Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2019

Новости за 07.02.2019

Казарман-Актал-Чат жолу ачылды

Azattyk.org 

Тогуз-Торо районунун Казарман - Актал-Чат автоунаа жолунун 43-45-чакырым аралыктарына түшкөн кар көчкү тазаланып, 7-февралда саат 11:00дө жол толугу менен ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 6-февраль кечирээк аталган тилкеде көлөмү болжол менен 9000 метр куб кар көчкү түшүп, бир жеңил автоунаа, эки оор жүк ташуучу автоунаа тогуз жүргүнчүсү менен камалып калган. Алар чыгарылып, жолго бир тараптуу из салынган. Жабыркагандар жок. Көчкү болгон жерде... Читать дальше...

Реестрде он миңден ашуун жоголгон же жок кылынган кылмыш иштери бар

Azattyk.org 

Башкы прокуратуранын реестринде жоголгон же жок кылынган он миңден ашуун кылмыш иштери бар. Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы чечими менен башкы көзөмөл органында кылмыш иштеринин реестри түзүлгөн. Анын негизинде шалаакылыкка байланыштуу 11 кылмыш ишин ачуу чечими кабыл алынган.  Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бейшембиде Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында бул тууралуу айтып, реестр жаңыланып, толукталып жатканын, күнөөсү барлар жазаланарын белгиледи.



Вандалдар Карл Маркстын жайын талкалашты

Azattyk.org 

Лондон шаарынын түндүк тарабындагы көрүстөндөрдүн биринде коммунисттик түзүмдүн идеясынын негиздөөчүсү Карл Маркстын кабырын вандалдар талкалады.  Бул тууралуу 5-февралда "Хайгейт көрүстөнүнүн достору" коомдук фонду кабарлап, "атайын карөзгөй максатта жасалган жорук" деп сыпаттады.  Немис философу жана экономист Карл Маркстын сөөгү Хайгейт мүрзөсүнө 1883-жылы көмүлгөн. Ал жерге Маркстын чоң бюсту коюлуп, "Бүткүл дүйнөнүн пролетарлары биригүүдө", - деп жазылган.  Карл Маркстын кабыры Лондондо туристтер эң көп барган жайлардын бири. Читать дальше...

Жүз килограммдан ашуун сымапты алып жүргөндөр кармалды

Azattyk.org 

ИИМдин Баңгизаттарга каршы күрөш башкармалыгынын кызматкерлери Кыргызстандын түштүк аймагында өткөргөн операциясында 100 килограммдан ашык сымапты алып жүргөндөрдү кармады. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады. Кармалгандар 63 (М.Р.) жана 41 (Х.Ш) жаштагы жарандар экени такталды. Учурда бул кылмышка тиешелүү башка адамдарды тактоо иштери жүрүүдө. Уулуу затты пайдалануу максаттары боюнча тергөө иштери уланып жатат. (ErN)

Саляновдун ишиндеги эки ача маалымат

Azattyk.org 

Беш жылдан бери бети ачылбаган Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча кылмыш иши ИИМ менен Башкы прокуратуранын ортосундагы мамилени көргөзгөндөй болду.

Карамушкина парламентте "Таблиги жамааттын" маселесин көтөрдү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина "Таблиги жамаат" диний кыймылын жайылтууга салым кошуп жатат деп, Ислам изилдөө институтун күнөөлөдү.  Депутат мындай пикирин 7-февралдагы жыйында айтып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин буга көңүл бурууга чакырды.  Карамушкинанын белгилешинче, Ислам изилдөө институту жүргүзгөн иликтөөлөрдүн биринде "Жаштар арасында "Таблиги жамаатка" ыктагандар көп" деген өңүттө тыянак чыгарылып, ал коомдук талкууга коюлган.  - Алар "жаштардын көбү "Таблиги... Читать дальше...



Техникалык мүчүлүштүктөн улам Бишкек-Стамбул авиакаттамы кечикти

Azattyk.org 

Техникалык мүчүлүштүктөн улам Бишкек-Стамбул багытындагы учак "Манас" эл аралык аэропортунда токтоп турат. "Pegasus" компаниясынын PC701 каттамы 7-февралда таңкы саат 7:05те учмак. Жүргүнчүлөр учакка отургузулгандан кийин техникалык кемчилик аныкталып, элди кайра түшүрүшкөн. Каттам саат 10:30га жылдырылып, ал деле аткарылбай калды.  Түркиянын "Pegasus" компаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү катары иштеген "Эйр Манас" компаниясынын башчысы Талгат Нурбаев "Азаттыкка" учак саат 11ге жакын оңдолуп бүтүп, учууга даярдалып жатканын билдирди. Читать дальше...

Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу башталды

Azattyk.org 

Мамлекеттик салык кызматы 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча Бирдиктүү салык декларациясын (БСД) кабыл алуу боюнча кампанияны баштады. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты. Кезектеги декларациялык кампания эки этапта өтөт. 1-мартка чейин – юридикалык жактар, 1-апрелге чейин жеке жактар өткөн жылы алынган кирешелери боюнча маалыматтарын тапшырышы керек. Ошондой эле жер участоктору жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу салык органдарына отчет бериши зарыл. Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан... Читать дальше...

FH: Дүйнөдө демократия артка кетти

Azattyk.org 

"Freedom House" уюму (FH) дүйнөдө демократиянын абалы 13 жыл катары менен начарлап баратканын билдирди. Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан бул уюмдун соңку баяндамасында Американын демократиялык институттарына да кысым болуп жатканы белгиленген.

Кыргызстанда жапайы жаныбарлар көбөйө баштады

Azattyk.org 

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери Алай, Чоң-Алай жана Кемин районундагы тоолордо байырлаган жапайы жандыктарга байкоо салып, аларды каттоого алды. Каттоо жергиликтүү тургундар жана «Илбирс», «Бек-Тосот», «Миң-Теке», «Шумкар-Тор» уюмдары менен чогуу жүргүзүлдү. Байкоо бир айдан ашуун убакыт бою камера аркылуу жүргүзүлгөн. Аталган агенттиктен "Азаттык" радиосуна кабарлашкандай, Чоң-Алайда жана Алайда тоо текелер көбөйгөнү байкалды, учурда алардын саны 400гө чамалуу. Читать дальше...

Бишкек-Ош жолу ачык

Azattyk.org 

Бишкек-Ош жолундагы ашууларда карды тазалоо иши уланууда, автоунаалардын кыймылына чектөө жок. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз катчысы Кылычбек Досумбетов "Азаттык" радиосуна билдирди: - Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Бишкек-Талас-Тараз жолундагы Өтмөк ашуусу кардан тазаланып, штаттык режимде иштеп жатат. Жолдогу тайгалакка каршы атайын кум, шагылдар тиешелүү участокторго жеткирилген. Учурда жолду тейлөөчү ишканалардын техникалары иштеп жатат, - деди Досумбетов.  Министрлик... Читать дальше...

Бишкекте 740 жумушчу жолду тазалап жатат

Azattyk.org 

34 атайын жол тазалоочу техниканын 21и кар күрөй турган машина. Жолдогу тоңду эритүү үчүн 6-февралда 400 тоннадан ашуун кум жана 55 тонна техникалык туз чачылган. Бул тууралуу "Тазалык" ишканасынын өкүлү Алтынбек Насирдинов "Азаттыкка" маалымдап, жол тазалоо иши ушул тапта да уланып жатканын айтты: - Жолду тазалап, кум-туз себүү ишин түндө саат бирлерде баштаганбыз. Ушул убакытка чейин уланып жатат. Техникалардан тышкары 740 аймакта жумушчуларыбыз иштеп жатат. Таңында алар алгач аялдамаларды күрөйт. Читать дальше...

Бишкекте былтыр тартылган кыска метраждуу тасмалар көрсөтүлөт

Azattyk.org 

2018-жылы Кыргызстанда тартылган кыска метраждуу тасмалар Бишкектеги "Лаборатория СИ" деп аталган студияда көрсөтүлөт. Анда көрүүчүлөр тасмаларды жаратуучулар менен таанышып, баарлаша алат. 7-февралга белгиленген иш-чарада көрүүчүлөргө жаш режиссерлорго Асылбек Эсенгул уулунун "Тамашалуу табышмак", Талгат Таберик уулунун "Сыйынуу", Айзада Алымбек кызынын "Өзөк" жана Ибайдулла Ажибаевдин "Мугалим" тасмасы сунушталат. Аталган тасмалар жергиликтүү жана эл аралык кинофестивалдардын катышуучулары. Читать дальше...

