Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2021

Новости за 01.06.2021

Келечектин кесибин кантип тандоо керек?

Azattyk.org 

Кыргызстанда быйыл 60 миңден ашуун окуучу мектептин 11-классын аяктап жатат. Бүтүрүүчүлөр жогорку окуу жайды жана кесипти тандоодо эмнеге көңүл бурушу керек? Келечектин кесиптери кайсылар? Германиядан, Түркиядан жана Түштүк Кореядан кандай үлгү, сабак алсак болот?

Түркия: Кримтөбөл бийликтин чуусун чубай баштады

Azattyk.org 

Түркияда четте башкалкалап жүргөн кримтөбөл Седат Пекердин билдирүүлөрү талаш-талкуу жаратты. Президент Режеп Тайып Эрдоган болсо кылмыш дүйнөсүнүн анабашын Түркиянын душмандары колдонуп жатканын билдирди.

““Гүлен фактору” кыргыз-түрк алакасына таасир этпейт"

Azattyk.org 

Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Талант Кушчубеков кыргыз-түрк мамилелеринин акыркы жагдайы, эки өлкөнүн алакаларына "Гүлен факторунун" таасири, “Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын уурдалышы тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.



Өмүрбек Бабановдун тарапташтары соттун алдына чогулду

Azattyk.org 

Бүгүн, 1-июнда мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапташтары Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун алдына чогулуп, анын бөгөт чарасына байланыштуу чечимди күтүп жатышат. "Азаттыктын" жериндеги кабарчысынын айтымында, соттун имаратынын алдында жүздөй адам турат. Дүйшөмбүдө Улуттук коопсуздук комитети Кумтөр ишине байланыштуу мурдагы жана азыркы бир нече аткаминерге айып койгон. Ушул эле күнү, 31-майда кечинде Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров эки айга камалган. Читать дальше...

Чек ара: жаңжал ырбаткан “соода согушу”

Azattyk.org 

Тажикстандык соодагерлер чек ара жабылганына байланыштуу Бишкектен буйрутма берген товарларын ала албай жатканына даттанышты. Алар негизинен “Дордой” базарындагы сатуучулар жана цехтер менен иштешчү. Мындан кыргызстандык ишкерлер да жабыр тартып жатат. Чек арадагы жаңжалдан улам ырбаган “соода согушу” эки коңшу мамлекетке тең кедергисин тийгизүүдө. Жаңжалдан чыккан жагдай Сөзүбүз алгач Кыргызстандан Тажикстанга кеткен соода агымы жөнүндө болсун. Демек, коңшу мамлекеттин борборунан кеп баштайлы. Читать дальше...

Кумтөр: Кутулгандар жана тутулгандар

Azattyk.org 

"Сапат" билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инандыны белгисиз адамдар уурдап кеткени кабарланууда. Акыркы эки күндө Кумтөр ишине байланыштуу бир катар чиновниктер суралып, алардын айрымдары камалды. Орусияда саясатчы Андрей Пивоваров кармалды. //"Бүгүн Азаттыкта". 01.06.21//

Скотт Перри: "Кумтөрдү" иштетүү жолдорун талкуулоого даярбыз

Azattyk.org 

"Centerra Gold" компаниясынын президенти жана башкы аткаруучу директору Скотт Перри Кыргызстандын элине кайрылуу кат жолдоду. Анда аталган компания Кыргызстанга 3,4 миллиард АКШ долларынан ашуун инвестиция жумшап,  айлана-чөйрөнү коргогон, коопсуздук шарттары эл аралык стандарттарга жооп берген алтын кенин 34 жылдан ашуун иштеткени жазылган. "Кумтөр кенин басып алуу биз биригип курган нерселердин баардыгын жокко чыгаруучу жалган маалыматка жана жүйөсүз күнөөлөргө негизделген. Өкмөттүн негизсиз... Читать дальше...

