Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2019

Новости за 07.02.2019

Стамбулдагы кырсыкта каза тапкандардын саны 10го жетти

Azattyk.org 

Түркиянын Стамбул шаарындагы көп кабаттуу үй кулаган кырсыкта дагы төрт киши каза тапканы аныкталды. Бул тууралуу Стамбул шаарынын губернатору Али Йерликая билдирди: - Кулаган үйдүн астында калгандарды куткаруу иштери жүрүп жатат. Бүгүн кечинде дагы төрт кишинин сөөгүн алып чыктык. Тилекке каршы ушуну менен каза болгондордун саны 10го жетти. Кырсык 6-февралда Стамбул шаарынын Азия бөлүгүндөгү Картал районунда болгон. Анда көп кабаттуу үй кулап ондон ашуун адам ооруканага жеткирилген. Кырсыктын себеби боюнча расмий маалымат бериле элек. Читать дальше...

Казакстанда мунайчылар нааразылыкка чыкты

Azattyk.org 

7-февраль күнү эртең менен Батыш Казакстан облусунун Бөрүлү районундагы Аксай шаарында орун алган KKS-SICIM компаниясынын жүздөгөн жумушчулары нааразылыкка чыкты. Алар айлыктарына жана жумуш шартына нааразы экендиктерин айтышкан. Компаниянын аткаруучу директору Алтын Кулбаева “Азаттыктын” казак кызматына жумушчулар акция өткөргөнүн ырастады. Анын сөзүнө караганда, үч саатка созулган нааразылык эки тарап орток пикир тапкандан кийин токтогон. Кулбаеванын маалымдашынча, жумушчулар 160-250 миң теңге айлык алат. Читать дальше...



Рябков: АКШ-Орусия ортосунда дагы бир ракеталык келишим узарбай калышы мүмкүн

Azattyk.org 

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков АКШ менен Орусия ортосунда 2011-жылы түзүлгөн өзөктүк дүрмөттүү куралдарды жок кылуучу СНВ-3 келишимин узартуу тууралуу сүйлөшүүлөр быйыл башталышы керектигин билдирди. Анын ТАСС агенттигине берген маегинде айтканына караганда, ошол кездеги президенттер Барак Обама менен Дмитрий Медведев кол койгон келишимдин мөөнөтү 2021-жылы аяктайт. Орус дипломаты стратегиялык чабуулга жарачу куралдарды кыскартуу боюнча келишимди узартуу боюнча сүйлөшүүнү... Читать дальше...

ИМ көзөмөлдөгөн аймактар бошотулганы жарыяланат

Azattyk.org 

Кошмо Штаттары кийинки аптада “Ислам мамлекети” террордук тобу көзөмөлдөп келген аймактар толук бошотулганын расмий жарыялайт. Бул тууралуу шаршембиде АКШ башында турган эл аралык коалиция өкүлдөрү менен жолугушкан учурда президент Доналд Трамп билдирди.

Дүйнөнү бөлгөн Венесуэла. Ракты жеңүү аракеттери

Azattyk.org 

Дүйнөнү экиге бөлгөн Венесуэла. Ким кимди жана эмне үчүн колдойт? Кош бийлик орногон өлкө алдыңкы державалар ортосундагы тирештин дагы бир аянтчасына айландыбы?Миллиондогон өмүрлөрдү жалмаган кооптуу илдет. Кыргызстанда күнүнө 15 кишиде рак оорусу аныкталат. Илим алдыга жылып, дарылоонун жаңы ыкмалары табылып жаткан чакта биздин өлкөдө эмне себептен жөнөкөй дары-дармектер тартыш?

Казакстандагы өрттүн ачуу сабагы

Azattyk.org 

Казакстанда бир үй-бүлөдөгү беш баланын күйүп кетиши Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштарга байланыштуу маселени көтөрдү. Жылдан жылга аянты кеңейип бараткан конуштардагы үйлөрдө шарт чеке жылытпайт.

Стамбулда эл жашаган үй кулады

Azattyk.org 

Стамбулда көп кабаттуу үй кулады. Кеминде үч киши каза таап, жарадарлардын саны ондон ашты. Грузия парламентинде мусулмандардын хижаб өңдүү кийимдерине тыюу салуу демилгеси көтөрүлүп жатат. Ливанда биринчи жолу ички иштер министрлигинин башына аял жетекчи дайындалды.



Кармалып жаткан учак Стамбулга учуп кетти

Azattyk.org 

Бишкек-Стамбул багытындагы учак үч жолу жылдырылып отуруп, акыры саат 19:40та "Манас" аэропортунан Стамбулду көздөй учуп кетти. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы маалымдады. "Pegasus" компаниясынын PC701 каттамы 7-февралда таңкы саат 7:05те учмак. Жүргүнчүлөр учакка отургузулгандан кийин учак бир көтөрүлүп, кайра жерге конгон. Каттамды аткаруучу Boeing 737-800 учагынан техникалык кемчилик аныкталып, жүргүнчүлөр түшүрүлгөн. Каттам саат 10:30га жылып, учак анда да учпай калган. Түркиянын "Pegasus"... Читать дальше...

