Ташкент менен Брюссель кызматташтыкты кеңейтүүнү сүйлөшүп жатат
4-февралда Ташкентте Өзбекстан менен Евробиримдиктин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы башталды. Документ соода-сатыкка, инвестицияга жана аймактык коопсуздукка артыкчылык берет. Документке Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин үстүбүздөгү жылы белгиленген Брюсселдеги сапары маалында кол коюлат деп күтүлүп жатат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун өзбек редакциясы билдирди. Былтыр 23-ноябрда Ташкент менен Брюссель келишимди сүйлөшө баштаганы маалым болгон. Читать дальше...