Парламент Токон Мамытовду акыйкатчы кылып шайлады
Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстандын акыйкатчысы кызматына Токон (Токтокүчүк) Мамытовду шайлады. Аны КСДП фракциясы көрсөткөн.
Омбудсмен шайлоо 26-сентябрда өтүп, башында талапкерлер баяндама жасашты.
Жабык добуш берүүнүн жыйынтыгында Токон Мамытовду 79 депутат колдоду. Рита Карасартовага 9, Канатбек Азизге 19, Рыскул Бактыбаевге 6 добуш берилди.
Акыйкатчылык кызматка Токон Мамытовду КСДП фракциясы көрсөткөн. Рита Карасартова менен Рыскул Бактыбаевди "Бир Бол", Канатбек Азизди "Ата Мекен" фракциялары сунуштаган.
"Бир Бол" фракциясынан көрсөтүлгөн дагы бир талапкер - Маматурайым Момунов атаандаштарынын арасында "тажрыйбалуу кишилер бар экенин эске алып", ат салышуудан баш тартты.
Мурдагы акыйкатчы Кубат Оторбаев 26-июнда өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.
Мыйзам боюнча акыйкатчылыкка талапкерди Жогорку Кеңештеги фракциялар көрсөтөт жана жалпы жыйында депутаттар добуш берүү менен шайлашат. (SE\BkA)