн Азаттыкта" маалымат-аналитикалык программасы: - Тажикстанда кармалган кыргызстандык оор жүк ташуучу он чакты автоунаанын бир бөлүгү коё берилди. Кыргызстандын акыйкатчысы муну барымта катары баалаган эле. - Кемин шаарында окуучу кызды өлтүрүүгө шектелген жаран эки айга камалды. Аттестатка барган 16 жаштагы кыздын сөөгү төрт күн мурда тоо түбүнөн табылган эле. - Орусияда акыркы суткада COVID-19 вирусунан 600дөй киши көз жумду, илдет 20 миңден ашуун адамдан жаңы аныкталды. Бул январдан берки эң жогорку көрсөткүч.

Садыр Жапаров УКМКнын Антикоррупциялык кызматын жойду

Azattyk.org 

25-июнда президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Антикоррупциялык кызматын жоюу жөнүндө" жарлыкка кол койду. Эми бул кызматтын милдети кайсы мамлекеттик органга жүктөлөрү айтыла элек. Жапаров УКМКга караштуу Антикоррупциялык кызмат жоюларын шейшембиде ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолукканда айткан. Ал муну бизнести колдоо үчүн жасалган иш деп белгилеген. Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетердин алдында, 14-октябрда УКМКнын Антикоррупциялык кызматын жойгон. Читать дальше...

Паралимпиадага экинчи жолдомо уткан Арстанбек

Azattyk.org 

Арстанбек Базаркулов Кыргызстандын паралимпиада боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү. Арстанбек 2016-жылы Бразилияда өткөн Паралимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан катышып, дүйнөлүк мелдеште 9-орунду ээлеген. Быйыл кайрадан паралимпиада оюндарына экинчи жолу катышканы турат. Ал май айында нормативди толтуруп, Жапонияда өтө турган Паралимпиада оюндарына жолдомо алган. Базаркулов жеңил атлетиканын ядро ыргытуу түрү боюнча эгемен Кыргызстандын тарыхында Паралимпиада оюндарына эки ирет жолдомо алган алгачкы спортчу болуп калды. Читать дальше...



Орусия: АШК Илья Яшинди талапкер катары каттоодон баш тартты

Azattyk.org 

Орусияда оппозициячыл саясатчы, муниципиалдык депутат Илья Яшинди Москва шаардык думасына талапкер катары каттоодон баш тартылды. Ал абактагы саясатчы Алексей Навальныйды колдогону үчүн “экстремисттик ишмердик жүргүзгөн адам менен байланышта болгон” деген негизде шайлоодон четтетилди. Бул тууралуу Яшин "Твиттердеги" баракчасына жазды. Ал бул чечим боюнча сотко кайрыларын билдирип, бирок оң жагына чечилет деген үмүтү жок экенин кошумчалады. Илья Яшин оппозициячыл ишмердиги үчүн бийлик аны бир... Читать дальше...

Жапаровдун Дүйшөмбү сапары: сын жана жүйө

Azattyk.org 

Кыргызстанда президент Садыр Жапаровдун эмки аптадагы Дүйшөмбү сапары кайчы пикир жаратты. Ал Тажикстанда 28-29-июнь күндөрү болот, президент Эмомали Рахмон менен жолугуп, өз ара алака-катышты, анын ичинде чек ара маселесин талкуулайт. Бул Жапаровдун Тажикстанга президент катары биринчи сапары жана чек ара чатагынан кийинки эки өлкөнүн жогорку саясий жолугушуусу болмокчу. Эки лидердин кездешүүсү ондогон адамдын өлүмү менен аяктаган чек ара жаңжалы тууралуу мунаса табыла элек кезге, Ооганстанда талибдердин тажик чек арасына жакындап... Читать дальше...

Бишкек-Батуми авиакаттамы 17-июлда башталат

Azattyk.org 

Бишкек-Батуми-Бишкек багытындагы алгачкы чартердик авиакаттам 17-июлда башталат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады. Грузиянын экономика жана туруктуу өнүгүү министри Натия Турнава Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы каттам тууралуу 18-июнда билдирген. Ал ноябрга чейин жумасына бир жолу ишке ашырылат. Батуми - Грузиянын туристтик аймагы. Каттам негизинен туристтик саякатка багытталган. Кыргызстандын борборунан Орусияга, Казакстанга, Түркияга, Өзбекстанга... Читать дальше...

Министр Жапаров: Эмдөөдөн өтпөгөн мамлекеттик кызматкерлерге айлык бербеш керек

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрөгасынын орун басары, экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров эмдөөдөн өтпөгөн мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын бербөө маселесин көтөрдү. Ал мындай пикирин 24-июндагы өкмөттүн кезексиз жыйынында билдирди. “Эмдөөнүн ыктыярдуу жана мажбурлоо жолдорун киргизели. Саламаттык сактоо министрлиги өзү эмдөөдөн өтпөй жатса, биз эмне кылабыз. Врачтар улам-улам ооруп жатпайбы. Калган армия, Ички иштер министрлиги сыяктуу жалпы 368 миң кызматкер эмдөөдөн өтпөсө "айлык албайсыңар" деш керек. Читать дальше...