Беларуста активист сотто өзүн кекиртекке сайды

Azattyk.org 

Беларуста активист Степан Латыпов соттун жыйынында кекиртегин тилип салып, ооруканага жеткирилди. "Весна" укук коргоо уюму билдиргендей, ал мунун алдында атасына кайрылып, "Ата, мен сизге жолуккандан кийин эгер мага тагылган күнөөнү мойнуна албасам, менин жакындарымды жана коңшуларымды кылмыш жоопкерчилигине тартарын айтышты", -дегенден кийин өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган. Сотко катышкан күбөлөрдүн айтымында, ал кекиртегине калем сапты сайып салган. Күзөтчүлөр ал кармалып турган темир торду дароо ача алышкан эмес. Читать дальше...



“Жомок китептен түшкөн пайдага мультфильм тартам”

Azattyk.org 

23 жаштагы Марлен Матназаров  балдар үчүн “Бай бала” деп аталган жомок китеп чыгарды. Анда 70 жомок камтылып, 1000 нускада басылган.  Учурда балдар кандай жомокторго кызыгат? Жомок китептер гаджет дүйнөсүнөн алыстата алабы?

Коомдук ишмерлер Орхан Инанды тууралуу бийликке кайрылды

Azattyk.org 

Кыргызстанда Роза Айтматова, Ишенгүл Болжурова, Тынчтыкбек Чоротегин баштаган коомдук ишмерлер, окумуштуу-илимпоздор жана укук коргоочулар  Орхан Инандынын жоголушуна байланыштуу бийликке кайрылуу жолдошту. Анда дайын-дареги билинбей жаткан "Сапат" билим берүү мекемесинин негиздөөчүсүн чукул арада табууга чакырышты.   Атуулдук көзөмөл комитети "Кыргызстандын аймагында анын ар бир жараны мамлекеттин коргоосунда болушу керектигин" эскертти. "Орхан Инанды Кыргызстандын атуулдугун алгандан кийин көз карандысыз... Читать дальше...

Текебаев: соңку камоолорду эл аралык сотко даярдык катары кароо керек (видео)

Azattyk.org 

"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев "Кумтөр иши" боюнча акыркы чуулгандуу кармоолорду эл аралык сотко даярдык менен байланыштырды. Ал мындай пикирин "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" берүүсүндө билдирди. "Бизди эл аралык сот күтүп отурат. Эл аралык сотто Кумтөр боюнча келишим башынан эле коррупциялык экенин, президент, өкмөтү баш болуп кол алдындагыларга тапшырма берип, зордоп жасатып жатканын далилдеп алып барсак дүйнөлүк коомчулук коррупцияга терс пикирин билдирет. Бүгүн баарын массалык түрдө кармап... Читать дальше...

Саясатчыларга жеткен Кумтөр чыры

Azattyk.org 

31-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров эки айга камалды. Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен мурдагы депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев 48 саатка кармалды. Дагы бир мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудинов бул иш боюнча күбө катары көрсөтмө берип чыкты. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кармалган мурдагы жана азыркы аткаминерлерге Кумтөр ишине байланыштуу айып койду. Социалдык түйүндөрдө бул соңку кадамдарды айрымдар “саясий эрктин үлгүсү” деп сыпаттаса... Читать дальше...

Рейхан Инанды: күйөөм өлкөдөн чыгарылса өмүрүнө коркунуч туулат

Azattyk.org 

Бишкекте 31-майдан 1-июнга караган түнү дайынсыз жоголгон "Сапат" билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инандынын аялы Рейхан Инанды социалдык тармак аркылуу Кыргызстандын бийлигине кайрылды. Анда ал күйөөсү жоголгондон бери аны издөө иштерине жардам берип жаткан бардык кыргызстандык тааныштарына, дос, жакындары менен "Сапат" мектептеринин бүтүрүүчүлөрүнө ыраазычылык билдирди. "Мен күйөөм сак-саламат эле арабызга кайтып келүүсүн каалайм. Андан башка тилегим жок. Кыргыз бийлигинен, элинен... Читать дальше...

