Ооганстанда “Талибандын” эки провинциядагы чабуулунан 19 аскер өлдү
Расмий бийлик адамдарынын маалыматына караганда, 11 аскер Ооганстандын түндүк-батышында орун алган Багдис провинциясында болгон "Талибандын" чабуулунан мерт кеткен. 6-сентябрь күнү эртең менен болгон бул кармашта кеминде 13 согушкер да өлтүрүлгөн.
Ушул эле күнү жоочулар Тахар провинциясындагы өткөрмө бекетке кол салып, сегиз полиция кызматкерин өлтүрүп кеткен. Жергиликтүү бийликтин өкүлү Рохулла Рауфинин айтымында, дагы бир полиция кызматкери барымтага алынган.
Акыркы айда эле “Талибан” ооган коопсуздук күчтөрүнө жана кызмат адамдарына каршы бир канча чабуулдарды жасады. Ал ооган өкмөтү менен 17 жылдан бери согушуп келатат.
SIGAR (Ооганстанды кайра куруу боюнча атайын инспекторлук) уюмунун 31-июлда жарыяланган баяндамасына ылайык, ушул тапта Ооганстандын жалпы аймагынын 14 пайызын же 400дөн ашык райондун 56сын "Талибан" кыймылы көзөмөлдөп турат. Ооганстанда “Талибан” кыймылынан тышкары, “Ислам мамлекети” террордук уюму да утур-утур кол салуу уюштуруп келет.