АКШнын Флорида штатында көп кабаттуу үй урап калды

Azattyk.org 

АКШнын Флорида штатындагы Серфсайд шаарчасында 12 кабат турак-үй урап калды. Учурда куткаруучулар урандылар алдынан тирүү адамдарды издеп, куткаруу иштерин жүргүзүүдө. Шаар бийлиги урандынын алдында аман калгандар болушу мүмкүн экенин айтышууда. Майамиге жакын, океандын жээгиндеги бул үй жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат 1.30дарда ураган. Азырынча үч адамдын каза болгону кабарланды. 35тей адам куткарылды. 100гө жакын тургун дайынсыз болууда. Кырсык болгон жерге келген штаттын губернатору Рон... Читать дальше...

Минск Протасевичти үй камагына которду

Azattyk.org 

Оппозициячыл телеграм-каналдын мурдагы башкы редактору Роман Протасевич жана анын сүйлөшкөн кызы София Сапега үй камагына которулганын Би-Би-Си дүйнөлүк кызматы кабарлады. Журналист менен анын сүйлөшкөн кызы учуп бараткан лайнерди беларус бийлиги 23-майда Минск шаарына күч менен кондуруп, камакка алган. Романдын атасы Дмитрий Протасевич Би-Би-Сиге 25-июнда берген маегинде беларус бийлиги эмнеге мындай кадамга барганын түшүнбөй турганын, балким "кандайдыр бир саясий оюндар жүрүп жатышы мүмкүн" деп кошумчалады. Читать дальше...

Айрым мамлекеттик кызматкерлер "Спутник V" вакцинасын алат

Azattyk.org 

Эл менен тыгыз иштешкен мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринин баарына "Спутник V" вакцинасын алууга уруксат берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты. Андай мекемелерге Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Коргоо министрлиги, Бажы кызматы, социалдык кызматкерлер кирет. Буга чейин Кыргызстанда 18ден 65 жашка чейинкилерге Кытайдын Sinopharm, 65тен ашкандарга Орусиянын "Спутник V" препараты сайылып келген. Читать дальше...

Чехияда торнадо үч адамдын өмүрүн алды, 150дөн ашууну жабыр тартты

Azattyk.org 

Чехиянын түштүк-чыгышында торнадонун кесепетинен кеминде жети калктуу конуш жабыркады. Үч адам каза болду. 150дөн ашыгы жаракат алганы кабарланууда. Катуу куюн ондогон имараттарды, автоунааларды жараксыз абалга алып келди. Шамалдын ылдамдыгы саатына 330 чакырымга чейин жеткен. Грушки аттуу айылдагы бардык имараттар талкаланып, дубалдары гана калды. Андан башка да айылдарда үй-жайлар кыйрады. Он миңдеген адам электр жарыгы жок калган. Кырсык болгон жерде учурда өрт өчүргүчтөр, куткаруучулар иштеп жатат. Читать дальше...

Кылмышты жашырууга аракет кылган милиция кызматкери кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Жалал-Абаддын Кара-Көл шаардык милициясынын тергөөчүсүн пара талап кылууга шектеп кармады. Маалыматка ылайык, тергөөчү кылмышка шектүү адамдар менен сүйлөшүп алып, ишти жабуу максатында 40 миң сом сураган. Бул фактs Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Шектүү Жалал-Абад шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Читать дальше...

COVID-19: Кыргызстан Жапониядан вакцина сурады

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрөгасынын орун басары Жылдыз Бакашова Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Шигеки Маэда менен жолугуп, коронавируска каршы вакцина берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүндү. Ал Кыргызстанга 1,1 миллион доза вакцина жана муздаткычтар зарыл болуп жатканын белгиледи. “Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөрдүн саны өтө аз болуп жатат. Ушул мезгилде жапон өкмөтү бизге колдоо көрсөтүп, пандемиянын кесепетин жоюуга көмөктөшөт деп ишенебиз”, - деди Бакашова. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей... Читать дальше...

Орусияда коронавирустан каза болгондордун саны кескин өстү

Azattyk.org 

Орусияда акыркы суткада коронавирустан 568 киши каза болуп, 20 182 миң адамдан жаңы аныкталды. Бул январдан берки эң жогорку көрсөткүч. Өлкөдө соңку күндөрү вирус жугузгандар кескин өсүп кетти. Мындай кырдаал Орусияда коронавируска каршы эмдөө жакшы жүрбөй жаткан учурга туш келди. 23-июнга карата Орусиянын 146 миллион калкынын 14 пайызы гана вакцинанын биринчи дозасын, ал эми 11 пайызы экинчи дозасын алышты. Учурда Орусиянын 14 аймагында мамлекеттик кызматкерлер, соода, саламаттык сактоо, билим берүү... Читать дальше...


