Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2019

Карамушкина парламентте "Таблиги жамааттын" маселесин көтөрдү

0
Карамушкина парламентте

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина "Таблиги жамаат" диний кыймылын жайылтууга салым кошуп жатат деп, Ислам изилдөө институтун күнөөлөдү. 

Депутат мындай пикирин 7-февралдагы жыйында айтып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин буга көңүл бурууга чакырды. 

Карамушкинанын белгилешинче, Ислам изилдөө институту жүргүзгөн иликтөөлөрдүн биринде "Жаштар арасында "Таблиги жамаатка" ыктагандар көп" деген өңүттө тыянак чыгарылып, ал коомдук талкууга коюлган. 

- Алар "жаштардын көбү "Таблиги жамаат" кыймылын жактайт",- деп жазганы мени тынчсыздандырууда. Эмне болуп жатканын элестетип көрдүңөрбү? Муну ошол кыймылдын жаштар арасында популярдуулугун ашырууга аракет деп эсептейм. Мен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке кайрылып, Ислам таануу институтунун ишмердигин карап, алар жүргүзгөн изилдөөнүн чоо-жайын текшерүүнү суранам,- деди депутат. 

Ислам изилдөө институту жаштардын радикализмге азгырылышынын күңгөй-тескейине баа берген изилдөөсүн 2017-2018-жылдары жүргүзгөн. Ага катышкан адистердин билдиришинче, анда бир катар диний уюмдардын аталышы жазылып, жаштардын көбү "Таблиги жамаатты" жакшы билерин айтышкан.

Евробиримдик каржылаган изилдөөнүн жыйынтыгы коомдук талкууга коюлган эмес, бирок быйыл январдын аягында Интернетке чыгарылган.

“Таблиги жамаатты” ШКУ жана ЖККУ "экстремисттик уюм" деп тапкан. Казакстанда, Орусияда, Өзбекстанда, Кытайда жана Тажикстанда анын ишмердиги сот аркылуу токтотулган.

Бирок расмий Бишкек бул уюмга тыюу салууну колдобойт жана диний саясатын өз алдынча жүргүзүп келет. Кыргызстанда дааватчылар деген ат менен белгилүү "Таблиги жамаат" уюмунун тамыры Пакистан, Индия жана Бангладешке барып такалат.

Аны 1926-жылы Индияда Мухаммад Илияс аттуу адам негиздеген. Алар өздөрүн саясатка жана мамлекеттик башкаруу ишине аралашпаган, тынч, сабырдуу уюм катары айтышат. (SE)






Загрузка...


Губернаторы России
Москва

Москва-Пекин. Собянин в Китае подписал соглашение о сотрудничестве


Спорт в России и мире
Москва

В УФСИН России по Республике Дагестан прошли лично-командные соревнования по легкой атлетике


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Большой шлем

Рублёв и еще два российских теннисиста не сыграют на Олимпиаде в Париже


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Бизнес-омбудсмен Москвы оказывает поддержку НМСП





Путин в России и мире
Москва

СЕНСАЦИОННЫЙ ДОКЛАД ПРО ДЕЛО СКРИПАЛЕЙ, САФРОНОВА, ГОЛУНОВА.


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Александр Розенбаум

Александр Розенбаум проиграл суды коммунальщикам на 386 тысяч рублей



Москва

Суд Москвы отправил под домашний арест гендиректора «Кухни на районе» Лозина

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net