Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2021

Паралимпиадага экинчи жолдомо уткан Арстанбек

0
Паралимпиадага экинчи жолдомо уткан Арстанбек

Арстанбек Базаркулов Кыргызстандын паралимпиада боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү.

Арстанбек 2016-жылы Бразилияда өткөн Паралимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан катышып, дүйнөлүк мелдеште 9-орунду ээлеген. Быйыл кайрадан паралимпиада оюндарына экинчи жолу катышканы турат. Ал май айында нормативди толтуруп, Жапонияда өтө турган Паралимпиада оюндарына жолдомо алган.

Базаркулов жеңил атлетиканын ядро ыргытуу түрү боюнча эгемен Кыргызстандын тарыхында Паралимпиада оюндарына эки ирет жолдомо алган алгачкы спортчу болуп калды.

Ал мурун жакшы баса албай, коляскада отурчу. Спорт менен алектенип, ден соолугун чыңдап, ийгилик жаратып эле тим болбостон коляскасын таштап, өзү басып жүрөт. Спортчу кантип машыгып, кандай шартта жашай турганын “Азаттыктын” сүрөт баянынан көрүңүз.

12 жыл мурун Арстанбек же жумуш таппай, же өзүн алаксытууга хобби таппай айласы кетип, акыры өзүн спорттон сынап көрүүнү чечкен. Алгач ал кол күрөш менен алектенип, кийинчерээк пауэрлифтинг менен машыга баштаган.

"Бизди майыптыгыбыз бар үчүн эч жерге жумушка албайт. Иш издеп канча эшикти кактым. Айла жок майда-чүйдө иштер менен алек болосуң. Иштебей койсоң өзүңдү эч кимге керексиздей сезесиң. Мурун темир ширетчү элем. Азыр спорт менен машыгып жатам", - деди спортчу.

“Пауэрлифтинг менен машыгып жүрүп, Спорт ордосунда мелдешке катышкам. Штанганы көтөрсөм эле калыстар жаратпай коюшту. Дагы көтөрдүм, дагы жаратпай коюшту. Көрсө бутумдун согончогу толугу менен жерге тийбейт экен. Анан калыстар өз ара сүйлөшүү жүргөндөн кийин “мейли эми катыша берсин” деп үчүнчү көтөргөнүмдү жаратышты. Ошондо мен 170 килограммды көтөргөм. Андан кийин гана бул спорт мен үчүн эмес экенин сездим. Кийинчерээк таш түртүү (ядро ыргытуу) менен машыга баштадым”, - деди Арстанбек бул спортко жаңы кадам таштаган кези тууралуу.

Арстанбек кол күрөштөн майыптыгы бар адамдар арасында өткөн Азия чемпионатына да катышкан. 2010-жылдан тартып жеңил атлетиканын ядро ыргытуу түрү менен алектене баштаган. 2016-жылы Рио-де-Жанейро шаарында өткөн жайкы Паралимпиада оюндарына катышып, 9-орунду ээлеген.

Арстанбекке Катар кайрымдуулук фонду электромопед белекке берген. Аны айдап алып Арстанбек күнүнө бир жарым саат жол жүрүп, Кант шаарындагы машыгуу залына барат. Бирок биз барганда анын жалгыз унаасы бузулуп калган экен.

Жаңы гана автоунаадан түшкөн Арстанбекти бейтааныш киши эле келип кучактап, паралимпиадага жолдомо алышы менен куттуктады.

20-майда Базаркулов паралимпиадага жолдомону жеңил атлетиканын ядрону түртүү түрү боюнча үч мелдеште паралимпиадалык нормативди аткарып утуп алган.

Бул - Кант шаарындагы өспүрүмдөрдүн спорт мектебинин машыгуу залы. Мында майыптыгы бар адамдар үчүн машыгууга ыңгайлуу, бардык шарттар бар. Арстанбек бул залда көп жылдан бери машыгат.

 

Арстанбектин машыктыруучусу Алмаз Абиров бул шайманды атайын эл аралык талапка ылайыктап, эскизин чийип, эски темирлерди ширетип колго жасаган. Анын бийиктиги 70 сантиметр, салмагы - 22 килограмм.

Бул темир арабаны Арстанбек эл аралык мелдештерге, машыгууларга өзү менен кошо ала барат.

Спортчунун машыктыруучусу Алмаз Абиров окуучусу үчүн жасаган арабасын көрсөтүп жатып буларга токтолду.