Эквадордо орусиялык турист каракчылардын колунан набыт болду

Azattyk.org 

Орусиялык турист Алексей Домбровский менен анын жубайына Эквадордун борбору Китодо белгисиз төрт киши кол салган. Бул маалда туристтер мейманканадан сыртка сейилдегени чыккан. Каракчылар Домбровскийге бир нече жолу бычак урушкан. Окуя болгондон кийин полиция келген, жарадар болгон орус жараны ооруканага жеткирилип, өзүнө келбей жан берген. Бул тууралуу Эквадордогу Орусиянын консулу Андрей Алексеев ТАССка маалымдаган. Консулдун сөзү боюнча кол салгандардын үчөө кармалган, төртүнчү киши кармалгандардын... Читать дальше...

Столтенберг: Британия НАТОнун чыгашаларын көтөрүүгө тийиш

Azattyk.org 

Түндүк атлантикалык альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг бейшембиде "Функе" медиа тобуна курган маегинде Евробиримдик коргонуу маселесинде НАТОго атаандаштык жаратпоого тийиш экенин билдирди: - Европанын коопсуздугу Түндүк атлантика мамилесине көз каранды. Ошондуктан, Евробиримдик өз алдынча аракеттенүү ниетин билдирбеши керек. Мен Евробиримдикке ишенем, бирок НАТОго атаандаш катары эмес, - деди Столтенберг.  Баш катчы Британия Евробиримдиктен чыккандан кийин эрежеге ылайык, НАТОнун биримдиктен... Читать дальше...


Музыкальные новости
Юрий Лоза

Певец Лоза заявил, что Джикия является настоящим капитаном





Персональные новости
Пятёрочка

«Пятёрочка» выяснила, где в России больше всего любят винегрет





Дүйнөлүк банктын башчылыгына Дэвид Мэлпастын талапкерлиги сунушталды

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамп Дүйнөлүк банктын башчылыгына АКШнын финансы министринин орун басары Дэвид Мэлпасты сунуштады.  Бул билдирүүнү АКШ президенти 6-февралда Ак үйдө журналисттердин катышуусу менен өткөн жыйында билдирди. Трамп Мэлпастын буга чейинки иштерин белгилеп, Дүйнөлүк банктагы каражаттардын натыйжалуу сарпталышына жетишет деген ишеним артууда.  - Мен биз чогуу ири ийгиликтерге жетишерибизге, экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө жакырчылыкты жоюуга жетишебиз деп ишенем, - деди Мэлпас. Читать дальше...

ИИМ: Элтуйбасовду экстрадициялоо Башкы прокуратуранын милдетине кирет

Azattyk.org 

Мындай маалыматты ИИМ 6-февралда таратты. Анда Элтуйбасовду экстрадициялоо боюнча ИИМ менен Башкы прокуратуранын кайчылаш маалыматтарын таратканына байланыштуу түшүндүрмө берилген. "Калыбек Элтуйбасов 2018-жылы АКШда миграциялык мыйзамды бузганы үчүн кармалган. Учурда анын иши Миссури штатындагы Сент-Луис шаардык сотунда каралып жатат, жыйынтыгында Элтуйбасов депортация болушу ыктымал. Кыргызстандын ИИМи ал кармалгандан бери Американын укук коргоо органдары менен Интерпол аркылуу тыгыз кызматташып жатат. Читать дальше...

Боотаев: "Мобильник" каалаган учурда кардарлардын акчасын кайтарып бере алат

Azattyk.org 

"Мобильник" компаниясы электрондук капчык аркылуу кандайдыр бир төлөмдөрдү жүргүзүп, ал акчасы дарегине жетпей калган же капчыгында кала берген акчасын ала албай жаткан бардык кардарларга акчасын кайтарып бере алат. Болгону ага компания жетекчилигинин каалоосу болушу керек. Бул тууралуу "Мобильник" электрондук төлөм компаниясынын негиздөөчүсү жана мурунку ээси Адилет Боотаев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, "Мобильник" ишканасынын айланасындагы чуудан улам иликтөө жүргүзө баштаган Улуттун... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Две бронзы выиграли забайкалки на международных соревнованиях по киокусинкай «Moscow Cup 2024»


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Арина Соболенко

Арина Соболенко сняла траур по Кольцову и завела новые романтические отношения


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

АО «Транснефть – Дружба» провело экологические акции





Путин в России и мире
Москва

Кадыров пригласил Путина посетить Чечню


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Зеленский пожаловался, что западная помощь опаздывает


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Kalush Orchestra

"В один день потерял всех": лидер Kalush Orchestra признался в зависимости



Москва

Топ 3 лучших спектакля июня

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net