Чемпион Төрөкан Багынбай уулун жакындары Ош шаарынан тосуп алды
Индонезияда өткөн Жайкы Азия оюндарында жиу-житсу боюнча алтын байгенин ээси болгон Төрөкан Багынбай уулун Ош Эл Аралык аэропортунан тосуп алышты. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, спортчунун ата-энеси, жакындары, шаар жаштары жана спорт сүйүүчүлөр спортчуну аскердик оркестрдин коштоосунда салтанаттуу тосуп алышты.
- Өлкөбүздүн, сүйүктүү шаарыбыздын намысын чет өлкөдө коргоо мен үчүн сыймык. Бизди ушундай мелдештерге жиберип, жетишкендиктерде колдогон, ата-энелерибизге, Ош шаарынын мэриясына, шаардык дене тарбия жана спорт комитетине, машыктыруучуларыбызга чоң рахмат, - деди чемпион.
Индонезияда өткөн Жайкы Азия оюндарында жиу-житсу боюнча балбан татамиде 69 килограмм салмакта күч сынашкан. Ал 1/16 кармашта ирандык, квалификациялык кармашта казакстандык, чейрек финалда түркмөнстандык, жарым финалда таиланддык спортчуларды уткан. Финалда Бириккен Араб эмирлигинен келген Алкирби Талибди 2:0 упай эсебинде жеңип, Азия оюндарынын чемпиону аталды.
Ош шаарынын мери Таалайбек Сарыбашов бүгүн спортчуларды кабыл алып, дүйнө чемпионатында коло байге алган Акжол Махмудовго 50 миң сом, Төрөкан Багынбай уулуна 100 миң сом сыйлык тапшырды. (MdN)