Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2019

Новости за 26.02.2019

Трамп Ким Чен Ын менен жолугушуу үчүн Вьетнамга барды

Azattyk.org 

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен кездешүү үчүн Вьетнамга барган АКШ президенти Дональд Трампты 26-февралда Ханойдун Нойбай аэропортунан расмий өкүлдөр тосуп алышты.   Андан кийин президенттик кортеж мейманканага кетти. Трамптын кайсы жерге токтогону айтылган жок. Эки лидердин жолугушуусунун алдында Вьетнамда коопсуздук чаралары күчөтүлдү.   Вашингтондон Ханойго жол тартаардын алдында Трамп "Твиттерге" өзөктүк куралдан баш тарткандан кийин Түндүк Корея экономикалык өнүгүүнүн генератору болот деп жазды. Читать дальше...

Иран: Зарифтин отставкасы кабыл алындыбы же жокпу белгисиз

Azattyk.org 

Ирандын президенти Хасан Роухани тышкы иштер министри Мухаммед Жавад Зарифтин кызматтан кетүү тууралуу арызын кабыл алдыбы же жокпу белгисиз.  Маалымат каражаттары Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлүнө таянуу менен Зарифтин отставкасы четке кагылганын жазып чыгышкан. Бирок Роуханинин чечими расмий жарыялана элек.   Жавад Зариф кызматтан кете турганын 25-февралда "Инстаграмдагы" баракчасына жазган. Анын чечиминин себеби айтылган эмес.  "Азаттыктын" иран кызматы буга чейин Роухани Зарифке... Читать дальше...

Анжиян: ооруканада газ жарылып, беш окуучу оор жаракат алды

Azattyk.org 

Өзбекстандын Анжиян шаарындагы борбордук поликлиникада 26-февралда эртең менен газ жарылып, беш окуучу оор жаракат алды. "Азаттыктын" өзбек кызматы күбөлөргө таянып билдиргендей, жарылуу окуучулар рентгенге түшүп жаткан учурда болгон. Газ имараттын от жаккан бөлмөсүндө жарылганы айтылууда. Аты-жөнүн ачык айткысы келбеген күбө от жаккан бөлмө имараттын артында жайгашканын, ал жакта рентген да орун алганын, шаардагы №4 мектептин окуучулары өпкөсүн текшертип жаткан учурда катуу жарылуу болгонун айтып берген. Читать дальше...



Мушкер кызга суу жуткурган Кумар Жалиев... Кикбоксчуларды беттешинен 14 сүрөт

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Профессионалдар арасындагы кикбокс боюнча турнирде кыргызстандык спортчулар Казакстан, Өзбекстан, Россия жана Белоруссиядан келген мушкерлер менен рингде жолукту.

Орусияда чыккынчылык боюнча айыпталган эки кишиге сот чечими чыкты

Azattyk.org 

Москванын аскердик соту Федералдык коопсуздук кызматынын Маалымат коопсуздугу борборунун жетекчисинин мурдагы орун басары  Сергей Михайловду 22 жылга эркинен ажыратты. Ал эми ИИМде иштеп кеткен "Касперский лабораториясынын" мурдагы менежери Руслан Стоянов он төрт жылга абакка кесилди. Экөө тең жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөй турган болду. Соттолгондор "мамлекетке чыккынчылык кылган" деп айыпталган.   Михайлов полковник чини менен биринчи даражадагы орденинен ажыратылды. Бул тууралуу... Читать дальше...

Ооганстанда калып кеткен советтик жоокер

Azattyk.org 

Молдовада парламенттик шайлоо кайра өтүшү ыктымал. Ооганстанда калган советтик аскерлердин арманы жана акталбаган үмүтү. Грузин парламенти криминалга каршы мыйзамдарды дагы күчөтүү тууралуу долбоорду талкуулап жатат.

Тимошенко президентке импичмент жарыялоого чакырды

Azattyk.org 

Украинадагы "Батькивщина" партиясынын лидери Юлия Тимошенко башка фракциялар менен бирге президент Петро Порошенкого импичмент жарыялоо жараянын баштай турганын билдирди.  Тимошенко бул тууралуу өлкөнүн жогорку даражалуу аткаминерлеринин армиядагы махинацияларга катышы тууралуу журналисттик иликтөө чыккандан кийин, 26-февралда Жогорку Радада айтты. Ал армиядагы уурулукту мамлекеттик чыккынчылыкка теңеп, президент бул "пирамиданын" башында турганын белгиледи.   Украинада президентке импичмент Баш мыйзамдын 111-беренесине ылайык... Читать дальше...

