Кармалып жаткан учак Стамбулга учуп кетти
Бишкек-Стамбул багытындагы учак үч жолу жылдырылып отуруп, акыры саат 19:40та "Манас" аэропортунан Стамбулду көздөй учуп кетти. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы маалымдады. "Pegasus" компаниясынын PC701 каттамы 7-февралда таңкы саат 7:05те учмак. Жүргүнчүлөр учакка отургузулгандан кийин учак бир көтөрүлүп, кайра жерге конгон. Каттамды аткаруучу Boeing 737-800 учагынан техникалык кемчилик аныкталып, жүргүнчүлөр түшүрүлгөн. Каттам саат 10:30га жылып, учак анда да учпай калган. Түркиянын "Pegasus" компаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү катары иштеген "Эйр Манас" компаниясынын башчысы Талгат Нурбаев "Азаттыкка" учак саат 11ге жакын оңдолуп бүтүп, учууга даярдалып жатканын билдирген. Бирок каттам түштөн кийин да аткарылган жок. Саат 18:30га белгиленген учуу 19:40та гана ишке ашты.
Жүргүнчүлөрдүн айрымдары билеттерин тапшырып, акчасын кайра алышты. Учуу күнүн жылдыргандарга мейманканадан орун берилди. Аэропортто отурган жүргүнчүлөр ысык тамак менен камсыз болушканын "Эйр Манас" компаниясы маалымдады.
Кыргызстанда учактардын техникалык мүчүлүштүктөн улам учпай калган, асманга көтөрүлүп, кайра конгон учурлар соңку жылдары көп катталууда. (ZKo)