Инспектор өзү текшерген министрликтин эсебинен чет өлкөгө чыгып келгени аныкталды
Эсеп палатасынын кызматкери Саламаттык сактоо министрлигинин бюджеттин аткарылышына аудит жасоо учурунда ушул эле министрликтин эсебинен Италиянын Турин шаарына барып келгени такталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Аныкталгандай, Эсеп палатасынын жооптуу кызматкерлери 2017-жылы аталган министрликтин 2016-жылга карата чыгаша-кирешелеринин документациясына иликтөө жүргүзүшкөн. Анын жүрүшүндө, 2017-жылдын 28-августунда Эсеп палатасынын башкы инспектору Саламаттык сактоо министрлигинин каражаты менен чет элдик сапарга чыкканы аныкталган.
Бул учурда аудит бүтө элек болгон жана атайын программада кайсы бир кызматкерди чет жакка жөнөтүү каралган эмес. Инспектордун сапарына республикалык бюжеттен бөлүнгөн 459 миң 829 сом жумшалган.
Жогоруда аталган кызматкерлердин аракеттери Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 4-бөлүгүнө (“жооптуу кызматты аркалап жаткан кызмат адамынын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусу”) белгилерине туура келгендиктен, факт боюнча тергөөнүн материалдары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Тергөө иштери УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди. (ErN)