Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күнгө карата өлкөдө вирус жугузгандар аныкталган жок. Сырттан келген жарандардын баары тиешелүү текшерүүдөн өткөрүлүүдө.
Улуттук вирусологиялык лаборатория эл аралык талаптарга жооп берет, аталган мекеменин кызматкерлери толук даярдыктан өткөрүлгөн.
Мектептерде, бала бакчалар менен жогорку окуу жайларында, социалдык мекемелерде вирус тууралуу жана анын алдын алуу боюнча маалыматтар берилип жатат.
Маалыматка ылайык, Кытай менен чектешкен Торугарт чек ара бекетинде өзгөчө кырдаал үчүн атайын изоляциялык 313, Эркечтамда 100, «Манас» аэропортунда 83, Ош аэропортунда 30 орун даярдалган.
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги 28-январдан 3-февралга чейин Кытайдан Кыргызстанга 224 киши келгенин кабарлаган. Анын ичинен 24ү Кытайдын, бирөө башка мамлекеттин, калгандары Кыргызстандын жарандары. Алардын баары термосканер менен тиешелүү медициналык кароодон өтүп, эч кимисинен коронавирустун белгилери аныкталган эмес.
Ушул тапта Кытайдан келгендердин ичинен Сокулук районунун ооруканасында үч, Беш-Күңгөй айылындагы аскердик госпиталда 22 киши жатат. Баарынын абалы канааттандырарлык. Калган 189 киши Кыргызстандын аймагына коронавирустун киришинин алдын алуу боюнча республикалык штабдын чечими менен үйлөрүнө чыгарылган. (ZKo)