Баткендин 61 айылын таза суу менен камсыз кылуу долбоору башталды
Баткенде 61 айылды таза суу менен камсыз кылуу иши башталды. Өкмөттүн бул облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы «Азаттык» радиосуна билдиргендей, учурда облуста 89 айылда таза суу көйгөйү бар.
Облус башчысынын Ислам өнүктүрүү банкынын жана АРИС программасынын өкүлдөрү менен жолугушуусунда бул банк 61 айылды таза суу менен камсыздоо долбоорун баштаганы маалым болду.
Банк өкүлдөрү таза суу тартыла турган 61 айылдын кээ бирлерин кыдырып, практикалык жардам көрсөтүштү. Бул иштер жакын арада башталды, аяктоо мөөнөтү азырынча аныктала элек.
Баткен облусунда 189 айыл бар, анын 46сы Союз мезгилинде таза суу менен камсыз болгон. Өлкө эгемендик алгандан кийин 57 айыл таза суу менен камсыздалып, 89унда таза суу жок. (JsA)