Кара-Кулжада Асылбек Жээнбековдун тарапташтары чогулду

Azattyk.org 

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунда Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун тарапташтары митингге чыкты. Нааразылык акция 1-июнда кечки 18:00дө район борборунда башталды. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев митингге жүздөн ашуун адам чыкканын кабарлады. "Чогулгандардын негизги талабы Асылбек Жээнбековдун бөгөт чарасы каралып, анын үй камагына чыгаруу болду. Эгер бул талап аткарылбаса нааразылык акциясы Бишкек шаарында уланарын айтышты",-деди Аширбаев. Читать дальше...

Кедейчилик кендирин кескен балалык

Azattyk.org 

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, ушул тапта Кыргызстанда 340 миң бала жакырчылыкта жашайт. Алардын көпчүлүгүн жалгыз бой энелер багат.

Кумтөр: Текебаев Исаков кол койгон документтин кесепетин айтты

Azattyk.org 

"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев 2017-жылы Суу кодексине киргизилген өзгөртүү жана экологиялык доодон баш тартуу тууралуу документ Кыргызстанды эл аралык сотто тушай турганын билдирди. Ал мындай пикирин "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" берүүсүндө айтты. "Экологиялык доо коюп "Кумтөр голддон" үч миллиард  доллар утуп алдык. Бирок, эл аралык сотто биздин абалды начарлаткан бир жагдай бар. Бул 2017-жылы Суу кодексине жана Суу мыйзамына "Кумтөр голд" компаниясы мөңгүнү талкалай берсе... Читать дальше...

Текебаев: Кумтөр ишинде бийликтин аракетин колдойм

Azattyk.org 

"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев "Кумтөр иши" улуттук ар-намыс маселеси экенин айтты. Ал мындай пикирин "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" берүүсүндө билдирди. "Кумтөрдө" акча гана эмес, кеп улуттук ар-намыс, кадыр-барк жөнүндө болуп жатат. Жеке компания келип алып кыргыз мамлекетин, президентин, өкмөтүн 20 жыл  жетеледи. Мындан кийин дагы жетелеп жүрө береби же бир күнү токтот деп айта алабызбы? Бүгүнкү бийликтин мага жакпаган жери көп, бирок Кумтөргө байланыштуу  чечкиндүү кадамга барып... Читать дальше...

Крым татарларынын лидери Чубаров сыртынан кесилди

Azattyk.org 

Орусия басып алган Крым жарым аралынын соту Крым татарларынын межилисинин төрагасы Рефат Чубаровду алты жылыга сыртынан кесип, айып пул төлөп берүүгө милдеттендирди. Крым татарларынын межилиси Орусияда экстремисттик деп таанылып, тыюу салынган. Чубаров 2014-жылдын 26-февралында Симферополь шаарында «калайман башаламандык уюштурган» деген айып менен күнөөлүү деп табылды. Анда крым татарлары Орусиянын аннексиясына каршы акцияга чыгышкан. Украинанын жараны Чубаров учурда Киевде жашайт. Жарым аралды... Читать дальше...

Өзбекстан: мечиттеги сабак үчүн жаза

Azattyk.org 

Дүйшөмбүдө Самарканд облустук соту жашы жете элек балдарга мыйзамсыз диний сабактарды өткөнү үчүн 15 суткага камакка алынган өзбекстандык Аслиддин Худойбердиевге байланыштуу чечимди күчүндө калтырды. Аслиддин Худойбердиев үстүбүздөгү жылдын 25-майында Самарканд облусуна караштуу Пахтачи районундагы мечиттердин биринде жүргүзүлгөн рейдде камакка алынган. Худойбердиевдин адвокаты Абдувохид Якубов өзүнүн "Фейсбук" баракчасында билдиргендей, Аслиддин Худойбердиевге Өзбекстандын Жазык кодексинин... Читать дальше...


