Футбол: Кыргызстан - Сирия беттешинде эки жолу жарык өчтү
Кыргызстан менен Сириянын футбол боюнча улуттук курама командаларынын жолдоштук беттеши учурунда стадиондогу жарык эки жолу өчтү. Эки команданын беттеши бүгүн, 10-сентябрда Бишкектеги Долон Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп жатат. Беттештин 2-таймы башталып, футболчулар оюн талаасына чыгары менен стадиондун төрт бурчундагы төрт чоң прожектор өчүп калды. Арадан беш мүнөт өткөн соң прожекторлор күйүп, футболчулар оюнга чыккан. Бирок оюн уланары менен жарык кайра өчүп, беттеш убактылуу токтотулду. Беш мүнөткө созулган тыныгуудан кийин гана электр жарыгы берилип, оюн улантылды. Азырынча эсеп 0:0.
Аталган жолдоштук беттеш 2019-жылы 5-январдан 1-февралга чейин Бириккен Араб Эмирлигинде боло турган Азия кубогунун оюндарына даярдык катары өтүп жатат. (ECh)