Бишкек-Ош жолу ачык
![Бишкек-Ош жолу ачык](https://gdb.rferl.org/431D3060-9292-4245-91AF-B3E0979D68AB_cx0_cy52_cw0_w800_h450.jpg)
Бишкек-Ош жолундагы ашууларда карды тазалоо иши уланууда, автоунаалардын кыймылына чектөө жок. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз катчысы Кылычбек Досумбетов "Азаттык" радиосуна билдирди:
- Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Бишкек-Талас-Тараз жолундагы Өтмөк ашуусу кардан тазаланып, штаттык режимде иштеп жатат. Жолдогу тайгалакка каршы атайын кум, шагылдар тиешелүү участокторго жеткирилген. Учурда жолду тейлөөчү ишканалардын техникалары иштеп жатат, - деди Досумбетов.
Министрлик алыс жолго чыккан айдоочуларга жанына чынжыр алып, кышкы күйүүчү май менен жүрүүнү эскертти, жолдо автоунаа кыймылынын аралыгын 500 метрден кемитпей сактоого чакырды.(ZKo)