Израил аң тери буюмдарын өндүрүүгө, сатууга тыюу салды
Тиешелүү документке өлкөнүн айлана-чөйрөнү коргоо министри Гила Гимлиэль кол койду. Бул тууралуу The Jerusalem Post басылмасы жазып чыкты. Мына ушундай жол менен Израил аң терилеринен тигилген кийимдер менен алардан жасалган буюмдарды өндүрүүгө жана сатууга тыюу салган дүйнөдөгү биринчи өлкө болуп калды. Бул тыюу 2021-жылдын декабрь айынан баштап, күчүнө кирет. Аны бузгангандарга 75 миң шекел же 22 320 АКШ доллары өлчөмүндө айып пул салынат же болбосо бир жылга чейин эркинен ажыратылат. Бирок... Читать дальше...