Нетаньяху: Ирандын өзөктүк материал сактаган кампасы бар
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Иранды өзөктүк заттарды сактаган купуя кампаларга ээлик кылат деп айыптады.
Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын сессиясында 27-сентябрда сүйлөп жатып Нетаньяху Ирандын аймагында тартылды деген аэрофотосүрөттү көрсөттү. Анда өкмөт башчынын айтымында, өзөктүк материалдар сакталган жашыруун кампа чагылдырылган.
Нетаньяхунун ырасташынча, бул Тегеран 2015-жылы дүйнөлүк державалар менен макулдашкан келишимге карабастан өзөктүк курал өндүрүүгө умтулуп жатат дегенди билдирет. Ал сүрөттө көрсөтүлгөн кампа Тюркузабад районунда жайгашканын жана ал жакта бир нече жүз килограмм радиоактивдик материал сакталарын кошумчалады.
Ирандын расмий өкүлдөрү Израил премьер-министринин айткандарын дароо четке кагышты. "Фарс" маалымат агенттигине берген комментарийинде Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Бахрам Кассеми Нетаньяхунун сөздөрүн "жалган жана маанисиз" деп атады.
Ал эми тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф өзүнүн "Твиттердеги" баракчасына башканы коюп, алды менен Израилдин өзөктүк программасына көңүл буруу зарыл экенин жазды.