Кыргызстанда жапайы жаныбарлар көбөйө баштады
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери Алай, Чоң-Алай жана Кемин районундагы тоолордо байырлаган жапайы жандыктарга байкоо салып, аларды каттоого алды.
Каттоо жергиликтүү тургундар жана «Илбирс», «Бек-Тосот», «Миң-Теке», «Шумкар-Тор» уюмдары менен чогуу жүргүзүлдү. Байкоо бир айдан ашуун убакыт бою камера аркылуу жүргүзүлгөн. Аталган агенттиктен "Азаттык" радиосуна кабарлашкандай, Чоң-Алайда жана Алайда тоо текелер көбөйгөнү байкалды, учурда алардын саны 400гө чамалуу. 2014-жылы бул аймактарда кырктай гана тоо теке болгон.
Чүйдүн Кемин районунда эликтин саны 200дөн ашуун, беш жыл мурда 33 элик гана калган.
Булардан тышкары аталган аймактарда Кызыл китепке киргизилген сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарлар: илбирс, күрөң аюу, марал, аркар, мадыл жана башка жаныбарлар да кездешти.
Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги тарабынан жапайы жаныбарларды сактоо максатында жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжасында, илбирс жана жапайы канаттуулардын саны көбөйгөн. 15 жыл мурда илбирстер жок болуп кетүү коркунучунун алдында турса, бүгүнкү күнү алар көбөйө баштаганы айтылат маалыматта.(ZKo)