Ысык-Көлдө террорчулукка каршы эл аралык машыгуу өтөт
“Ысык-Көл-Антитеррор-2018” антитеррористтик машыгуусуна КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын, куралдуу күчтөрүнүн жана террорго каршы борборлорунун кызматкерлери катышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча комитетинин маалымат катчысы Рахат Сулайманов билдирди.
Анын айтымында, иш-чарада Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жоочулар менен күрөшүүнүн ар тараптуу жолдорун үйрөнүшөт.
Машыгуу 25-сентябрда расмий башталып, эки күнгө созулат.
Бул машыгуулардын биринчи этабы ар бир өлкөнүн өзүндө өткөн. Кыргызстандагы машыгуу анын жыйынтыктоочу бөлүгү болуп саналат.
Буга чейин “ТАСС” агенттиги Ысык-Көлдө өтө турган машыгуу үчүн Орусиянын аскерлери Кыргызстанга “Искандер-М” ракеталык комплексин алып келгенин жазып чыккан. Ал ракеталар “Эдельвейс” полигонунда атыла турганы кабарланган. Бул өлкөдөн жалпы миңге жакын аскер машыгууга катышары айтылган.
Улуттук коопсуздук боюнча комитети “Искандер-М” ракетасы Кыргызстанга келгенин ырастаган жок. (ErN)