Александер Чеферин УЕФА президенттигине кайра шайланды

Azattyk.org 

Европа футбол ассоциациялар бирлигинин башчылыгына словениялык юрист жана футбол менежери Александер Чеферин дагы төрт жылга шайланды. Добуш берүү 7-февралда уюмдун 55 өкүлү катышкан Римдеги жыйында болду. Чеферин УЕФАнын башчылыгына биринчи жолу 2016-жылы президенттин милдетин испаниялык мурдагы футболчу Анхель Мария Вильяр убактылуу аткарып жатканда шайланган. Вильяр болсо УЕФАны 2007-жылдан бери жетектеп келген даңазалуу франциялык футболчу Мишел Платининин ордуна келген. Мишел Платини коррупцияга шектелип... Читать дальше...

Украина НАТО жана Евробиримдикке мүчө болуу стратегиясын Конституцияга киргизди

Azattyk.org 

Украина Конституциясына "Мамлекеттин стратегиялык багыты НАТО менен Евробиримдикке мүчө болуу" деген жобо киргизилди. 7-февралда украин парламентинин депутаттары Баш мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү көпчүлүк добуш менен колдошту. Бир күн мурда Жогорку Радага тиешелүү өзгөртүүлөрдү колдогон бир жарым миллиондой адамдын колу коюлган документтер тапшырылган. Добуш берүүнүн алдында президент Петро Порошенко өз сунушун колдоп берүүнү өтүнүп, депутаттардын алдында сөз сүйлөдү. 30-мартта өтө турган... Читать дальше...

Стамбулда көп кабаттуу имарат кулады

Azattyk.org 

6-февралда Стамбул шаарынын Азия бөлүгүндөгү Картал районунда көп кабаттуу үй кулады. Түрк бийлиги кеминде үч киши каза таап, 10дон ашуун адам ооруканага түшкөнүн билдирди.

Ливанда биринчи жолу ички иштер министри болуп аял дайындалды

Azattyk.org 

Райа Хассан Ливанда гана эмес, жалпы эле араб дүйнөсүндө бул кызматка келген биринчи аял министр болуп калды. Ал буга чейин Сирия менен коңшулаш бул мамлекетте Финансы министрлигин башкарып келген. Шаршембиде Ливандын премьер-министри Саад Харири өлкөсүндөгү төрт министрлик кызматты аялдарга тапшырды. Энергетика, Административдик өнүгүү жана аялдар иштери боюнча министрликтер аялдардын башкаруусуна өттү. Бул да өлкө тарыхында буга чейин болбогон көрүнүш. Харири "Твиттердеги" баракчасына «Мен ливандык аялдар менен сыймыктанам... Читать дальше...

Мурат Суталиновдун соту 15-февралга калды

Azattyk.org 

Бишкектин Ленин райондук сотунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы жетекчиси Мурат Суталиновду эркиндикке чыгаруу маселеси каралды. Жаза аткаруу мекемесинин кызматкери Суталиновдун мүнөзү чырдуу болбогонун, аны бошотууга каршылыгы жок экенин айтты. Андан кийин дарыгер көрсөтмө берип, соттолуучунун абалы оор экенин билдирди.  Сот тараптарды уккандан кийин иш менен таанышуу үчүн убакыт керектигин айтып, отурумду кийинкиге калтырды. Кийинки процесс 15-февралга белгиленди. Читать дальше...

Берлинале кинофестивалы башталат

Azattyk.org 

Берлинале бүгүн, 7-февралда Германиянын баш калаасында башталат. Быйыл 69-жолу өтүп жаткан фестивалды даниялык режиссер айым Лоне Шерфигдин "Бейтааныш адамдардын кайрымдуулугу” деген тасмасы ачат. Жалпысынан быйыл иш-чарада 400дөй тасма көрсөтүлөт. Алардын 17си конкурстук программага катышып, башкы сыйлык деп эсептелген алтын жана күмүш аюулар үчүн ат салышат. Конкурстук программада көрсөтүлө турган 17 тасманын жетөөн аял режиссерлер тарткан. Орусиядан бул ирет эки режиссер дебютант бар. 26 жаштагы... Читать дальше...

Жээнбеков ШКУнун алдыдагы саммитин уюмдун катчысы менен такташты

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков 7-февралда, Шанхай кызматташуу уюмунун (ШКУ) башкы катчысы Владимир Норовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты. Мамлекет башчы 18 жылдык ишмердигинде аталган уюм коопсуздук жана мамлекеттер аралык мамилелердин туруктуу өнүгүүсүн камсыздоонун маанилүү фактору болуп калганын белгиледи. Ал кыргыз тарап ШКУ төрагалыгы алкагында активдүү иш аткарууда, сүйлөшүүлөр жүрдү, көптөгөн тиешелүү структуралар менен маселелер талкууланды. «Бишкекте 2019-жылдын... Читать дальше...

