Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2018

Ошто ишкерди тоногон киши Саляновдун өлүмүнө шектүү болуп чыкты

0
Ошто ишкерди тоногон киши Саляновдун өлүмүнө шектүү болуп чыкты

Ошто ишкерди карактоого шектүүлөрдүн бири парламенттин мурдагы депутаты, экс-башкы прокурор Аида Салянованын иниси Улан Саляновду өлтүрүүгө катышкан адамдардын бири болуп чыкты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин 12-сентябрдагы маалыматында белгиленген.

Аида Салянова "Азаттыкка" билдиргендей, бул адам Улан Саляновдун өлүмүнө чейин да кылмыштарга барганы белгилүү болгону менен кармалбай жүргөн: 

- Эки айдан ашык убакыт мурун бул адам Ошто карактоого катышкан экен. 30-августта Ошто кылмыш жасалыптыр. Булар эки адамды тоногон. Төртөө кармалган, бешинчисин издешкен эмес. Ошол бешинчи адам инимди өлтүргөн болуп чыгып атат. Ошто 30-августта кылмыш иши жасалган болсо, сентябрь-октябрь-ноябрь айлары издешкен эмес. Декабрда араң тергөөчүнүн токтому менен ал адамга издөө жарыяланып отурат. Ошол эле убакта сурак протколдорунда "эгерде мен ошол адамды өлтүрсөм, Оштогу иш боюнча калкалоого жардам беребиз деди" деп атат. Балким аны издебегендин бир себеби ошол болгондур. Анткени буга ошондо эле жардам берип атышкан да. Оштогу иш боюнча муну жоопко тартпай атышка, бул кенен-кесири жүргөн. Бирок дагы башка иш боюнча бул адам жатак-абакта экен. Жаза өтөп жаткан экен. Бир жагынан жатак-абакта жүрсө, экинчи жагынан Ошко барып кылмыш жасап келип атат. Кандай киши коркпой дагы кылмышка, адам өлтүрүүгө барат деп ойлобойсуңарбы?

"Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" телеберүүсү 12-сентябрда обого чыккан "Бандиттер байырлаган Ош" деп аталган иликтөөсүндө ишкерлерди карактаган спортчулардын чоо-жайы тууралуу сөз кылган. Анда Оштон башталган кылмыштын изи Аида Салянованын инисинин өлүмүнө алып барган. 

ИИМдин билдирүүсүндө, жогорудагы шектүүнүн ысымы Э.Осмонкулов. "Азаттыкка" белгилүү болгондой, ал Бишкектен Ошко барып, 2017-жылдын 30-августунда ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаковго таандык "Мухаммед Умар" спорт клубунун мүчөсү Нурсултан Ташкулов менен чогуу кыш заводдун кожоюну, ишкер Момун Маматеминов менен анын аялын тоноого аралашкан. Бул кылмышка шектүү эки киши бир ай ичинде кармалган. Бирок Осмонкулов кармалган эмес. Милиция жабырлануучуларга "ал издөөдө, кармала элек" деп маалымат берген.

Анткен менен Осмонкулов мыйзамда көрсөтүлгөндөй ай сайын укук коргоо органдарына барып, Кыргызстандын аймагында экенин билдирип турганы ачыкка чыкты. Ал Оштогу карактоо менен Саляновдун өлүмүнө чейин да башка кылмыш боюнча шарттуу жаза алган. 

42 жаштагы Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрда Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнө кирип, атып кетишкен. ​

ИИМ бул кылмышка үч киши шектелип жатканын кабарлаган. Алар - Э.Осмонкулов, Асанэмир Абыкулов жана Заур Насруллаев. Министрликтин маалыматына караганда, Э.Осмонкулов (1986-жылы туулган Бишкектин тургуну) 2017-жылдын 27-декабрында, Асанэмир Абыкулов 2018-жылдын январында Москвадан кармалышкан.

Мекеме үчүнчү шектүү Заур Насруллаев Орусиянын Екатеринбург шаарынан быйыл августта кармалганын, аны экстрадициялоо тууралуу орус тарапка өтүнүч жиберилгенин 12-сентябрда кабарлады.​ Мындан тышкары шектүүлөрдүн бири Асанэмир Абыкуловдун  Москвадагы сурак маалында берди деген көрсөтмөсү тартылган видеону да жарыялап,  ал күнөөсүн толугу менен моюнуна алганын билдирди. 

Улан Саляновдун өлүмү боюнча сот отуруму 20-сентябрда болот.  6-сентябрга белгиленген алгачкы жараян айыпталуучу тарап сотко келбей калганына байланыштуу өткөн жок.

Салянова инисинин өлүмү "саясий буюртма болушу мүмкүн" деп эсептейт. Милиция кылмышты карактоо катары мүнөздөп келе жатат.

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Э.Осмонкулов катышкан Оштогу кылмышта ишкердин 1 миллион 300 миң сому тонолгон. (NT)






Загрузка...


Губернаторы России
Москва

Сергей Собянин. Главное за день


Спорт в России и мире
Москва

В поселке Калининец состоялся этап Чемпионата и Первенства Москвы и МО по кроссу «Кубок Kramar Motorsport»


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Андрей Рублёв

Рублев: мне удалось направить эмоции в нужное русло


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире
Москва

Путин посетил пасхальную службу в храме Христа Спасителя в Москве


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Юрий Лоза

«И сам не полечу»: Лоза усомнился в том, что туристы от SpaceX отправятся в космос



Москва

Путин и патриарх Кирилл в храме Христа Спасителя обменялись подарками

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net