Парижде Сенцовду колдоо максатында кезектешкен ачкачылык акциясы башталды
Парижде Орусиянын Франциядагы элчилигинин алдында активисттер украиналык режиссер Олег Сенцовду колдоо максатында кезектешкен ачкачылык акциясын жарыялашты. Аларга Франциянын таанымал саясатчылары, коомдук активисттери жана сүрөтчүлөрү да тилектештигин билдиришүүдө.
Орус дипломатиялык миссиясында тургандар ар бир 24 саатта бири-бирин алмаштырып, кезектешип ачкачылык кармаганы турушат. Башкача айтканда бир адам бир сутка бою оозуна наар албай, экинчи киши акцияны улантып кете берет.
Акцияга Франциянын мурдагы юстиция министри Кристиан Тобир да кошуларын кабарлады. Украин туткунун колдогону келгендердин арасында режиссерлор Лоран Канте жана Паскаль Феррандар да бар. Акциянын уюштуруучулары мындан башка канча киши катышаарын айтыша элек.
Аннексияланган Крымда теракт даярдаган деп орус соту тарабынан 20 жылга кесилген режиссер Олег Сенцов 126 күндөн бери ачкачылык кармап отурат. Күнөөсү жоктугун айтып келаткан режиссер 14-майда Орусиянын түрмөлөрүндө отурган бардык украиналык саясий туткундарды бошотуу талабы менен ачкачылык жарыялаган. Анын тагдыры эл аралык деңгээлдеги тынчсызданууга себеп болууда. Дарыгерлер анын саламаттыгы оор болуп калганын эскертишүүдө. (ErN)