Музыкальные новости
Тимати

Певец Стас Пьеха рассказал о постановочной драке с Тимати, за которую его хотели избить





Персональные новости
МТС

МТС Travel рассказал, куда туристы из Чувашии поедут на майские праздники





УКМК: Инандыны кылмыштуу топтор уурдайт деген маалымат болгон

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыга 2019-жылы айрым уюшкан кылмыштуу топтор аны акча талап кылыш үчүн уурдашы мүмкүн экендиги тууралуу эскертилгенин билдирди. “2019-жылы айрым уюшкан кылмыштуу топтор Орхан Инандыны акча талап кылуу максатында уурдашы мүмкүн деген маалымат түшүп, “Адамды уурдоо” беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Иликтөөнүн жүрүшүндө Инандыга уурдоо коркунучу бардыгы кабарланган. Коопсуздук органдары Инандыга жеке жансакчы алуу сунушун берген"... Читать дальше...

Кыргызстан-ЕБ кызматташтыгы боюнча макулдашууга кол коюлат

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаровдун Бельгиянын борбору Брюсселге сапары учурунда Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кеңири өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндөгү макулдашууга кол коюлганы жатат. Бул маселе 1-июнда Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен жолугушуусунда талкууланганын кыргыз тарап кабарлады. Жапаровдун Брюсселге пландалып жаткан сапарынын так датасы азырынча айтыла элек.  Тышкы иштер министрлигинин... Читать дальше...

Баткен: куралды этиятсыз колдонуудан бир аскер каза болду

Azattyk.org 

Баткен облусунда куралды этиятсыз колдонуудан бир чек ара кызматкери каза болуп, экинчиси жаракат алды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Чек ара кызматынын маалымат кызматы кабарлады. Окуя Баткен облусунун Баткен районунуну Паскы-Арык айылында кызмат өтөп жаткан чек ара кызматкерлери арасында болгон. Баткен чек ара отрядынын колбашчылыгы бул факты боюнча жеринде териштирүү жүргүзүп жатат. (МТа)

Түркиянын элчилигинин астында акция өтүп жатат

Azattyk.org 

Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин астында “Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны табуу талабы менен нааразылык акциясы өтүүдө. Акцияга чыккандар “Билим бергендерге тийбегиле”, “Табылсын” деп жазылган кагаздарды кармап турат. Алар элчиликтен чыккан автоунааларды текшерүүнү, ичин көрсөтүүнү талап кылып жатышат. Жактоочу Зоотбек Кудайбергенов такталбаган маалыматтар боюнча Инанды Бишкек шаарында күч менен кармалып турушу мүмкүн экенин айткан. Орхан Инандынын эшиги ачык турган... Читать дальше...

Мажитов мекенине кайтарыла элек

Azattyk.org 

Тажикстандын өтүнүчү менен Орусияда кармалган кыргыз жараны Эсенбай Мажитовду камактан бошотуп, Кыргызстанга алып келүү аракеттеринен азырынча майнап чыга элек.

Спорт в России и мире
Москва

Генерал-полковник Алексей Воробьев высоко оценил подготовку кинологов Росгвардии к предстоящим соревнованиям по профессиональному многоборью


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Новак Джокович

Легенда тенниса рассказал, готов ли он опять стать тренером Джоковича


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Компания ICDMC стала победителем престижной премии в сфере ЗОЖ – Green Awards 2023/24





Путин в России и мире
Москва

Путин поручил сократить время пути поездов от Москвы до Черного моря до 16 часов


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко заявил, что не собирается проводить в Белоруссии мобилизацию




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Захарова: встречи по продвижению "формулы Зеленского" дают Киеву чувство вседозволенности


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Михаил Кутушов

Компания ICDMC стала победителем престижной премии в сфере ЗОЖ – Green Awards 2023/24



Москва

В Москве открылись сезонные ярмарки выходного дня — Собянин

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net