Тажикстан: террорчулар чек арага жакын топтолууда

Azattyk.org 

Индия коңшу Пакистандын аймагына абадан сокку урду. Сауд Арабиясында аргымактар фестивалы өткөрүлдү. Тажикстан чек арасына жакын, Ооганстандын түндүгүндө 17 миңдей террорчу топтолуп турганын билдирүүдө. Куба конституциясын өзгөрттү. Венесуэла армиясынан аскерлер качып жатат.



Абылгазиев бир катар акимдерди дайындады

Azattyk.org 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругуна ылайык, Өмүр Ногоев Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды. Өкмөт башчынын дагы бир буйругу менен Нурлан Шаршеналиев Чүй облусунун Кемин районунун, Данияр Арпачиев Ысык-Көл облусунун Тоң районунун акими болуп бекиди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Февралдын ортосунда өкмөттүк отурумдун жыйынтыгы менен бир катар мамлекеттик администрациялардын жетекчилерине сөгүш берилип, айрымдарын иштен алуу боюнча сунуш түшкөн. Читать дальше...

Кубада шайлоочулар Конституцияны өзгөртүүнү колдошту

Azattyk.org 

Кубада жекшембидеги референдумдун жыйынтыгы чыкты. Ага катышкандардын 71 пайызы Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдоду. Эми өлкөнүн 1976-жылдагы Баш мыйзамы алмашат.  Жаңы документке ылайык, мындан ары кубалыктардын жеке менчикке болгон укугу таанылат. Мындан тышкары, президенттик жана премьер-министрлик кызматтар пайда болот. Мамлекет башчысынын кызматы беш жылдык эки мөөнөт менен чектелди. Ошол эле учурда Кубада социалисттик түзүлүш калды. Ага ылайык, Коммунисттик партия негизги саясий күч бойдон калат... Читать дальше...

Москвадагы көкбөрү

Azattyk.org 

24-февралда Москва ипподромунда кыргызстандыктар улак тартышты. Ат жалында ойногон азаматтардын өнөрүн көрүүгө 3,5 миңден ашуун эл топтолду. Көкбөрүнү Москвада Нурбек Курбаналиев уюштурган.

Абдыгуловду ссуда төлөткөн сын

Azattyk.org 

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов жумушунан берилген беш жарым миллион сомдук турак жай ссудасын толугу менен төлөп бермей болду.

Иран: Зариф кызматтан кетмей болду

Azattyk.org 

Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф кызматынан кетерин жарыялады. Анын отставкасы Тегеран менен Батыш өлкөлөрү түзгөн атомдук программа боюнча келишимдин тагдырын ого бетер арсар абалга кептеши ыктымал.

Индия Пакистандагы жоочуларга сокку урду

Azattyk.org 

Индия Пакистандын аймагындагы «террорчулардын лагерине» абадан сокку урганын жарыялады. Буга 14-февралда Кашмирдеги 40тан ашык адамдын өмүрүн алган жанкечтинин жардыруусу түрткү болду. Пакистан Индия абадан шашылыш чабуул койгонун, андан эч ким жабыркабаганын билдирди.

Атамбаевдин соту: судья өтүнүчтү четке какты

Azattyk.org 

26-февралда Бишкектин Октябрь райондук соту саясатчылар Азимбек Бекназаровдун, Ахматбек Келдибековдун жана Кеңешбек Дүйшөбаевдин экс-президент Алмазбек Атамбаевге жана «Апрель» телеканалына каршы доо арызын кароону улантты. Бүгүн тараптар жарыш сөзгө чыгышмак. Бирок «Апрель» телеканалынын адвокаттары «ар-намыска шек келтирген» деген сөзгө лингвистикалык экспертиза жүргүзүүнү соттон өтүнүштү. Доогер тарап ага каршы чыкты. Бир нече убакытка кеңешүү бөлмөсүнө кеткен сот бул өтүнүчтү четке какты.

Казакстандын жаңы өкмөтү ишке кирди

Azattyk.org 

Казакстандын жаңы премьер-министри болуп Аскар Мамин дайындалды. Ошондой эле өкмөттүн жарымы алмашып, айрым министрликтердин аталышы өзгөрдү.

Түркияда кыргызстандык мигранттардын маселелери каралды

Azattyk.org 

26-февралда Түркиянын баш калаасы Анкара шаарында Кыргызстандын Миграция боюнча мамлекеттик кызматынын жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү менен Түркиянын Үй-бүлө, эмгек жана социалдык кызматтар министрлигине караштуу Эл аралык эмгек дирекциясынын жетекчилери жолукту. Жолугушууда эки өлкөнүн жарандарына тиешелүү миграция саясатынын, эмгек визаларынын жана киши сатуунун маселелери каралды. Кыргызстандык делегация бул сапарда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен Түркияда жашап жаткан эмгек мигранттарынын... Читать дальше...