Музыкальные новости
Баста

"Новосибирск, бро, за всё прости": концерт Басты на "Сибирь-Арене" собрал аншлаг





Персональные новости
ЛокоТех

Более 100 студентов посетило СЛД Курск в рамках акции «Неделя без турникетов»





Коронавирус жуккан Бейшеналиев министрликке келип иштеп жатат

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирус жукканына карабай министрликке келип иштеп жатат. Ал 25-июнда "Азаттыкка" комментарий берип, жумушта эшик-терезелерди жаап отурганын айтты. Кыргызстандын COVID-19га каршы Республикалык штабы коронавирус жуктуруп алгандарды, оорунун белгилери бар кишилерди обочолонуп, үйдөн чыкпоого, башкаларга жуктурбоого чакырып келет. Өзүнүн талаштуу пикирлери менен таанылган Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы уу... Читать дальше...

Евробиримдик Путин менен саммит өткөрүү демилгесин колдогон жок

Azattyk.org 

Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн лидерлери жакын арада Орусия менен саммит өткөрүү демилгесинен баш тартышты. Мындай демилгени Германия жана Франциянын башчылары көтөргөн. Орус президенти Владимир Путин менен тикелей сүйлөшүү өткөрүүнү Европанын онго жакын өлкөсү кубаттаган. Бирок 24-июнда Евробиримдиктин Брюсселдеги жыйынынын биринчи күнү аяктаган соң Литванын президенти Гитанас Науседа Путин менен азыр жолугушуу эрте экенин билдирди. Ал Орусияда эч бир өзгөрүү жок экенин, ал эми Москва менен мамиле начарлап жатканын жүйө келтирди. Читать дальше...

Тажикстандан чыга албай калган айдоочулар

Azattyk.org 

Тажикстандын аймагында кыргызстандык айдоочулар айдаган ондой жүк ташуучу автоунаа кармалып турат. Буга байланыштуу омбудсмен Токон Мамытов тажик акыйкатчысы Умед Бобозодага кат жолдоду. Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы кыргызстандык айдоочу Виталий Шульц тажик чек арачыларынын колунда "барымтада" турганын, жагдайды омбудсмен көзөмөлгө алганын билдирди. Кыргызстандык айдоочу Виталий Шульц Өзбекстан менен Тажикстандын "Фотехобод" өткөрүү пунктундагы бажы бекетинде кармалып турганы 24-июнда белгилүү болгон. Читать дальше...

Кара-Кулжада сууга агып кеткендер табылбай жатат

Azattyk.org 

Оштун Кара-Кулжа районунда Тар дарыясына агып кеткен үч адам изделүүдө. Алар 37, 28 жарандар жана төрт жашар бала. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 25-июнда билдиргендей, Hyundai Porter үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай, машине көпүрөдөн кулап кеткен. Унаадагы беш кишини экөөнү - айдоочу менен 13 жаштагы секелекти жергиликтүү тургундар куткарып калышкан. Аталган райондун Казык дарыясына 22-июнда агып кеткен 10 жаштагы бала дагы эле табыла элек. 23-июнда Кара-Кулжа дарыясына 30 жаштагы жигит агып кетип... Читать дальше...

Оппозициячыл журналист Роман Протасевич жана сүйлөшкөн кызы үй камагына чыкты

Azattyk.org 

Беларустагы оппозициячыл Nexta телеграмм-каналынын мурдагы башкы редактору Роман Протасевич жана сүйлөшкөн кызы София Сапега үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу алардын ата-энеси Би-Би-Синин орус кызматына айтып берген. Маалыматка ылайык, Протасевич жана Сапега учурда Минскидеги ар башка батирде кайтарууда жашап жатат. Орусиянын Минскидеги элчилиги орус жараны болгон София Сапеганын үй камагына чыкканын тастыктады. Оппозициячыл журналисттин атасы Дмитрий Протасевич бийлик эмне себептен мындай кадамга барганын түшүнбөй жатканын... Читать дальше...

Чүйдөгү экстремалдуу эс алуу

Azattyk.org 

"Азаттык плюстун" бул жолку чыгарылышында Айдана менен Нурболот 500 метр бийиктикке учуп, 60 метр бийиктиктен секирип, шар аккан сууга агып, ылдам унаа башкарышты. Кыргызстанда экстремалдуу спорт кандай өнүгүп жатат жана ага кызыккандар кимдер?

Спорт в России и мире
Москва

Юные керамисты школы №2120 выиграли три Гран-при конкурса «Мир дому твоему!»


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Вероника Кудерметова завершила выступление на турнире WTA в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Труп мужчины найден в лесопарковой зоне в Сокольниках





Путин в России и мире
Москва

Поведение Путина вызвало резонанс, потерянные в 90–е заводы возвращаются РФ


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Это - война: литовские беспилотники попытались атаковать Минск




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире
Москва

Продюсера Reuters арестовали за публикацию материалов на YouTube-канале «НавальныйLIVE»



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Михаил Кутушов

Компания ICDMC стала победителем престижной премии в сфере ЗОЖ – Green Awards 2023/24



Москва

Городские службы перешли на усиленный режим работы

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net