Вандалдар Карл Маркстын жайын талкалашты
![Вандалдар Карл Маркстын жайын талкалашты](https://gdb.rferl.org/644B046D-F55F-4F98-A071-90E0EFF7BF20_w800_h450.jpg)
Лондон шаарынын түндүк тарабындагы көрүстөндөрдүн биринде коммунисттик түзүмдүн идеясынын негиздөөчүсү Карл Маркстын кабырын вандалдар талкалады.
Бул тууралуу 5-февралда "Хайгейт көрүстөнүнүн достору" коомдук фонду кабарлап, "атайын карөзгөй максатта жасалган жорук" деп сыпаттады.
Немис философу жана экономист Карл Маркстын сөөгү Хайгейт мүрзөсүнө 1883-жылы көмүлгөн. Ал жерге Маркстын чоң бюсту коюлуп, "Бүткүл дүйнөнүн пролетарлары биригүүдө", - деп жазылган.
Карл Маркстын кабыры Лондондо туристтер эң көп барган жайлардын бири. 2018-жылдын апрелинде анын эстелиги Германияда өзү төрөлгөн Трир шаарына да коюлган.
Совет учурунда Карл Маркс аябай даңкталган. КМШ мамлекеттериндеги дээрлик бардык шаарда анын аты берилген көчөлөр бар.