Чек ара кызматы: Казакстандан келгендердин агымы азайды
Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, 10-февралга оогон түнү Кыргызстанга өткөн казакстандыктар катталган жок. «Чек арадагы «Кең-Булуң», Токмок өткөрмө бекеттеринде абал тынч. Кечээ түштөн кийин Кыргызстанды көздөй агылгандар азайган. Тескерисинче кайра мекенине кайтып кетип жаткан казак жарандары катталды. Өткөрмө бекеттеринде кезек күткөндөр жок». Мамлекеттик чек ара кызматы 9-февралда саат күндүзгү 10.00го карата 1000ден ашуун... Читать дальше...