Бүгүн "Кыргызстанды кыдырабыз" деген балдардын китебинин бет ачары болот
Балдарга арналган "Кыргызстанды кыдырабыз" аттуу китептин бет ачары Касымалы Баялинов атындагы китепканада өтөт. Китеп Кыргызстандын жети дубаны жөнүндө жазылган.
Бул тууралуу "Роза Отунбаеванын демилгелери" фондунун кызматкери Нурзат Жээнбаева "Азаттыкка" билдирди.
- Бул китеп эки тилде басылып чыкты. Орус тилинде 2000 нуска менен, кыргыз тилинде миңден ашык нуска менен чыкты. Бир үй-бүлө Кыргызстанды бир жылдын ичинде кыдырып, аны аңгеме катары айтып берет. Анда ар бир дубандын көрүнүктүү кооз жана тарыхы зор жайлары сүрөттөлгөн.
Китепти 500 сомго китеп дүкөндөрүнөн же "Роза Отунбаеванын демилгелери" фонду аркылуу сатып алса болот. (KR)