ФИФА рейтингинде Кыргызстан төрт тепкичке төмөндөдү

Azattyk.org 

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы эл аралык Футбол федерациясынын (ФИФА) кезектеги рейтингинде төрт тепкичке төмөндөдү. Уюмдун расмий сайтында бүгүн жарыяланган маалыматка таянсак, Кыргызстан 1253 упай менен 95-орунда жайгашты. Буга чейинки рейтинг узаган жылдын 20-декабрында жарыяланып, ал учурда Кыргызстан 91-орунду ээлеген. 20-декабрдан бери Кыргызстандын курама командасы жети беттеш: эки жолдоштук беттеш, бир контролдук матч жана Азия кубогунда төрт оюн өткөрдү. Ал беттештин алтоо расмий беттеш деп саналып... Читать дальше...


Музыкальные новости
Алла Пугачёва

Оставшиеся в России родственники Аллы Пугачевой погрязли в долгах и лишились квартиры





Персональные новости
Эдит Пиаф

В театре "Модерн" состоялась премьера моноспектакля "Исповедь счастливой женщины. Эдит Пиаф"





Коопсуздук кеңеши бир жылдык отчетун берди

Azattyk.org 

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы сотто көрсөтмө берилсе, ага карата кылмыш иши козголушу мүмкүн экенин билдирди.

Жаңы кодекстер жөнүндө 15 миңдей китеп чыкты

Azattyk.org 

Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Бузуу тууралуу кодекс жөнүндө жалпы 14 735 китеп басып чыгарылды. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов парламентте “Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда билдирди. - Муну чыгарууга Ички иштер министрлигинин өзүнүн 3 млн. сомдой каражаты кетти. Мындан сырткары эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын жардамы менен чыгардык,-деди Асанов. Читать дальше...

Инспектор өзү текшерген министрликтин эсебинен чет өлкөгө чыгып келгени аныкталды

Azattyk.org 

Эсеп палатасынын кызматкери Саламаттык сактоо министрлигинин бюджеттин аткарылышына аудит жасоо учурунда ушул эле министрликтин эсебинен Италиянын Турин шаарына барып келгени такталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Аныкталгандай, Эсеп палатасынын жооптуу кызматкерлери 2017-жылы аталган министрликтин 2016-жылга карата чыгаша-кирешелеринин документациясына иликтөө жүргүзүшкөн. Анын жүрүшүндө, 2017-жылдын 28-августунда Эсеп палатасынын башкы инспектору Саламаттык сактоо министрлигинин... Читать дальше...

Трамп: ИМ тобу басып алган жерлер толук бошотулганын жарыялайбыз

Azattyk.org 

Кошмо Штаттары кийинки аптада “Ислам мамлекети” террордук тобу көзөмөлдөп келген аймактар толук бошотулганын расмий жарыялайт. Бул тууралуу шаршемби күнү АКШ башында турган эл аралык коалиция өкүлдөрү менен жолугушкан учурда президент Дональд Трамп билдирди. Курамына 79 мамлекет кирген коалиция жети жылдан бери "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы аскерий операция жүргүзүп келет. Трамптын сөзүнө караганда, азыркы убакытта террорчулар бир кезде “халифат” деп жарыялаган чоң территориянын азганактай гана жерине көзөмөл кылууда. Читать дальше...

Абу-Даби: бийчилерди бириктирген фестиваль

Azattyk.org 

Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында эл аралык этно-маданий мурастар фестивалы өттү. Ага Азия, Африка жана Европа өлкөлөрүнүн өнөрпоздору катышты. Иш-чара Бириккен Араб Эмираттарынын негиздөөчүсү шейх Зайд ибн Султан Аль-Нахайянанын урматына уюшулган. Маданий иш-чара 60 күнгө созулуп, мында ар улуттун каада-салты, улуттук тамак-аштары, көл өнөрчүлүгү жана улуттук ыр-күү, бийлери көрсөтүлдү. Бирок бул фестивалга Кыргызстан катышкан жок.

Стамбулда көп кабаттуу үй кулап, үч киши каза тапты

Azattyk.org 

Шаршембиде Стамбул шаарынын Азия бөлүгүндөгү Каратал районунда көп кабаттуу үй кулап, кырсыктан кеминде үч киши каза тапты. Түрк бийлигинин маалымдашынча, дагы ондон ашуун адам ооруканага жеткирилген. - Жараат алган 12 киши шаардын ар кайсы ооруканаларында, анын ичинде Каратал илимий даярдоо борборунда дарыланып жатат. Тогуз адамдын абалы жакшы. Үч киши оор абалда жатат. Дагы үч киши каза тапты, - деди кырсык болгон жерге келген Стамбулдун губернатору Али Ерликая.  Түркиянын Өзгөчө кырдаалды... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Поцарапанному пандой Катюшей киперу подарили футболку с извинениями


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Потапова проиграла Остапенко во втором круге турнира WTA 1000


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Чем грозит парковка на газоне





Путин в России и мире
Москва

Си отказал Макрону в просьбе, связанной с Путиным. В Москву прибыл лидер Кубы


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко: великая Победа является главным моментом становления белорусской нации




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Бато Багдаев

Рады познакомить вас с артистами цирка Бурятии: Саян Дондоков - Театр и дети, Культура и Россия



Москва

Студент рассказал о спасении людей из тонущего автобуса в Петербурге

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net