"Паралимпиада спортунда ар бир спортчунун өзүнүн мелдешке катыша турган арабасы болушу керек. Мелдешке катышаар алдында атайын комиссия бул арабанын ар бир бөлүгүн сызгыч менен ченеп чыгат. Бир эле сантиметр ашыкча болсо, спортчуну мелдешке катыштырбай коюшат. Андан сырткары параспортчу эл аралык мелдештерге барганда дайыма медициналык текшерүүдөн өтөт. Диагнозу аныкталгандан кийин гана мелдешке катышууга уруксат берилет".

Арстанбек салмагы 5-9 килограмм болгон ядролорду ыргытып, 5 сааттан ашык тынбай машыгат.

Арстанбек машыктыруучусу Алмаз Абировго жолукканга чейин талаада, таш ыргытып же кум салынган баштыктарды ыргытып машыгып жүргөн.

"Башкаларга тийип кетпесин деп талаага барып машыкчумун. Азыркыдай шаймандар жок. Таштарды терип келип, таразага тартып көрүп анан машыгып жүрдүм. Кийин келинчегим, апам кездемеден кап тигип, ичине кум салып ядро жасап беришкен. Ошолорду ыргытып машыгып жүрдүм. Азыр баарына шүгүр кылам", - дейт Базаркулов.

"Эки колум - эки канатым... Кудай мага алсыз, араң баскан бут берсе да, эки колума опол тоодой күч берген... Ушу колдорум менен ийгилик жаратып, Кыргызстанды дүйнөгө таанытып, майып болсом да үй-бүлөмдү багып келе жатам!"

Арстанбек таң аткандан күн батканга чейин деле машыгууга даяр. Азыр ал 24-августтан 5-сентябрга чейин өтө турган 17-Паралимпиада оюндарына Бишкекте машыгып, даярданып жатат.

Арстанбек паралимпиадага жолдомо утуп келгенден кийин бат-бат интервью берип, эл көзүнө көрүнө баштады.

Арстанбек жашоосун топук кылат. Анын башкаларга үлгү болсом деген изги тилеги бар.

"Мени көрүп, мага окшогон майыптыгы бар балдар-кыздар дагы машыга баштаса дейм. Аларга үмүт бергим келет. Ооба мен жакшы баса албайм... Басып баратып чарчайм, бутум калчылдап кетет... Отура калып, бир саамга тыным алып, кайра ордуман туруп, кол таягыма жөлөнүп алып жолумду улайм...".

 

“Биз экөөбүз тең майыппыз. Бирок экөөбүз бириккенде бир адамбыз, колубуздан баары келет”, - дейт Зулайка.

Жубайлар балдарын өкмөттөн алган жөлөк пул (5000 сом) менен багып, чоңойтуп келишет.

Арстанбек кичинекей үйүнүн короосуна жашылча-жемиштердин түрүн эгип, гүл да өстүрүп койгон.

Мурун Арстанбек коляскада отуруп алып эле темир ширетип, түрдүү шаймандарды жасачу. Спорт менен алектенип баштагандан бери арабага көп отурбай, өзү басып баштаган.

 

“Мен көргөн кыйынчылыкты балдарым көрбөсө экен. Ошон үчүн тырышып машыгып, ийгиликке жетсем деп жүрөм. Буюрса олимпиададан ийгилик жаратып кайткым келет. Бул кыргыз элине жана мага окшогон майыптыгы бар адамдарга үмүт берет”, - деди Арстанбек.

Арстанбек Базаркулов Токио паралимпиадасына жолдомо алган алгачкы кыргызстандык болуп калды.






Загрузка...


Губернаторы России
Москва

Собянин: Услугами и сервисами mos.ru москвичи воспользовались 4 миллиарда раз


Спорт в России и мире
Москва

Независимый фантастический триллер из девяностых


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Анастасия Павлюченкова

Павлюченкова вылетела с турнира в Риме


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Климатический апокалипсис? В Москве снег, в Сочи полярные сияния из-за сильнейших магнитных бурь





Путин в России и мире
Москва

Путин и Пашинян согласовали вывод пограничников РФ из некоторых областей Армении


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Марина Василевская передала Александру Лукашенко флаг Беларуси, побывавший на МКС




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Святая миссия русского солдата


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Бенни Гудмен

В Доме Единства состоится джазовый концерт, посвященный Бенни Гудмену



Москва

Свыше 70 юных артистов выступили в Музее Победы

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net