Музыкальные новости
Борис Гребенщиков

Борис Гребенщиков сообщил, что не знает, кто такой Богомолов





Персональные новости
Николай Патрушев

Патрушев заявил, что нелегальная миграция связана с угрозами терроризма





Индия Пакистандагы террордук уюмдун лагерине сокку урду

Azattyk.org 

Индиянын Аскер-аба күчтөрү Пакистанда жайгашкан «Жаиш-е-Мухаммад» террордук уюмунун лагерине сокку урду.  Индиянын Аскер-аба күчтөрүнүн 12 учагы лагерге миң килограммдык бомбаларды таштап, аларды толук жок кылганын «Times of India» басылмасы кабарлады. Индиянын тышкы иштер министри Вижай Гохале шейшембиде Нью-Делидеги басма сөз жыйынында «Жаиш-е-Мухаммад» террордук тобунун  машыгуучу лагерине чабуул коюлганын ырастап, ал жер Балакотто, талаштуу Кашмир аймагындагы көзөмөл линиясынан 80 чакырым алыстыкта жайгашканын айтты... Читать дальше...

Аламүдүндө табылган өлүктүн чоо-жайы териштирилүүдө

Azattyk.org 

25-февраль күнү Аламүдүн районунун Теплые ключи айылынан автоунаанын ичинен башына ок тийип каза болгон кишинин сөөгү табылган. Иликтөөнүн натыйжасында ал 23 жаштагы врач-ординатор Атаныук Шерматов болуп чыккан. Маркумдун туугандары ал киши колдуу болуп каза тапты деп эсептеп жатышат. Эжеси Назгүл бул тууралуу мындай деди:  - Бизге «өзүн өлтүргөн» деп айтып атышат. Бирок ал өз өмүрүнө кол сала турган адам эмес болчу. Бир үйдүн жалгыз уулу, Бишкектеги Кыргыз-Орус (Славян) университетинде медицина факультетинде ординатурада окучу. Читать дальше...

Венесуэла армиясынан жоокерлер качып жатат

Azattyk.org 

Акыркы үч күндө коңшу Колумбиянын миграция кызматына 167 жоокер кайрылган. Бул көрүнүш жекшембиде Колумбия-Венесуэла чегиндеги кагылыштан кийин байкалган. Улуттук гвардиянын он жоокери Колумбиядан ары Бразилияга өткөн. - Биз бул коррупцияга малынган жана залим өкмөттү таштап кетүүнү чечтик. Биз киши өлтүргүч эмеспиз, биз эл тараптабыз, - деди Морено Пенароса аттуу аскер кызматкери. Латын Америкасындагы бул өлкөдө азыр кош бийлик өкүм сүрүп жатат. Армиянын жетекчилиги президент Николас Мадурону колдойт. Читать дальше...

Ош шаарында мэриянын колдоосу менен IT мектеп ачылат

Azattyk.org 

Мектепте чет өлкөлөрдөн тажрыйба алып келген жергиликтүү программисттер жыл сайын ондогон жаштарды керектүү жана көп маяналуу адистикке даярдашат. Мындай демилгени ПРООН, GIZ сыяктуу эл аралык уюмдардын колдоосунда шаар жетекчилиги да колго алды. Шаардык мэрия IT мектеп үчүн имарат бөлүп берди, азыр аны оңдоо иштери жүрүп жатат. Донордук уюмдар болсо техникалык, консультативдик жана тажрыйба алмашуу жагынан колдоо көрсөтүшмөкчү. Мектеп март айында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Чемпион СССР по футболу Аркадий Николаев умер в 87 лет в Москве


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Вторая ракетка Казахстана опустилась в чемпионской гонке WTA


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Москвичам назвали пять мест, где можно полюбоваться цветущей сакурой





Путин в России и мире
Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о формировании взаимовыгодного международного сотрудничества


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко заявил, что не собирается проводить в Белоруссии мобилизацию




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Захарова: встречи по продвижению "формулы Зеленского" дают Киеву чувство вседозволенности


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Игорь Бутман

Квинтет Игоря Бутмана и певица Фантине впервые выступят на джазовом фестивале в Бахрейне



Москва

Арбитр Казарцев в дерби ЦСКА – «Спартак» мог показать карточку не тому игроку

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net